БЕЛЕК Кемел: КЕМЕЛ БЕЛЕК: КӨРҮСТӨН КӨРСӨМ КОЗГОЛОТ НЕГЕ ДЕЛЕБЕМ

ӨЛҮКШААР
Кызгалдак каптап көрүстөн ичи жаңырган,
Түпкүрдөн эми чыкпайсың гүлдөй жер жарып.
Жолоочу кезде жоголуп, кайра табылган
Бейитиң издеп безилдейт бейпай бир карып.
Кечиргин аны, а балким чындап жаӊылган,
Адашкан балким акындык аттуу жин даарып.
Кандай жан, ботом, арманы ичте чаӊырган?..
Бир билсе билет Жараткан өзү кимде айып!..
Хафиз (Апыз)

ЭҢСЕЙ ТУРГАН ЖАЙ ЭМЕС
Көрүстөн көрсөм козголот неге делебем,
Өлүкшаар сүрдүү, өлүкшаар калбаат, ары шаа.
Карагым, тыңда, тирүү жан эңсер жай эмес,
Ар адам мында тагынан тайган падыша,
Ар аял мында багынан тайган каныша.

КҮЛБӨС КӨЧӨ, ҮРБӨС ИТ
Күнөстүү элет…
Күнөс элет четинде күмбөздүү шаар.
Күмбөздүү шаар ичинде күлбөс көчө.
Күмүш айлар төбөсүн басып турган
Күмбөздөрдү аралайт үрбөс иттер.

ӨЛҮКШААР
Өлүкшаарда турам дале кардыгып…
Өлүк эмес тирүү жанды жөөлүткөн
Ата-бабам көргөн көздү талдырып,
Деги качан шаар курчу эле өлүктөн?..

КАРА ТАШ
Көрүстөн.
Айыл чети.
Жоонтоп дарак.
Ободо жаңырган Ай – орток чырак.
Өктөөсү калган жандай эмнегедир
Өлүкшаар түндө үнсүз онтоп чыгат.

Кадырын кара жандын арман чечип,
Капыстан казанбагы калган бекип.
Калдайган бейитинин башындагы
Кара таш – бир өмүргө койгон чекит.

КИМДЕР ӨЛҮК, КИМ ТИРҮҮ
Кимдер тирүү…
Кимдер өлгөн…
Кимдер ай…
Көктө каалгыйт жалгыз алсыз тийген Ай.

Жер үстүндө көртүйшүктөн чарчаган
Жер астында жатат, кара, канча жан.

Мейлиң өлгүн, мейлиң, досум, өлбөгүн,
Мерездикти өнөр кыла көрбөгүн.

ТИРИЛИК
Өтүмүшкө өпкөлөбөйм,
Өзгөгө жок чатагым.
Өлөсөлү турмуш өтөт,
Өзгөргөн жок жатагым.
Өзүң көргөн чиркейлерди
Өлө багып жатамын.
Өктөө эмес, көксөө эмес
Өмүр, Өлүм, Атагың.
Өлүкшаардын койну кенен,
Өңүрүнө батамын.

ТҮШ
Тоо толкун.
Үмүтсүз жээк.
Каяктамын?..
Кайылмын кара жаным кайыкканга.
Айланам алай-дүлөй.
Бороон айдап,
чатырын шамал тыткан кайыктамын.
Кыйкырам.
Үнүм буулат.
Түш уланат…
Көк деңиз.
Толкун сүргөн табыттамын.

БАЛАЛЫК
Кечээ гана кетпестей кылчактаган
Кана күндөр,
кана жыл,
кана кылым?
Кимдер өлчөп көрүптүр алчактаган
Өмүр менен Өлүмдүн аралыгын.
Оо, Жараткан, төп түштү төлгөң бүгүн,
Айтып жандын актыгын-каралыгын.
Капилеттен энекем өлгөн күнү
Аны менен кошо өлгөн балалыгым.

КӨЛӨКӨ
Көлөкөм кээде оңдо, кээде солдо
Ээрчиген туулгандан тунгучакты.
Көлөкөм кээде жолдо, кээде жондо,
Эгизим чогуу өскөн күн кучактап.

Кары өтөт,
жаштар өтөт кандай күлгүн.
Жараткан көрпенденин сөлөкөтүн
Таштабай жалгыз-жарым, жандай жүр деп,
Таштаган моло ташка көлөкөсүн.

МАРКУМ…ГА!
Дагы да болсо сен – Сенсиң,
Далайлар менен бир теңсиң!
Түпкүрдө дагы сен – Сенсиӊ,
Тирүүлөр менен бир теӊсиӊ!

САЛЫЙ АПА АРМАНЫ
«Күт мени, канчык, калганын
Кайрылып келип айтамын!».
Ачуусу менен жыланбоор
Камчыны жонго басты да,
Бастырып кетти астыга…

Керээзи ошол.
Кан кечкен
казаттан абаң кайтпады,
Ажалсыз мендей жесирге
Камдаган кебин айтпады.
А менде кайдан актануу…

ЖЕСИР
Курутту чоочун жазгануу,
Унутту уяң күлкүсүн.
Кош жаздык дале жаздалуу
Албарсты басат түнкүсүн.

Жалдырайт жабык терезе,
Ачкын деп эшик жалбарат.
Аласа кимден… Бересе…
Айланып учат жарганат.

Канбаган кумар, эх, кесир,
Азыткы көңүл дилдирек.
Жалаңдайт намыс,
Жаш жесир
жылаңач боорун тилдирет.

Азыткы — сезим — азыткы,
Артынан кайрыйт келмесин:
«бол, жерден сууру казыкты…
бол, пендем, ыргыт казыкты…»

Чыккынчы кулпу да балким
чыргага таштайт пендесин.
Алдастайт келин,
«а балким
бактымды кайрып бербесин…»

Доочумбу?.. Бу ким?.. Каран кал!..
Чоочун көз тиктейт түнкүсүн.
Акырет кеткен адамга
уурдаткан уяң күлкүсүн.

Куру сөз күтөт кадамы.
Буру көз күтөт түнөгү.
Шейит-а болгон адамга
бейит-а болгон жүрөгү.

КӨЛ ЖАНА КӨР
Куйругун сууга чапкан алтын балык,
Куйругун кумга чапкан асылзаттар.
Буйругун жазган күнү жалкы калып,
Куйрукту көргө катып жатасыңар.

КОШДҮЙНӨ
Айтыптыр ким айтса да пайгамбардай:
«Көрпендем, жазганын көр, кардыкпагын!».
Бөлбөймүн өзү ким да, өзгөсү ким,
Жалганда жашап жаткан баардык жандын
Жайкалган жайлоосу да, күздөөсүмүн.

Айтыптыр ким айтса да олуядай:
«Көрпендем, жазганы шол, тардыкпагын!».
Бөлбөймүн өзү ким да, өзгөсү ким,
Жалганда жайрап тынган баардык жандын
Тирүүлөй басып жүргөн мүрзөсүмүн.

КАРЫЯ
Үмүт жетим.
Сөз жетим.
Жалкы баары.
Урпак үнү үзүлгөн ара белден.
Тартып турган кара жер карыяны
Түртүп турат таягы кара жерден.

Касаба тоо.
Кара жер.
Булут көчүп.
Алай-дүлөй арада тозоң учкан.
Аргасыздан ажалга моюн сунуп,
Кулдугунан Кудайдын бошонушкан

Кунар качып,
Жаш өтүп,
Жамал өчүп,
Жалгашалбай жалганга куту учкан.
Өлүкшаарга акыры көчүп гана
Кулдугунан Кудайдын кутулушкан.

БАРСБЕК АЖО АРМАНЫ
Тоорулуп талчокунун сеңирине,
Тоолордон тоолор гана бийик болчу.
Тооп кылып жашоо үчүн Теңирине,
Топ элден кыргыз гана бийик кончу.

Ордомду жат бийлеген заман болду.
Өрүшү толо жылкы тамам болду,
Баштагы жарык бетим таман болду.
Уулду кул, кызымды күң кылып берип,
«Кырк уруу кыргыз» атым «жаман» болду…

Деген доош өлүкшаардан чыгат бир күн.

ДООШ
Мен сага дос эмесмин,
кас дагы… калыс дагы!
Көрүнбөс бир элесмин
жакын да… алыс дагы!
Анан да бир добушмун
жаныңда… алыстагы!..
Күңгүрөйт кимдир бирөө
Ээсиндей бул конуштун.