АКИМАЛИЕВ Алик: АКЫНСЫЗ КООМДУН ӨЗӨГҮН КУРТ ЖЕЙТ

Алик АКИМАЛИЕВ

(1957-2011), акын

Адамды эч бир жаман дебегиле! Адамды көрүп турган көзүң жаман, ойлоп турган оюң жаман, адамды жаман деген тилиң жаман!

* * *

Акын аба ырайына эмес, заман ырайына карап тирлигин кылган дыйкан.

* * *

Акын алма бак сыңары “мен – алмамын, келгиле, жегиле” дебейт, каалаган киши үзүп жейт. Арийне, отун же устундан башкага жарабаган мырза теректер бар, көк тиреп менменсинип турушат.

 

* * *

Акынсыз коомдун өзөгүн курт жейт.

* * *

Акын чекеге чыккан чыйкандай.

* * *

Дүйнөгө баткан поэзия гезиттин алакандай жерине батпаган заманда жашап жүрөм!

* * *

Өнөр куш сыяктуу.

* * *

Талант – бул кудайдын жазасы менен сыноосу.

* * *

Жүз грамм арак миллион генийдин түбүнө жетет.

* * *

Акынды ый бузбайт, сый бузат.