ГАПАРОВ Мурза: ГАПАРОВДУН БАЛДАР ҮЧҮН ЖАЗЫЛГАН ЫРЛАРЫ

Мурза ГАПАРОВ

ОТУНЧУ
Кыш келсе жок коркунуч,
Кыштакта бар отунчу.
Колуна балта, араа алат,
Токойго кирет аралап.
Куураган шакты кыйратат,
Кыйкырып бизди жыйнатат.

 

ШАРКЫРАТМА
Биздин жакта, Арсланбапта,
Бир ажайып шаркыратма.
Бийик тоодон боюн таштайт,
Ичсең муздак, тишиң какшайт.
КАРТӨШКӨ
Арсланбап бай ой-төшкө.
Атам айдайт картөшкө.
Казып келип бир четтен
Кайнатабыз чайдөшкө.
Көрүшүп атам, апам да,
Оозу барбайт кой дешке.