ЧЕХОВ Антон: Кубаныч (которгон Догдурбек ЮСУПОВ)

АҢГЕМЕ

Түнкү саат он эки болуп калган. Толкунданган, кубанган Митя Кулдаров ата-энесинин үйүнө жүгүрүп кирип, бардык бөлмөлөрдү кыдырып, ары-бери баса баштады. Ата-энеси жатып алган эле. Карындашы төшөккө жатып алып, кайсы бир романдын акыркы барагын окуп жаткан. Гимназист бир туугандары уктап калышкан.

– Сен кайдан? – ата-энеси таң калышты. – Эмне болду?

– Ох, силер сурабай эле койгула! Мен муну күткөн эмесмин! Жок, таптакыр күткөн эмесмин. Буга… буга кантип ишенериңди да билбейсиң. Митя борс-борс күлүп, отургучка отура кетти.

– Бул шумдук! Оюңарга да кирбеген нерсе! Карап көргүлөчү! Карындашы төшөгүнөн ыргып турду да, жуурканды жамынган бойдон агасына жакын келди. Гимназисттер ойгонуп кетишти.

– Сага эмне болду? Өң-алеттен кетипсиң.

– Бул кубангандыктан, энекебай! Эми мени бүткүл Орусия билет! Бүткүл! Мурда бул жарык дүйнөдө колледждик регистратор Дмитрий Кулдаровдун бар экенин силер гана билчүсүңөр, азыр болсо бүткүл Орусия билет. Энекебай! О, Кудай ай! Митя ордунан туруп, ары-бери басты да кайра отурду.

– Деги эмне болду? Тезирээк айтчы.

– Силер жапайы айбандардай жашайсыңар, гезит дегенди окубайсыңар, маалымдуулукка такыр көңүл бурбайсыңар, ал эми гезиттерге шумдуктуулар чыгып жатат. Азыр бир нерсе болсо бардыгына маалым болот, эч нерсени жашыра албайсың! Мен кандай бактылуумун! О, кудай ай! Мурда гезитке атак-даңктуу адамдар тууралуу гана жазышчу эле, эми болсо мен тууралуу жазышыптыр.

– Койчу? Канакей? Атасы кумсара түштү. Энеси болсо чокунуп жиберди. Гимназисттер ордуларынан атып турушуп, ич кийимчен эле агасынын жанына келишти.

– Ооба-а! Мен жөнүндө жазышыптыр! Эми мен тууралуу бүткүл Орусия билет! Сиз, энекебай, гезиттин бул санын эстеликке катып коюңуз. Кээде окуп турабыз. Карасаңар! Митя чөнтөгүнөн гезитти алып чыкты да атасына берди. Көк карандаш менен чийилген жерин сөөмөйү менен көргөзүп койду.

– Окугула! Атасы көз айнегин тагынды.

– Окугула дейм! Энеси кайрадан чокунуп койду. Атасы жөтөлүп койду да окуй баштады:

– «Жыйырма тогузунчу декабрда кечки саат он бирде колледждик регистратор Дмитрий Кулдаров…

– Көрдүңөрбү, көрдүңөрбү? Андан ары! – …колледждик регистратор Дмитрий Кулдаров Кичи Бронныйдагы Козихиндин үйүнөн мас абалында эшикке чыгып баратып…»

– Бул мен, Семен Петрович менен… Майда-чүйдөсүнө чейин жазылыптыр! Уланта бер! Андан ары! Уккула!

– …мас абалында эшикке чыгып баратып, күп деп жыгылды да, Юхнов уездиндеги Дурыкина айылынан арабакеч Иван Дроновдун атынын астында калды. Чочуп кеткен ат москвалык купец Степан Луков отурган чананы сүйрөгөн бойдон Кулдаровдун үстүнөн секирип өтүп, ала качып жөнөдү эле, аны короо шыпыруучулар кармап алышты. Эсин жоготуп койгон Кулдаровду адегенде полиция участогуна алып барышып, дарыгерге көрсөтүштү. Чананын ок жыгачы анын кежигесине тийип, алган жараты…

– Мына бул кежигеме… Андан ары! Сен андан ары оку!

– …алган жараты жеңил болуп чыкты. Болгон окуя тууралуу протокол түзүлдү. Жарат алганга медициналык жардам көрсөтүлдү…»

– Желкеңди муздак суу менен жуугун дешти. Окудуңарбы? И-и? Мына ушундай! Эми бүткүл Орусияга тарады. Бери бергиле! Митя гезитти алып, төрт бүктөдү да, чөнтөгүнө салды.

– Макаровдордукуна жөнөдүм, аларга көрсөтөм… Иваницкийлерге да көрсөтүш керек, Наталья Ивановнага, Анисим Васильевичке… Жөнөдүм! Кош болгула! Митя шапкесин башына баса кийди да өзүнчө эле кубанып, эшикке чыгып кетти.

Которгон Доктурбек ЮСУПОВ