АТАКАНОВА Айжан: ДИЛАЗЫК: ҮЙ-БҮЛӨ БАКТЫСЫ

ПРИТЧА

Менин үй-бүлөмө арналат.

Эне деген эмне? Бул күндүн биринчи нуру, биринчи дем алууң, биринчи кармаган адамың, биринчи уккан сөзүң, биринчи көз карашың, биринчи жылмаюуң.

Эне – бул колдору менен дүйнөнү тааныткан адамың.

Ата деген эмне? Ата – бул биринчи устатың, биринчи бел курчооң, биринчи сабагың, чын дилден биринчи сүйлөшүүң, биринчи коргооң, биринчи аскаң жана таянычың. Ата – бул биринчи чебиң.

Ага-ини деген эмне? Агаң – биринчи жардамчың, оюндагы биринчи өнөктөшүң, биринчи сынчы, биринчи дос. Ага – экинчи канатың.

Эже деген эмне? Эже, сиңди, карындаш – бул бирөөнүн энеси жана жубайы боло турган аял. Ал – апаңдын эле кичирейтилгени.

Жубай, жолдош деген эмне? Бул – кеңешчи жана жардамчы адамың.

Ымыркай деген эмне? Ымыркай – ал сенин бул дүйнөдөгү изиңди басчу кичинекей адам.

Чыныгы достук тууралуу

Сиракузда Дамон жана Финтий аттуу эки дос жашаган экен. Дамонду карыздары бар үчүн узакка камоо менен өлүм жазасын буйрушту.

— Мага кечке чейин уруксат бер, үй жумуштарымды жасап алайын. Менин ордума досум Финтий калып турсун, — деп Дамон шаар башчысы Дионисиядан суранды.

Муну уккан Дионисия анын куулугуна, амалкөйлүгүнө күлдү да, макул болду. Кеч кирип Финтийди өлүмгө тартар алдында Дамон элдин арасына чуркап кирип:

— Мен мындамын, кечир, эки анжы болгонум үчүн дагы бир ирет кечирим сурайм, — деди.

Муну көргөн Дионисий:

— Сен кечирилдиң! А мага, сиздин досуңуз болууга уруксат бериңизчи!- деп үнүн бийик чыгарды.

Суу 

Илгери-илгери бир жигит болгон экен. Ал жыйырмага чыкканда туугандары жана ата-энеси ага:

— Эмнеге үйлөнбөйсүң, карыганда сага ким суу берет?” — деп сурай башташты.

Жигит ойлонуп жүрүп үйлөңдү.

Арадан элүү жыл өттү. Отургучта жуурканга оронуп, термелип отурду. Жанында келинчеги, балдары кубалашып ойноп жүрүштү.

Эо бүлө болсо өзүнчө ойго батты: “Эмнегедир суунун деле кереги жоктой”.

Орусчадан оодарган Айжан АТАКАНОВА