АТАКАНОВА Айжан: ДИЛАЗЫК: ТОЗОК МЕНЕН БЕЙИШТИН ДАРБАЗАСЫ

ПРИТЧА

Жоокер акылманга келип сурады:

— Бери ук! Мен эми жаш эмесмин, көп убактым салгылашууда өттү, эртең каалаган убакта өлүм келерин билем. Канткенде жашоодо катачылык кетире алам? Айтчы, тозоктун эшиги кантип ачылат да, бейиштики кандай ачылат?

Аксакал самурайга карап күлүп жиберди:

— Ырас, сен жоокер эмессиңби? Жок! Сен иттин куйругусуң!

Жоокердин көзүнөн каары көрүнүп турду. Кылычын сууруп чыгып аксакалга такады.

Бирок акылман аксакал коркпостон беймарал гана:

— Мына, жоокер, тозоктун эшиги ушундай ачылат! — деди.

Жоокер аксакалды түшүнүп, кылып жаткан акмакчылыгын токтотту. Кылычын ордуна салып, кечирим сурап кирди:

— Аксакал кечирип кой, сенин акылмандыгыңды түшүнбөй, дароо ачууланып кеттим, — деди.

— Мына, минтип бейиштин эшиги ачылат, — деди акылман карыя.

Ар кимдин жолу ар башка

Жашы ортолоп калган киши мугалимге келип окуучусу болууну суранып калды.

Буга мугалим:

— Башка окуучуларга кошулуп менден сабак ала берсең болот. Бирок бир шартым бар: мени туурап, жолдоочум болбойсуң, — деди.

Ал киши ойго батып мындай деп сурады:

— Анда кимди туурашым керек?

— Эч кимди. Эгер кимдир бирөөнү туурай берсең, өзүңдүн чыныгы жолуңдан адашасың.

— Анда сенин башка окуучуларыңчы?

— Алар жаш, жаңыдан өздөрүнүн жолун издеп жатышат. Жаш кезде бирөөнү туурап, ээрчиген оң. Алар чоңойсо мени таштап өз багыты менен кетишет. Менин бир гана элесимди сактап калышат. А сен эми жаш эмессиң. Мени туураганга сага кеч, — деди.

Орусчадан оодарган Айжан АТАКАНОВА