АТАКАНОВА Айжан: ДИЛАЗЫК: МИЛДЕТТЕРДИ БӨЛҮШТҮРҮҮ

ПРИТЧА

– Мындан ары чыдай албайм! Менин милдеттерим – тоодой, азыр аны жылдырууга чамам жок. Эртең мененкисин сени ойготуп чарба боюнча буйрук берүүм керек. Килемдерди күбүп, балдарды карап, базарга барып аны-муну сатып алып, сенин сүйгөн палооңду жасап, ал аз келгенсип түндө да эркелетүүм керек, – минтип аялы күйөөсүнө уңулдады.

Тооктун сан этин мүлжүп отурган күйөөсү үндөбөй коймокпу:

– Эмнеси өзгөчө… Бардык аялдар сен кылганды эле кылып келишет. Сен кыңк-мыңк дегениңди кой. Мен иштеп, сен үйдө отурасың.

Анда аялы аңкилдеп кирди:

– Ах, жок дегенде бир аз жардам берсең.

Акыры марттык менен күйөөсү мындай сунушка макул болду: аялы үй ичиндеги, күйөөсү короодо эмне болуп жатканына жооп бермей болду. Өз милдеттерин бөлүштүрүп алган соң жубайлар бир топко чейин ынтымактуу жашашты.

Бир күнү жолдошу достору менен кофейняда кольян чегип отурган. Бир убакта кошунасы кыйкырып чуркап келди:

– Тезирээк бол, үйүң өрттөнүп атат!

Муну уккан күйөөсү кольян чеккенин улантып, кебелбестен мындай жооп айтканы:

– Колуктума айтып коюңуз, ал үйдө эмне болуп жатканына жооп берет, а мен сырттагы кызматтарга жооп берем.

Мыкты үлгү

Бир молдо кызын жашоодогу коркунучтардан сактагысы келди. Кызы бойго жетип, сулуулугу тоо гүлүндөй ачылган кезде жашоодо алдамчылык менен акмакчылык болору тууралуу айтып берүү үчүн кызын алыс ээрчитип барды.

– Кымбаттуу кызым, мен сага азыр айтып бергендерим тууралуу ойлон. Бардык эркектер бир гана нерсени каалашат. Алар кайда болбосун куу, митаамдык менен тор жайышат. Алардын кумарлык сазында кантип булганып калганыңды байкабай каласың. Сага бактысыздыкка алып барган жолду көрсөткүм келет. Эркектер биринчи сенин сулуулугуңа суктанышат. Андан соң сени сейилдөөгө чакырат. Анан экөөңөр анын үйүнүн жанынан өткөндө, ал пальтосун алып чыгууну айтат. Ал сени үйүнө кошо кирип, күтө турууңду өтүнөт. Андан соң чай ичүүгө чакырат. Бирге музыка угуп отурганда капыстан сени кармалап баштайт. Мына, ошол жерден уят болосуң, сенин апаң жана мен, бүтүндөй үй-бүлөбүз уятка калабыз. Абийрибиз айрандай төгүлүп, өмүр бою шерменде болобуз.

Кызы атасынын айткандарын жүрөгүнө жакын кабыл алды. Кызы бир күнү сыймыктануу менен атасына жылмайып мындай деди:

– Атаке, сиз кыязы пайгамбар окшойсуз? Мындай болорун кайдан билгенсиз? Баардыгы сиз айткандай болду. Алгач ал менин сулуулугума суктанды. Андан соң сейилдөөгө чакырды. Капыстан анын үйүнүн жанынан өттүк. Анан эле пальтосун унутуп калганын, мени жалгыз калтырбай үйүнө кирүүсүн суранды. Андан соң сылыктык менен чай ичүүнү сунуштап, музыка койду. Ушул убакта сиз айткан сөздөр эсиме келди. Бирок мен сиздин кызыңыз болууга татыктуу болуш үчүн ал  мага жакындап келатканда, аны өзүм шап кармай калып: өзүн да, бүтүндөй үй-бүлөсүн, ата-энесин да уятка калтырдым! – деген экен.

Орусчадан оодарган Айжан АТАКАНОВА