ЧААДАЕВ Пётр: Учкул ойлор менен үзүндүлөрдөн (которгон Алым ТОКТОМУШЕВ)

* * *

Мен Ата Мекенди алдагандан көрө анын айыбын ачканды, ачуусун келтиргенди, кемсинткенди жактырам.

* * *

Кулчулук намысын ойготпогон калк — кудай урган калк. Алар кул болуш үчүн гана жаралган.

* * *

Граф де Местрдин айтканы бар: «Апырта ойлонуу чынчыл адамдын акыйкаты, б.а.,ишенимге эгедер адамдар ансыз жашай албайт.

 

* * *

Сөз дагы сөздү баалаган чөйрөгө өтөт.

* * *

Карандай калпка сугарылган акылдан чыңырган чындык да калп болуп чыгат.

* * *  

Дени сактык жугуштуу эмес, оору жугуштуу; ошол эле сөздү чындык менен адашууга айтсак болот.

Адашуу ошон үчүн бачым тарайт, чындык ошон үчүн өтө жай жетет.

* * *

Дин – кудай таануу, илим – аалам таануу деген кеп.

* * *

Сүйгөнүңдү сүйүүдөн ашкан оңой нерсе жок, бирок сүйбөгөнүңдү анча-мынча болсо да сүйүп коюу парз.

* * *

Кудайга шүгүр, мен ыр менен да, карасөз менен да Атамекенди туура жолдон адаштырган жокмун.

* * *

Кудайга шүгүр, коомдук пикирди адаштырган бир дагы сөз айталекмин.

* * *

Кудайга шүгүр, АтаМекенди өз кызыкчылыгым үчүн эмес, ар дайым анын кызыкчылыгы үчүн сүйүп келдим.

* * *

Кудайга шүгүр, Атамекенди даңктоо үчүн асман айдан система издеп, теория ойлоп чыгарбадым.

* * *

Сен досторуңа сыяктуу эле Атамекенге да чындыктан карызсың.

* * *

Социализм өзүнүн тууралыгы менен жеңбейт, анын душмандарынын туура эместиги менен жеңет.

Жиндинин актануусунан

… Атамекенди сүйүү – ажайган керемет парз, чындыкты сүйүү – андан да керемет парз. Атамекенди сүйүү – баатырларды жаратат, чындыкты сүйүү – акылмандарды, адамзат камкорчусун төрөйт.

* * *

… Кудайга жеткирчү жол Атамекен эмес, Чындык аркылуу өтөт. Ырас, биз, орустар, чындык кайсы, жалган кайсы деп акыл айланткандан эринген калкпыз, андыктан анча-мынча арына тийгенден кокуйлаган коомчулукка таарынбаш керек.

* * *

… жеке адам инстинктине караганда масса инстинкти ээ-жаа бербеген тажаал, тар, өзүмчүл келет, андыктан калың калктан кашайган чындык жаралат деген бекер кеп; чындык топураган топтон чыкпайт; ал сан менен өлчөнбөйт; ал бардык күч-кубаты, чырайы менен жапжалгыз акыл аркылуу адамзат аң-сезимине жетет…

* * *

… биздин мезгилде начар жазуучулар, адис эмес антикварийлер, чыкпай калган акындар немистин билими, таанымал тарыхчынын калемине ээ болбой туруп, эч кимдин эсинде жок, эч кимдин жүрөгүн жылытпаган мезгил менен нравалардын сүрөтүн эрдемсип тирилткиси келет: улут тарыхы боюнча бардык эмгектерибиздин эсеси ушул.

* * *

… Мен Атамекенимди таңылган көз, ийилген баш, жабылган ооз менен сүйүп көнгөн эмесмин. Адам өз Атамекенине аны айкын көрүү менен гана адал кызмат өтөйт деп ойлойм; сокур сүйүү мезгили өттү, Атамекенге чындык менен кызмат кылуу мезгили жетти…

* * *

… Азырынча бизде патриоттук сокур сезим гана бар экендигин моюнга алуу парз. Биз эски улуттардын акыл эмгеги, илим-билими, чымырканган ой жүгүртүүсү менен жетип, тажрыйбасы менен тааныган аң-сезимдүү патриотизминен алда кайда алыспыз: биз Атамекенди акыл-эсине күч келтирбеген жаш калктардын манерасында сүйөбүз… 

Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ