АТАКАНОВА Айжан: ДИЛАЗЫК: КАГАЗ БАРАК ЖАНА КАРА ЧЕКИТ

ПРИТЧА

Мугалим окуучуларын чакырды да ак кагазды көрсөтүп:

— Бул жерден эмнени көрүп турасыңар? — деди.

— Чекитти-деди бирөөсү.

Окуучулардын бардыгы анын жообуна кошулуп баштарын ийкешти.

— Көңүл буруп, жакшылап карагыла, — деди мугалим.

— Бул жерден бир гана кара чекитти көрүүгө болот, — деди кийинки окуучу.

— Жок! Бул жерде кичинекей кара чекит, туурабы? — деп үчүнчү окуучу анын жообун жокко чыгарды.

Калган окуучулар ооба дегендей ишарат менен баштарын ийкеп, мугалим эмне дээр экен деп күтүп калышты.

— Өкүнүчтүү, менин окуучуларым кара чекитти гана көрүштү, ал эми актай баракты эч ким байкаган жок…

Бираз тыным алган мугалим:

— Демек, силерге көп нерсени окутушум керек экен, — деди.

Унчукпай коюу – алтынга тете

Окуучу базардан уккан ушагын мугалимге айткысы келди.

— Токтой тур, — деп мугалим токтото калды. – Кандай ойлойсуң, бул ушак чынбы?

— Билбейм, балким чын, а балким калп.

Анда мугалим сурады:

— Ал кимдир-бирөөгө пайда алып келеби?

— Ишенбейм. Мындан кандай пайда болмок эле?

— Күлкүлүүбү?

— Бираз күлкүлүү. Бирок эмнегедир кубанычтуу эмес.

— Мына көрдүңбү, аны угуп эмне кереги бар? Унчукпай койгонуң жакшы.

Окуучу ойго чөмүлдү да:

— Туура айтасыз агай, аны угуп кереги жок. Башкалар да укпай эле койсун, — деди.

Орусчадан оодарган Айжан АТАКАНОВА