БАЙЗАК Толук Бек: ТОЛУК БЕК БАЙЗАК: АКЫНДЫК БУЛ КАРГЫШЫНДАЙ КУДАЙДЫН

ДЕҢИЗСИҢБИ АЛЫСТАГЫ АЗГЫРГАН…
Деңиз окшоп алыстагы азгырган,
Толкун окшоп оюнкараак, наз кылган,
Кандай жансың ээликтирген, эңсетип,
Сүйүүң менен кышты дагы жаз кылган.

Кандай жансың кышты дагы жаз кылган,
Шарап сымал акылымды мас кылган.
Түйшүк салып түнү боюу уктатпай,
Түйшөлдүрүп түмөн ырды жаздырган.

Алдай албайм тилим начар, келегей,
Жандай албайм, акым да жок кенедей.
Ансыз деле азап тарттым жашоодо,
Жолун таппай, жээкке урунган кемедей.

Деңиздейсиң албуут, терең, жан алып,
Мен деңизчи ашык болгон карарып.
Толкунуңда чабалактайм балыктай,
Бирде өлүп, бирде кайра жаралып…

Алыстагы мухитсиңби  азгырган,
Толкун сымал эркелеген, наз кылган.
Мынча неге ээлендирдиң, эңсетип,
Махабаттай кышты дагы жаз кылган…

ДЕПРЕССИЯ
Чаалыккан жылдарымдын бекетинде,
Чарчабас үмүттөрдү турам күтүп.
Чыкыроон деми менен дирилдеткен,
Чаржайыт бу жашоодон барам үшүп.

Бу кандай окшош күндөр, каран калгыр?
Чыгарбай февралдын күрмөсүнөн,
Өзүмдү өзүм издейм чабалактап,
Өзүмчүл, карангылык түрмөсүнөн.

Адам да саясаттай өзгөрүлмө,
Ал чындык, болбой чыгат күткөнүңдөй,
Ойлор да бири-бирин турат талап,
Ыркы жок бир айылдын иттериндей.

Ачылбай сырың калып аяр туткан,
Жазылбай ырың калат баштабаган.
Тыңчыдай бурулуштан күтөт аңдып,
Жалгыздык гана жалгыз таштабаган.

Өкүнбөй бу өмүрдүн өтөсүндө,
Айлардын караңгы, айсыз кечесинде,
Баратам караан кылып жалгыздыкты,
Качанкы эскерүүлөр көчөсүндө,
Чаалыккан армандардын бекетинде…

КӨКТӨМ КЕЛДИ
Жаз келди каражандар, көктөм келди,
Сагынтып алыстагы өскөн жерди.
Кайран эл берекеси ашып ташып,
Күтүшөт жакшылыктуу эртеңдерди.

Күн дагы берекесин чачса керек,
Акын да жаңы ырларын жазса керек.
Кыш дагы кайыры жок ажолордой,
Кыр ашып каяккадыр качса керек.

Тоолордо байчечекей ачса керек,
Табият кубанычка батса керек.
Бардыгы, жан жаныбар, курт-кумурска
Күнөстөп ынтымакта жатса керек.

Силер да ак жолунан адашкандар,
Кузгундай бийлик, байлык талашкандар,
Ушундай улуу күндө табышкыла,
Көп болуп жакшылыкта жарашкандар.

Мекенге күйбөсөңөр күйбөгүлө,
Тентитип калкыңарды сүйбөгүлө.
Эркиндиктен башка эми эчтемем жок,
Эч болбосо ошого тийбегиле.

Жаз келди, бурадарлар, көктөм келди,
Эңсетип алыстагы өскөн жерди.
Эх чиркин, бүгүнкүнүн баасын билсем,
Бүк түшүп күтпөс элем эртеңдерди…

АКЫНДЫК БУЛ КАРГЫШЫНДАЙ КУДАЙДЫН
Арман дүйнө, арманыңа чыдаймын,
Адалдыкты, калыстыкты сураймын.
Жер жарылса жүрөгүнөн өткөзгөн
Акындык бул азабындай кудайдын!

Тагдыр гана такшалдырар калемиң,
Тапканда эмне кур атактын дарегин.
Карга деле каркылдаса канчалык,
Эч убакта булбул болбойт, карегим.

Күнгө канча жакындасаң күйөсүң,
Сөз кордогон тартат бир күн чилесин.
Жезди деле жалтыратсаң канчалык,
Эч убакта алтын болбойт, билесиң.

Акындыкты көктөмү ойлоп көңүлдүн,
Ыр жазуу деп чектегенде жеңилдиң.
Акындык бул самурайдын жолундай,
Акындык бул каргышындай Теңирдин!

ЖАРДАМ БЕР КУДАЙ!
Бир үй каалайм, эшиги көлгө ачылган,
Көңүлдөр жаркып, көөдөндөн ырлар чачылган.
Толкундун доошу толкутуп тынбай жүрөктү,
Сүйгөнүм сымал, салкын жел сылап чачымдан.

Бир өлкө каалайм, дүйнөгө кенен ачылган,
Береке ташып, байлыгы ашып чачылган.
Ажосу калыс, калкы да намыс туу тутуп,
Тентибей алыс, адамы болбой басынган.

Бир өмүр каалайм, татыктуу жашап өткөнгө,
Жардам бер кудай, максатты куруп жеткенге.
Бел кылып дайым бейиштей болгон Мекенди
Калкыма бир аз кызматты кылып кеткенге…
Жардам бер Кудай!

СООЛУБАСА ДЕҢИЗДЕР
Табияттын мыйзамындай,
Кереметтер кайда бар?
Көп деңиздер соолуйт экен
Жетпей калып дайралар.

Тең салмагын бу дүйнөнүн
Кармаса да Теңири,
Тереңдиги жок деңиздин
Кыска болот өмүрү…

Таңдан кечке ошол үчүн
Жүрөгүмдү бүлөймүн.
Мен баруучу бир деңиздин
Соолубашын тилеймин.

* * *
Кудай берген тандоо чексиз,
кыйчалышта калсаң да…
түркүн, түркүн, буюм турат,
базар жакка барсаң да,
келишкен бир кийим көрүп,
көзүң күйүп жансаң да,
көп учурда качырабыз,
сапаты жок арзанга.

Убакыт да учкан куштай
алга гана умтулат,
сапаты жок буюм деле,
көп өтпөстөн жыртылат.
Биз да ошентип адамдардын
арзанынан тандайбыз.
Сапаттууну ар убакта
таңазарга албайбыз.

Төмөн баалайт бар наркыңды,
бийлик үчүн даярлар.
Кыйналышпай жакшы өтүшөт,
арзан, саткын адамдар.
Баалуулук бар алалбаган,
канча аракет кылсаң да.
Асылдардын баасы ошондой,
жазылбаган мыйзамга.

Асылдыктар кымбат турат,
талап кылып кубатты.
Бирок чиркин бу жашоодо
күтпөйт экен убакты…