АТАКАНОВА Айжан: ДИЛАЗЫК: КИМДИН КҮЙӨӨГӨ БИРИНЧИ ТИЕРИ ТУУРАЛУУ ТАБЫШМАК

ПРИТЧА

Белгилүү бир байдын төрт кызы болуптур. Алар абдан тартиптүү, билимдүү болуп, өзүлөрүн кыйын деп эсептешчү. Бул мырза ар бир кызы турмушка чыкканда калыңы кымбат төлөнүшүн каалады. Күйөөгө даярдоо үчүн кимиси биринчи турмушка чыгууга макул экенин билгиси келди. Бирок кантип аныктоо керектигин билбей турду…
Бул учурда акылман адам менен кеңешүү керектигин айтышты. Акылман ар бир кыздын жанына келип, кимдин чайнеги биринчи кайнаса ошого күйөө болчу жигит келерин айтып, муну кошумчалады:
— Күйөөңөрдү тосуп алууга даяр болгула.
Андан соң бул суроого кайра өзү жооп берди: – Мына, биринчи күйөөгө кетүүчү кыз!
Ал ким? Кимиси турмушка биринчи чыгарын акылман кантип аныктады?

Жезкемпир
Бир жолу Артур аттуу падышаны башка падыша кармап алып камап салды. Бирок ага боору ооруп аяды да, эгер татаал бир суроого жооп берсе, чыгарарын айтты. Артур падышага жооп табуу үчүн бир жыл убакыт өттү. Эгер жооп таппаса өлүм жазасын алат. Берилген суроо мындай эле: «Чындыгында аялдар эмнени каалашат?»
Артур бул суроого жооп табуу үчүн сарайындагы ар бир аялдан сураганы менен жыйынтык чыккан жок. Акыры бир жезкемпирдин буга жооп бере турганын жана анын акысы кымбат турарын кабарлашты. Падышанын башка аргасы жок болгондуктан, жезкемпирге барып эмнени кааларын сурады. Анын каалаганы — эң мыкты деген Гаваин баатырга турмушка чыгуу эле. Жезкемпирдин түрү суук, картаң жана бир эле тиши бар болчу.
Артур жакын досун буга мажбурлай албасын, андан көрө өлүшүн айтты. Буга карабай Гаваин Артурдун жашоосу анын падышачылыгынан да баалуу болгондуктан картайган жезкемпирге үйлөнүүгө макул экенин айтты. Мындан соң жезкемпир Артурдун суроосуна жооп берди: аялдардын каалаганы өз жашоосуна өзү буйрук берүү экенин айтты.
Туура жооп табылган соң Артурдун өмүрү аман калып, баары кубанышты. Үйлөнүү той күнү да келди. Гаваин баатыр чыныгы мырза болуп, жезкемпир болсо өзүн адепсиз алып жүрдү. Ошентип нике түнү келгеде баатыр өзүн өзү кайраттантып, уктоочу бөлмөгө кирди. Көргөн көзүнө ишенген жок, супсулуу кызды көрдү. Эмне болгонун таң калуу менен сураганда жезкемпир мындай деди:
— Түрү суук жана өзүмдү өзүм жаман алып жүргөнүмө карабай мага жакшы мамиле кылганың үчүн күндүн жарымы сулуу кызга айланып, күндүн жарымында жезкемпирге айланам. Күндүзү кандай, түндөсү кандай болуу керектигин танда, — деди.
Баатыр ойлонуп калды. Ал күндүзү сулуу менен болуп, түндөсү жезкемпир менен болууну каалайбы же күндүзү жезкемпир менен болуп түндөсү сулуу менен болууну тандайбы? Ал жезкемпирдин өз тандоосуна койду. Муну уккан жезкемпир дайыма сулуу болууну тандады. Анткени баатыр аны сыйлап, өз турмушуна өзү буйрук берүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Бул узун окуянын мааниси кандай? Мааниси — мааниге ээ эмес, сиздин аялыңыз сулуу болсо да, жескемпир болсо да, акылдуу, акылсыз болсо да баары бир жезкемпир…
Орусчадан оодарган Айжан АТАКАНОВА