БЕКЕШОВ Бейшенбек: Хашим табып (3-макала) БЕЙШЕНБЕК БЕКЕШОВ: ЛЕЙКОЗ – КАНДЫН РАГЫ

3-макала

Дагы бир кызык. Хашим табыптын бейтапканасында алгач 40 күн жаткан соң сакайганыма кайыл болуп, кардиограмманын гана өзгөрүшү үчүн  кайра келип бейтапканга жатпайт элем. Ортодо тиземдин алакандай жеринде эти жанчылып калган сыяктанган бир оору пайда болуп, бастырбай, түнү уктатпай кыйнайт. Участкалык доктурум жазып берген маздарды сыйпаганымдан пайда чыкпады. Компресстин түрлөрүн жаптым. Спирттен компресс жасайм деп этимди күйгүзүп да алдым. Акыры Хашимге айтсам, колу менен улам бир жерин баскылап көрүп:

— Сиздин бутуңуздун эти эмес, чучугу ооруп жатат. Бул балээ оору. Муну эртелеп айыктырбасаңыз жүрөк ооруңуз мунун жанында оюнчук болуп калат, — деди.

— Эми ушу калган тура мага! Эмне деген оору? – дейм оозум ачылып.

Ал:

— Лейкоз. Муну врачтар аныктай албайт. Аныктагандан кийин кеч болуп калат. Аны айыктыруу тозоктун тозогу, — деди да бейтаптарын көргөнү кетип калды.

Хашимдин кабинетиндеги компьютерге дароо жабышып, интернеттен көрсөм лейкоз деген кандын рагы экен. Чучукта пайда болот экен. Медицина иш жүзүндө айыктыра албайт экен. Ишенген жокмун. Ишенгим да келбеди.

— Лейкоз деген кандын рагы турбайбы?! – дейм мен Хашим кайра киргенде өң-алеттен кетип.

— Коркпоңуз, сизде азыр лейкоз жок. Бул башы гана. Муну оңой эле айыктырабыз. Эки иштен бир иш кылып жүрөгүңүз менен кошо дарылап салалы. Келип жатыңыз, — дейт ал.

Ошентип келип кайра жатып калгам. Бут оорум келген күндөн эле басайып, бир жума дегенде биротоло жок болду. Болгон ичкен дарым 3-4 чөптүн кайнатмасы, дагы 2-3 чөптүн компресси. Хашимге же ишенээримди, же ишенбесимди билбейм. Ишенбейин десем оорунун ал айткан белгилеринин баары болгонун, анан да минтип куландан соо айыктырып салганын кайда алып барам?

Дарыгер эмес киши Хашимдин бир сөзүн түшүнсө, бир сөзүн түшүнбөйт. Бир нерсе сурасаң аябай майдалап, биз угуп-укпаган илимий терминдер менен, качанкы бир заманда мектептен уккан химиялык формулалар менен айтып берет. Сөөктүн рагына алы жетпей, чучукка жетүүнүн амалын таппай жатканын айта берчү бир топ мурун. Бир күнү эле: “Кудай-Таалам ракты сөөктүн ичине салган ырайымсыз эмес экен. Ал илдеттин себеби сыртта, оңой эле жерде экен”, — деп мулуңдап сүйүнүп жүрөт. Көрсө, мына ушул лейкозду айтып жатыптыр. Койгон диагнозуна ишенип-ишенбейсиң, бирок оорудан сакайасың. Менин көз алдымда эле ушундай диагнозу менен аксап, кокуйлап келген бир топ киши куландан соо сакайып кетти. Аларга да врачтар диагноз коё албай, болжолдоп дарылай берип, айыктыргандын ордуна күчөтүп тынышкан. Ал турсун кан тамыр тарып кетиптир, хирургиялык операция жасап, жасалма кан тамыр салабыз дегендери да болгон.