БАЙЗАК Толук Бек: АЗИЗ НЕСИН: ТАМ БАШЫНДА ЖИНДИ БАР!

Түркчөдөн которгон Толук Бек БАЙЗА

АҢГЕМЕ

Бүтүн маале көтөрүлүп чыкты:

— Тамдын башында жинди бар!

Көчөнүн башынан аягына чейин көп кабаттуу тамдын башындагы жиндини көргөнү келгендер толуп кетти. Алгач жергиликтүү бөлүмдөн, андан кийин Ички иштер министрлигинен полициялар келишти. Анын аркасынан өрт өчүргүчтөр да жетип келишти. Жиндинин энеси:

— Бөбөгүм, уулум, ылдый түш!… Кана балам!… — деп жалбарып жатты.

Жинди болсо:

— Мени башкарма кылбасаңар боюмду таштайм! – дей баштады.

Өрт өчүргүчтөрдүн тобу эгер жинди ылдый секире турган болсо тосуп калыш үчүн атайын брезенттерин ачып даярданып калышкан эле. Калдайган брезентти ар бир учунан кармаган өрт өчүргүчтөр үйдүн тегерегинде ары-бери ушунча чуркашкандыктан; кара тер ичинде калып, абдан чарчашкандай.

Комиссар:

— Кана тууган, ылдый түшчү, сураныч! – деп жарым жартылай коркутуп, жарым жартылай жумшак үн менен кайрылып, жиндини алдаганга аракет кылды.

— Башкарма кылгыла анан түшөйүн! Болбосо боюмду таштап ием!

Жалбаруу да, чакыруу да, коркутуу да ишке жарабады.

— Айланайын тууган, ылдый түшчү!

— Ушуларга кара!… Мени ылдый түшүргөнчө өзүңөр жогору чыксаңар гана…

Көпчүлүктүн ичинен бирөө:

— Башкарма кылдык деп айталы, – деди. Анда бирөө:

— Болбойт кокуй, жиндиден да башкарма болобу?…

— Аллах, Аллах… Чындап башкарма кылат белек…

Таягына таянган бир абышка:

— Болбойт, — деди, — чындап да болсо, жалгандан да болсо болбойт.

— Балким ошондо түшөт…

— Түшпөйт. Мен буларды жакшы билем. Бир жолу жогору чыгыштыбы, кайра түшүшпөйт.

— Бир жолу ылдый түшсүн, калганы оңой!

— Түшпөйт!

Төмөндөн бирөө:

— Сени башкарма кылдык! – деп бакырды. – Кана, түш ылдый!

Жинди ойной баштады:

— Түшпөйм! Шаардык кеңештин депутаты кылбасаңар ылдый секирем!

Анда абышка жанындагыларга:

— Ии кандай экен, мен силерге айттым беле?

— Анда каалаганын жасайлы.

— Эмне кылсаңар да түшпөйт, киши бир жолу там башына чыга калгандай жиндиленсе, анан кайра түшүшү кыйын.

Комиссар:

— Жарайт, сени шаардык кеңешке депутат кылдык. Кана тууган ылдый түш, жолдошторуңду күттүрбө!…

— Түшпөйм! Шаар башчысы кылгыла, анан түшөмүн!

Абышка:

— Көрдүңүзбү? Эми эч түшпөйт.

Тер ичинде калган өрт өчүргүч топтун башчысы:

— Эми шаар башчысы кылсак эмне болмок эле, кылалы,- деди.  Анан эки колун оозуна алып жогору жакка кыйкырды:

— Түш ылдый эми, тууган! Сени шаар башчысы да кылдык, кана эми кызматыңды баштай бер!

Жинди курсагын силкилдетип:

-Түшпөйм, — деди, — бир жиндини шаар башчысы кылгандардын арасында менин эмне ишим бар? Түшпөйм!

— Анан эмнени каалайсың?

— Министр кылсаңар түшөмүн!

Ылдыйда тургандар бир аз өз ара талкуулашкандан кийин:

— Болуптур, сени министр да кылдык! Түш эми байболгур, түш… Кара, баардыгы сени күтүп турушат…

Жинди колун мурдуна апарып шылдың ишааратын жасады:

— Түшпөйм! Бир жиндини министр кылгандардын арасына түшөйүнбү?

— Кана тууганым, сени министр да кылдык, эми башка министрлер да сенин күтүп атышат. Кана түшөгой!

— Карап кой, анан мени кармап алып жиндиканага тыккыла! Түшпөйт экем да!

Абышка:

— Убара болбогула, бул түшпөйт. Мен бу жиндилерди жакшы билем. Силерди да министр кылышса түшпөйт элеңер.

Эми жинди кудай ургандай бакырып кирди:

— Башбакан[1] кылбасаңар, боюмду таштайм ылдый.

— Кылдык!..- деп бакырышты, — сени башбакан кылдык!

Абышка:

— Түшпөйт! — деди.

Жинди тамашасын кайрадан баштады. Анан кайра:

— Эми мени президент кылгыла, түшөйүн. Президент кылбасаңар чындап ылдый секирем!

Абышканын айткандары туура келе баштады. Аны менен кеңешишти:

— Кандай дейсиз? Президент кылалыбы?

Абышка:

— Иш иштен өттү, эми эмне десе айтканын аткарасыңар. Кандай болсо да бир жолу башбакан болду.

— Сени президент кылдык бурадар! Кана эми түшөбер! – деп бакырышты.

Там башында курсак ойноткон жинди:

— Түшпөйм! — деди.

— Эмнени каалап атасың? Президент да кылдык мына!

— Йааа… түшпөйм. Эми император кылгыла, анан түшөмүн. Болбосо эле боюмду таштайм!

Абышка:

— Таштайт, – деди.

— Кылдык! – деп бакырышты. – Сени император кылдык! Кана, кел ылдый!…

Жинди:

— Силерге окшогон галдирбайлардын арасында мен сыяктуу императордун эмне иши бар? — деди.

— Эми эмнени каалайсың? Эмнени айтсаң жасайлы. Түшчү эми!

Там башындагы жинди:

— Мен императормунбу? – деп сурады. Ылдыйдагылар:

— Императорсуң!

— Мен эми император болсом, жаным кааласа түшөм, каалабаса түшпөйм да. Андай болсо түшпөймүн!

Комиссардын жини келип кетти:

«Секирсе секирсин!… Бир жинди кемийт дүйнөдөн…» – деп ойлонду. Ойлоорун ойлоду да, бирок башыма бир балээ келет деп сактанды, анан өрт өчүргүчтөрдүн башчысы менен абышкага кайрылды:

— Эми эмне кылабыз? Бу жинди ылдый түшпөйбү? — деп сурады.

— Түшөт.

— Кантип?

— Анда силер таштагыла бу ишти, мен түшүрөйүн!…

Эми баардыгы тиги абышка жиндини кантип ылдый түшүрөрүнө кызыгып калышты.

Абышка там башындагы жиндиге кайрылды:

— Улуу урматтуу император азиреттери! – деп кыйкырды. – Сизди алтынчы кабатка өтүшүңүздү өтүнсөм мүмкүнбү?

Жинди да олуттуу түрдө:

— Жарайт, — деди.

Анан тамдын башындагы ачык турган тешиктен ичкери кирди. Тепкичтерден түшүп, алтынчы кабаттын терезесинен көпчүлүккө карап турду.

Абышка:

— Улуу урматтуум, бешинчи кабатка келүүнү каалайт бекен?

Жинди:

— Келемин! – деди.

Баардыгы аң-таң болуп турушту. Анан абышка төртүнчү кабаттан элди карап турган жиндиге кайрылды:

— Улуу урматтуу императорум, үчүнчү кабаттан сизди көрүүгө болобу? — деди.

Жинди:

— Албетте!… — деп жооп берди.

Жинди эми үчүнчү кабаттын терезесинде эле. Ал эми там башындагыдай курсагын силкилдетип, ойнобой калды. Олуттуу бир император абалына келгендей түрү бар эле.

— Улуу урматуу императорубуз, экинчи кабатка келгенди каалайт бекен?

— Каалаймын.

Экинчи кабатка да келди жинди.

-Улуу урматтуум, мынча болду биринчи кабатка да келе алат бекен?

Жинди эми көчөгө түшүп, көпчүлүктүн арасында эле. Абышканын жанына түптүз келди. Колун абышканын ийнине койду да:

— Ушул сенин дагы жинди экендигиң көрүнүп турат… Жинди гана жиндини түшүнөт, – деди.

Анан комиссарга кайрылып:

— Кана эмесе, эми мени байлап, жиндиканага жиберсеңер болот. Жиндиге кандай мамиле кылынат экен, үйрөндүңбү? – деди.

Жиндини алып кетип атканда бул окуяга абдан кызыккан көпчүлүк абышканы курчап алышты:

— Кадырлуу атакебиз, бул ишти кантип жасадыңыз?…

Абышка:

— Эээй… Оңой эмес да, кырк жыл саясаттын ичинде жуурулдук, – деди да көөдөн кээрип: — — Эх, чиркин!… — деди, — эми деле аяктарымда дарман болсо, мен деле там башына чыгат элем да, анан эч ким мени ылдый түшүрө албас эле…

[1] Башбакан – премьерминистр.