ХИМЕНЕС Хуан Рамон: Көлөкөлөр кандай үлбүрөк (Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

Испан акыны, Нобель сыйлыгынын ээси Хуан Рамон Хименес Кожогелди Култегиндин котормосунда

* * *
Жашым ачуу кудум деңиздей,
Канча үшкүрттү жаздын чырайы.
Мен өзүңө азыр кезикпейм
Сен кезикпей жүргөн сыңары.

Көз жумамын, балким, солуктап,
Кайгы-муңдун ушул кылаары.
Мен ошентип такыр жолукпайм
Сен жолукпай калган сыңары.

* * *
Лимон түстүү, асман, ай түстүү
Букет-гүлү келген өзүнөн.
Андан бери канча кар түштү,
Азыр деле кетпейт көзүмөн.

Бул керемет коштоп жүр өзү
Буруксутуп жытын ах-кандай –
Кыздын ошол кымбат суроосу
Күтүп жообун дале жаткандай.

* * *
Ошол сөздү ошол күнү да
Ойкелди эле айтып күлгөмүн:
«Жактырамын жазда сүйүү да
Жалаң аппак кийип жүргөнүн…»

Өспүрүм кыз көзүн бардады,
Өзгөчөрөөк дирт деп эрини.
Каада менен туруп кайдагы,
Карады анан мени… мени бир…

Ошол жылдан баштап ийигип,
Май кечинде кызыл өрт берген –
Эмнегедир аппак кийинип,
Эшигинде турчу өтсөм мен.

БӨЛМӨ
Буйумдар бүт – момун болумуш!
Бура тартып сага тийишпейт.
Колдоруна барып колубуз,
Бирин-бири ишке кириш дейт.

Ойлонсоң да тоскоол болбостон,
Жалынгандай жал-жал карашат.
Башты иштетип бир аз койбостон,
Баары түшкө кирет, талашат.

Бизге жаккан – жагат аларга,
Бизди күтүп турат –  калтырсак.
Күлө багып келет саламга,
Бактылуу да, анан тартынчаак.

Турат окшоп ошол буюмдар
Тууганыңа, анан ойношко.
Дал жылдыздай кээде кубулган!
Талп жыгылат талып – кордошсо!

* * *
Бүгүн түндө кирди түшүмө
Кечеги түш кабыл келгени.
Жароокерлик кирип күчүнө,
Айосуздук колун сермеди.

Кечеги Күн баткан чактагы
Көлөкөлөр кандай үлбүрөк –
Нагыз дүйнөм менин баштагы
Мага келген тура күн жиреп.

Сырт дүйнөдөн келди сыпайы
Нагыз дүйнөм узак күн жүрүп.
Желип кошо үмүт жыпары,
Жеткенин айт мага үлгүрүп.

Нагыз дүйнөм билер баштанды
намыс-жолум катаал… ачылбай…
Күйүт менен кулап жатпайбы
Күндөрүм да менин жашымдай.

* * *
Аппак  булут,
булут апапак –
Өлүп калган кара канатпы? –
Баары учкандай ылдый тапа-так
Багыты жок кетип баратты.

* * *
Түндү көр да, түндүн жолун көр –
Түк айырма андан таппассың.
Жүрөгүңдөн мага орун бер,
Ошол жолго түшүп капташтым.

Жүрөгүңдөн мага орун бер –
Буркан-шаркан түшкөн толкунмун!
Дилин ачкан таңы тоонун мен!
Дилдиреги гүлдүн – бой сундум!

БАЛАЛЫК
Биз, экөөбүз гана калыппыз
Бирге бойдон биздин балкондо.
Мага зайып болдуң, арык кыз,
Маалкаттырбай келип жалпы ойго.

… Жаратылыш чындап жайына
Эми гана келген баштанды.
Көлөкө-түс каптайт жабыла
Көп түстөрдү, күздү, асманды…

Алпаратам сага эринди
Албай көздү жерден – төмөндөн.
Бетти тостуң – мейли дедиңби
Кутулчудай жүктөн өңөргөн.

… Жалбырактар жатат үйүлүп
Жан-жагында жолдун бактагы.
Жаны калбай баарын сүйүнүп
Жаштыкка окшош жыпар каптады.

— Айалымсың! – дедим өкүм мен,
Үндөбөдүң – жагып турабы?
Эмне, бирок, байоо көзүңдөн
Эки бирдей жашың кулады?

ТЕМИР КАНАТ КЕЗДЕ
Эртең менен кетем эрте деп
Айттым кечте ага кылчайып.
Түшүнүксүз түрдө энтелеп,
Түшүнүксүз турду ырсайып.

 — Эмнеге? – дейт мени карабай.
— Эмне болсун? Жооп жок… айасаң…
Жымжырттыкта мүрзөканадай
Өлүк сезип өзүм баратам.

— Эмнеге? – дейт кошо жүрөгүм,
Эсил жоопко тилим күрмөлбөйт.
Сөздүн бирин таппай жүдөдүм,
Сөгүнөйүн десем – үн келбейт.

— Кайсыл жакка? – деди тикчийип.
— Каалгыган тынч жерге ушундай,
Түнкү асманы бийик … бип-бийик,
Түмөн жылдыз жерге ушундай.

Көшүп барат көздө оттору
Көрө электей мынча тынч алып!
Түйүп кабак… кайра токтоду
Түшүнүксүз мага ырсайып…

* * *
Кайтып келбейм.
Толкун эргисин
Караңгынын алаканында.
Алдейлесин тынбай жерди түн
Жалгыз айдын асты жагында.

Көздөй үйдү таштап кетсем мен
Көлөкөмдү дагы калтырбай –
Жанымды издеп шамал кеч келген,
Чакырабы улам ал тургай.

Эстесе ким мени дагы-да –
Эх, кандайча сезип тынамын.
Кудай билет,  мындан арыда
Эстей алчу адам чыгарын.

Чыгат бирок гүлдөр, карап тур,
Чыгат күлкү, азап, жылдыз, бак!
Көлөкөсүн тандап дарактын,
Жолуккандар чыгат ыргыштап.

Пианино тигил, бар го, эски,
Үн чыгарат дечи ой-бойлой.
Анда бирок кара айнекти
Ачпаймын мен, ачканды ойлонбойм…

* * *
Күйүтүң күч – мени карасаң
Гүл ачканда минтип бак тегиз.
Күйүтүң күч – мени карасаң,
Күнөө сымал ага бап келиш.

Ыйлап жатып – бийик ой менен
Ыраа көрдүң мага миң тартуу.
Карындаштык жумшак кол менен
Арчыйсыңбы терим бир тамчы?

Көздөрүңдү көрсөм кайгылуу –
Көрүп турам көптөр кастыгын.
Көздөрүңдү көрсөм кайгылуу –
Көрүп турам дилиң актыгын.

Сурайсың сен: «Болгон сага эмне?» –
Сууруп алам көзүм сен жактан.
Сурайсың сен: «Болгон сага эмне?» –
Сунам көздү көккө жер жактан.

Кайра берген жооптой –  жылмайдым,
Калтырадың таппай атыңды.
Кайра берген жооптой –  жылмайдым,
Кана, аарчый бер эми жашымды…

* * *
Шаңгыракты чапты күзөтчү –
Шаар келгендей добуш тарады!
Ууруну кууп добуш жүдөттү,
Үңүп  кирди токой-талааны.

Ээлеп анан энөө жалгыздык,
Эч бир жан жок кайра жайыкта.
Карайт эми кимдер жан мыкчып –
Кара өлүк тоо күңүрт алыста.

Ээн аңызда – тээ бир булуңда
Эрбелеңдейт кокуй ким жалгыз –
августтагы айдын нурунда
аласалган өңдүү бир дарбыз.

* * *
Шагыл-күлдөй баштан күрөп же
Салсам чырды – жанга жыргалбы?
Умсунуп тур чындык жүрөктө
Убак-саатын күтүп ыңгайлуу.

Ысык жаш таамп ушул мүнөттө,
Кыроо баскан айнек онтойбу?
Умсунуп тур чындык жүрөктө
Убак-саатын күтүп оңтойлуу.

Кара кийген күндүн түрү өзгө
Муздак ылай жапкан баштанып.
Умсунуп тур чындык жүрөктө
Убак-саатын күтүп – таптанып.

* * *
Мен эмесмин эч бир, эч бир – мен,
Келдим сага, келдим эч кандай…
Көргөн өңдүү сени бетиңден –
Көрбөй турам мени бет маңдай.

Мен эмесмин такыр – мен деги,
Мени көрбөй минтип курусам –
Айырмалайм сенден эмнени,
А кээ бирде мени унутам.

Кечиргенге – кайра өчөшөт,
Кеби жокко – кечке бажылдайт.
Жок адамга – килем төшөтөт,
Ачылганга – дайым ачылбайт.

Мен эмесмин такыр – мына мен.

* * *
Абалтадан карайт таңдана,
Асманда тур арбын дөңгөлөк.
Арасынан бизге Ай гана
Тартып түндү келген өңдөнөт.

Ошол  Айга – жездей… тегерек…
Озондошуп тигил адырда
Улуйт иттер неге, не керек,
Улам созуп башты азыр да.

Асман – чексиз, сыйкыр араба,
Апкелатат көрөөр түштөрдү…
Арабакеч жайын жадабай
Сан миң жылдыз сайрап күчтөндү.

* * *
Ночью ветер сбросил на землю
статую Амура…

П. Верлен

Күзгү шамал кечте шаң аккан
Күбүп салды баарын! Тамат жаш!
Ушул түнү зарлап дарактар,
Ушул түнү эми таң атпас.

Айдын түсү мынча керсары –
Асылып тур кара бутакка.
Кабар алып, карап келчи аны –
Кандай жаман түшүү тузакка?!

Дарактарга айттым шыбырап:
— Жалбырактар үчүн эзилбе?
Жазды күткүн – сансыз жыйылат
Жалпы шакка батпай кезинде.

Үн жок. Кайгы тарткан кейипте
Үшкүрүнөт ичтен күбүрөп.
— Жалбырак деп жанды кейитпе,
Жаңылары дагы күбүлөт…