АТАКАНОВА Айжан: ДИЛАЗЫК: УУРДАЛГАН МАХАБАТ

ПРИТЧА

Кечилден сурашты:

— Сиз үй-бүлө жана сүйүү тууралуу көп нерселерди айтып келесиз. Эркек-аял никеде же эркин сүйүүдө жашаганында кандай айырма бар?

Кечил мындай деп жооп берди:

— Нике – бул Кудай тараптан адамдар ортосундагы сүйүүнүн көбөйүшү үчүн жаралат. Бирок тилекке каршы, адамдар муну кыянаттык менен пайдаланышат. Мисалы, сиздин унааңыз бар дейли. Ал сизге кубаныч жана ыракат тартуулайт. Эгер аны уурдап алсаңыз, уурдаганыңыз үчүн жазасын тартасыз. Никеден тышкаркы сүйүү да уурдалган болуп саналат.

Байлык 

Илгери-илгери бир адам болгон экен. Анын башкы максаты – дүйнө жүзүндөгү эң чоң алмазды издөө эле. Күнү-түнү жанар тоону ашкаса да ойлогонуна жетпеди. Убагы келип үйлөнгөнү менен тоо аралап, үңкүр кыдырып аялын деле көрчү эмес. Ошентип кыздуу болот, бирок кызына убакыт бөлө алган жок.

Бир күнү издегенин таап алды. Тимеле суудай тунук, стакандагы сууга салсаң да байкалбайт. Сүйүнгөнүнөн таап алган алмазын жумшак жаздыкка ороп, кайтарып жүрдү. Колу бошой калса эле чуркап келип алмазды карап суктанчу адат табат.

Бир күнү алмазды тиктеп отуруп, кичинекей жылчыгын көрүп калды. Мына анан экинчи мындай буюмду таба албасын ойлоду. Андыктан жылчыкчаны жабуу үчүн алмазды сырттап коймой болду. Чарык менен ташты кырып отуруп кырын чыгарды. Бриллианттан бетер күн нуруна жалтырап эле калды. Анан аны жипке байлап кызынын моюнуна илип койду. Муну көргөндөр:

— Ох, кандай укмуш керемет! — дешти.

Бир канча убакыт өткөн соң өмүрүн таш издөөгө өткөргөн адам эл анын асыл ташына эмес, Кудай берген кызына суктана баштаганын туйду. Аныгында ал сулуулук артынан кууганы менен өз үйүндөгү чыныгы сулуулукту көрбөдү.

Эмнеге сен мени кечирбейсиң?

Уулу атасынын алдында күнөөгө батты. Андан соң кылган күнөөсү үчүн абдан өкүндү. Бирок атасы кедейлерге жардам берип, кудайга ишенип мечитке барганы менен уулун кечире алган жок. Уулу атасы менен элдешүүгө канча аракет кыдса да майнап чыкпады. Ошондо уулу кембагалдын киймин кийип, атасынын дарбазасын тыкылдатты:

— Мага бир сындырым нан берип коюңузчу.

Атасы колуна нан карматкан кезде уулу айтты:

— Бул мен, сиздин уулуңузмун. Эмнеге чоочун кембагалдарга ырайым кылганыңыз менен бирок мени кечирбей албай жүрөсүз? – дегенде гана атасы уулун кечирди.

Кыргызчалаган Айжан АТАКАНОВА