АТАКАНОВА Айжан: ДИЛАЗЫК: ЖАМГЫР МЕНЕН КҮН

ПРИТЧА

Бир аялдын эки уулу болуптур. Улуусу кол чатыр сатса, кичүүсү кездемелерди боёкко салчу экен. Эгер күн чайыттай ачык болсо кол чатыр сатып алган кардарлар жок үчүн улуу уулунун иши токтоп калчу дешет. Эгер жамгыр жааса кичүү уулунун кездемелери кургабай турган болот.

Ал эми энесинин жашоосу кайгылуу жана үмүтсүз эле. Бир күнү ал акылман адамды жолуктуруп, акыл насаат алды. Ошондон кийин ал аял күн жааса улуу уулунун,  күн ачылса кичүү уулунун жүрүп жаткан ишине кубана баштады.

Жашоодо жакшы нерселерге көңүл бөлүү керек тура…

Анан?

Паисия Святогорцдун түйшүктөрү тууралуу мисал.

Бир жолу Синайга келген немис кичинекей бедуин балага мындай деди:

— Сен акылдуусуң, шыктуусуң, билим алышың керек.

— Анан эмне болот?

— Анан инженер болосуң.

— Анан?

— Анан машина оңдоочу устакана ачасың.

— Анан?

— Андан соң аны чоңойтосуң.

— Анан эмне болот?

-Андан кийин башка усталарды жалдап иштетесиң, ошентип фирмаңда жумушчу топ да көбөйөт.

— Анда дагы бир баш ооруум болот, ага да бири кошулат, анан дагы бири. Азыркым жакшы эмеспи – баш оорум жок…

Баш ооруу көбүнчө “Бирин жасап, башкасын жасайбыз”  деген ойлордон улам жаралат. Эгер ойлор руханий болгондо адамдар руханий тынчтыкты сезип, баш ооруу өзүнөн өзү жок болмок.

Мындай дүйнөлүк адамдардын сүйлөшүүлөрүнөн кийин жөнөкөйлүктүн маанисин баса белгилегим келет. Анткени алар канчалык иш кылышпасын, руханий тынчсыздануу деген бар. Андыктан: “Руханий тынчсыздануу жок болсун десеңер жашооңорду жөнөкөйлөткүлө” деп айткым келет. Ажырашуунун көпчүлүгу мына ушундан келип чыгат.

Адамдардын иши көп болгондуктан, ошондон баштары айланып калат. Үйдө атасы да, апасы да иштегендиктен балдар кароосуз калууда. Чарчоо, нервдин чыңалышы чоң урушту жаратып, аягы ажырашуу менен аяктайт.

Мына, адамдар ушуга жетип калышкан. Ошондуктан, алгач жашообузду жөнөкөйлөтүп алсак чарчообуз аз болуп, маанайыбыз жарык болот. Ал эми руханий тынчсыздануу – бул чыныгы азап.

Орусчадан оодарган Айжан АТАКАНОВА