АСЕК уулу Эрнис: ЭРНИС АСЕК УУЛУ: ЖОЛБҮГҮНДӨ КАРААНЫ КӨРҮНБӨЙ… (УСТАТТЫ ЭСКЕРҮҮ)

Майдын башында Алыке чалып калды: «Кандайсың, балам? (соңку учурда мени «балам» деп чакырып калды эле…) Гезитиңди окуп жатам. Жаман эмес. Мелистин авантюристтиги гана жетишпей турат. Бирок сен өзүң ушундай гезит каалачу эмес белең. Ушунуңан жазба» деди. Акыркы жолу кышында жолуктук элек. Сыртта суук. Көкдүкөнгө кирдик. «Эрнис, эсиңдеби, Мелиске: «Мени гезитчи кылып салдың, үй алып бердиң, эми Байтиктен жай таап бер, өзүң ээсине тапшыр» деп калчу эмес белем. Мелис да кебелбей: «Ой, сизди көмалбай эмне болуптурмун, ага баш оорутпаңыз, андан көрө маңдайыбызда жүрө туруңуз» деп калчу эмес беле. Эми өзү кетип, мен калдым. Мен деле узак баралбайм го, денсоолук болбой жүрөт, силерге өмүр берсин» деп колундагыны тартып жиберди.

Алыкенин көздөрү кайгылуу эле. Азыр ошол элеси көз алдыма тартылат. Алыке экөөбүз оголе көп сүйлөштүк. Көкүрөгүндө чоң кайгысы бар киши эле. Бирок анысын айтчу эмес. «Сен билесиң, балам» деп гана койчу. Алыкенин адамдыгын, жазганын, мүнөзүн, деңгээлин, Салижан акенин таамай сөздөрүн, Жоробек акындын жоруктарын айтып, каткырып күлүп санын чапканын, поэзия жөнүндө туруп-туруп эле ачылып сүйлөп киргенин, саясатчыларды айтып баш чайкаганын, «мен кудайга ишенбейм да» деп мулуюп күлүп койгонун бир айтасыңбы, эки айтасыңбы…

Алайдан Кубат аке айтып калды: «Алым мыкты жигит. «Асабачылардан» ушул Алымды жакшы көрөм. Бирок мага өтө адашып жүргөн адамдай сезилет. Жазганы жагат. Баладай багып жазат турбайбы. Бул эмнеден кабар берет? Жоопкерчилик ушундай да. Бу жашоонун өзү жоопкерчилик да. Алымдан ушул жоопкерчиликти үйрөн, толстяк!» деди эле. Кийин Кубат акенин сөздөрүн Алым байкеге айтсам, күлүп: «Кыраакы киши да» деп тим болгон.

Алыкенин өтүп кеткенин Атбашынын Арпасынан түшкөндө уктум. Топурак салалбадым. Мелис байкемди өтө-өтө жакшы көргөнүн эстедим. Баягы Мелис Эшимканов фондусунун 100 миң сомдук байгесин алганда да: «Мелис тирүү

кезинде эле мага канча берди, эми өлгөндө да берип жатат» деп көзүнө жаш алганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Шербет эже каза болгондо да: «Шербет Мелисти өзгөчө жакшы көрчү да» деп койду эле.

Алыке, Алыке… Сөз дыйканы, сөз паашасы эле. Сөз алдындагы жоопкерчилигиңиз жадымда. Бир жолу чалып, «Жолбүгүн жазып бербейсизби?» десем, «Карыбадыкпы, Эрнис. Мен гезитиңди эле окуп, моралдык колдоо көрсөтүп турайын. Аскерге сөз берип коюп, «Агымга» араң жазымыш болуп жатам» деди. Жолбүгүн… Азыр Жолбүгүндө Алыкенин карааны көрүнбөйт. Өзү жазгандай «жүрүп бараткандай» түр көрсөткөндөр гана… Эх, Алыке, Алыке!