ГУРГУБАЕВА Нарсулуу: НАРСУЛУУ ГУРГУБАЕВА: МЕНИН ЭМИ БАРАР ЖАГЫМ БЕЛГИСИЗ

♦ ♦ ♦

Күн ойгонот сен жашаган тараптан,
Мен тарапта Күн өлөт да, Күн өчөт.
Билем, сенде Күндү тосмой адат бар,
Мени Күндүн батпаганы жүдөтөт.

Чыгыш… Батыш… Аралыгы бир кылым,
Менин дүйнөм тең экиге бөлүндү…
Мен Кудайга салып турсам сыртымы,
Не Кудайдай жалгыз болуп көрүндүң?

Не жолуктуң күүгүм талаш кеч күздө,
Не төгүлдүң жамгыр кары аралаш?!
…Бул дүйнөнү бөлбөй жашайт эстүүлөр,
Тегиз дүйнө теңсиздиктен жаралат… .

…Бар экенсиң мен жашаган дүйнөдө,
Кечим менин, кечиккеним бир өмүр.
Кечир мени, сен тазарган күнөөдөн,
Менин кошо тазарганым күнөөдүр…

Жаратканга салып тургам сыртымы,
Жараткандай жалгыз болуп көрүндүң…

♦ ♦ ♦

Жалын сүйүү, жарым бакыт апкелген,
Деңиз дүйнөм, эгиз дүйнөм, сөз дүйнөм…
Жашап жүргөм жазмышыма баш бербей,
Жазмышты да шул жашоого көндүргөм.

Бийиктерден бийиктерге ээрчиткен,
Жалган дүйнөм, жанган дүйнөм, Күн дүйнөм…
Сүйүү менен ай тутулган, Жер бүткөн,
Мен баары бир жаркып жашап үлгүрбөйм…

Мен баары бир күйүп кетем күтүүдөн,
Жарым сүйүп, жарым жашап көн дебе.
Шул бакытка жарашпаган үчүн мен,
Жашоого да жарашпаган өңдөнөм…

…Кең дүйнөнү кезип, безип кеттим мен,
Куса менен бүтпөгөн да, өтпөгөн…
Коштошпостон кетет, билем, эрктүүлөр
Коштошпостон кеткенди мен жек көрөм.
Коштошпостон кеткендерди жек көрөм…

♦ ♦ ♦

Алданбаган, калдаңдаган кар дүйнө!
Сенин жолуң татаал дагы, муздактыр…
Күнүм болуп, сүйүүм болуп жанды эле,
Күйүт болду күлмүңдөгөн бир жакшы.

Күйүт болду… Кетти анан… Жөн кетти,
Айтпай кетти себебин да, шартын да.
Дагы алдыда мен сөз күтчү жол көптүр,
Бирок билем – жок сөз гана айтылбайт.

Мен да кеттим. Билем, жолдо көп көрдүм:
Жолдогулар кылчактабайт, кайрылбайт!
Кеткен жолум көңүлүмө төп келди,
Кеткен жанды күттүм, бирок ай-жылдап…

…Арман тагдыр, кайран тагдыр чектелүү,
Азганыма, жазганыма чыдаган…
Мен дүйнөнү калбаш үчүн жек көрүп,
Сен аман бол жүрөктөгү бир адам!
Аман болгун жүрөктөгү бир Аалам…

♦ ♦ ♦

Кантип жашап жаттың экен, жаралуум,
Карайлаган, кар айланган күндөрдү?!
Жазыла элек жалгыз ырың санаалуу
Жарыттыбы, карыттыбы дүйнөңдү?

Канттиң экен?! Балким көөнүң чыйрыкты
— Кыштан эмес, адамдардан көбүрөк.
Бир калчанган, бир жалтанган жыл бүттү,
Өмүр шунтип ойду-келди төгүлөт…

Канттиң экен? Мен чарчадым ызгаардан,
Күкүктөгөн өз үнүмдөн чарчадым.
Жалган жомок күткөн жандар бул шаарда,
Жаңы жылга жасалгалап арчасын,

Шөкөттөштү… Үй, көчөсүн, муң-зарын,
Шөкөттөштү, аяр, коомай, сыртынан…
…Өчөт жарык, өчөт баары бир жанып,
Менин жолум бир бороон да, бир туман!

Кантип жашап жаттың экен, жаралуум,
Карайлаган, кар айланган күндөрдү?!
Жазыла элек ырың ээлеп санааңды,
Жарытты же карытты го дүйнөңдү…

♦ ♦ ♦

Бирде күздөй көшөгөсү сапсары,
Бирде жаздай жашыл болуп бүчүрлөп.
Бир сен болуп алыс, алыс жактагы,
Кээде менин бакыт кирет түшүмө…

Бул бир кыял, бул жөн түштөр болгону,
А эшикте чындык бороон, бурганак.
Күн жүрөгүм, мен дагы эле жолдомун,
Жолдогу өмүр жоголот же уурдалат!

Арасында асыл, жашыл түштөрдүн,
Өмүр ушул, ала салган миң агым.
Көп агызды… Дагы агызат туш келди,
Канталаган канаттарым, чыдагын!

Күн жүрөгүм, сенин сүйүүң жеңбесе,
Жеңет мени тагдыр бир күн нөшөрлүү.
Жеңилбегин мен жеңилген жерде сен,
Мен көшөрбөй койгон жерде көшөргүн!

Дүйнө ушул – көбүктөнгөн көк ирим,
Бирде сыздайт, бирде бийлейт, бир ыйлайт.
Сен жыгылба… Сени аясын Теңирим,
Сен жыгылба… Туулар жалгыз жыгылбайт!
Сен жыгылба, сен жеңилбе, Күн жүрөк…

♦ ♦ ♦

Сен кейибе тагдырыма муң баскан,
Өтөт баары, унутулат, ардактуум…
Кеткен досту, кеткен касты, курдашты,
Кечирбесем мен мен болбой калмакмын.

Унутулган эч нерсе эмес, эч нерсе,
Жалгыздардын жаны бекем, жолу өжөр.
Алсыз болуп кокус сага эстелсем,
Алсыздарга караан-кубат боло көр…

Мени аяба күйсөм, сынсам, жыгылсам,
Күн кулабайт, гүлдөр менсиз соолубайт.
Менсиз деле жаркып атат Улуу таң,
Менден калган жол өмүрүн жол улайт.

Сен Жарыксың… Мен жалтандым жарыктан,
Күнөө менде чоң сүйүүдөн кичирген.
Аалам ушул жылдыз өчкөн, жан учкан,
Миң жарык бар бир жарыктын ичинде.

Мен жалтандым, жаздым багыт, бактыман,
Менин эми барар жагым белгисиз…
Жолдор жолго уланганын жактырам,
Мекен мага дүңгүрөгөн Жер жүзү!

♦ ♦ ♦

…Эшикте кар… Ак көшөгө – Жер дүйнө,
Актан бүтөт, билем, өмүр сапары.
Кардай муздак тагдырыңды мен билген,
Кардай муздап неге кошо жашадым?!

Неге үшүдүм? Өз өртүмө байкабай
Неге күйдүм? Кайсы бирин айтайын?
Жашоо мага – аңгыраган ай талаа,
Асманы алыс, деңиздери чайпалуу…

Сен да алыста… Айтар сөзүм калбады.
Буйруганы… Менде эле эмес бул арман.
Аңдалбаган жалганы да, жанганы,
Дүйнөң арман тумандаган, тунарган.

Бул дүйнөнүн катасына, кегине,
Сен түтөсүң көтөрүмдүүм, сабырдуум…
… Бир шынгырап жашап өткүм келди эле,
Мен жаңырган жерден дүйнө жаңылды.

Жаңылгандан жүрөгүмдөн түнөргөн,
Арман эми көрүмдүр же көзүмдүр.
Мен бир жанмын өз өртүнөн түгөнгөн,
Кай мүнөзүм эстеп калсаң – өзүң бил.

Кардай муздак тагдырымды сен билген,
Кардай муздап неге кошо жашадың?..