ГУРГУБАЕВА Нарсулуу: ЖАШ АКЫНДЫН ЖАҢЫ ЫРЫ

Нарсулуу ГУРГУБАЕВА

* * *

Жалын сүйүү, жарым бакыт апкелген
Деңиз дүйнөм, эгиз дүйнөм, сөз дүйнөм…
Жашап жүргөм мен дүйнөгө баш бербей,
Дүйнөнү да шул жашоого көндүргөм.

Бийиктерден бийиктерге ээрчиткен
Жалган дүйнөм, жанган дүйнөм, Күн дүйнөм…
Сүйүү менен ай тутулган, Жер бүткөн
Билем, эми жаркып жашап үлгүрбөйм.

Мен баары бир күйүп кетем күтүүдөн,
Жарым сүйүп, жарым жашап көн дебе.
Шул бакытка жарашпаган үчүн мен
Жашоого да жарашпаган өңдөнөм.

Кең дүйнөнү кезип, безип кеттим мен,
Куса менен бүтпөгөн да, өтпөгөн…
Коштошпостон кетет, билем, эрктүүлөр,
Коштошпостон кеткенди мен жек көрөм.
Коштошпостон кеткендерди жек көрөм…