ЖАМГЫРЧИЕВ Бердибек: БЕРДИБЕК ЖАМГЫРЧИЕВ: ЧЫНДЫК ӨЛДҮ!

Чындык өлдү, чындык өлбөй ким өлдү?
Чындыгы жок ушул жашоо түгөлбү?
Тереңинде ырысы жок сотторго,
Текебаев тепселгенде бир өлдү…

Убактылуу дөөлөтүнө манчыркап,
Уурданышат сөөлөтүнө кан чуркап.
Дарты күчөп кайда барат келечек,
Дал ушинтип чындыгы жок жанчылсак.

Чындык тарых, тепсесең да бузулбайт,
Чындык калптын чөйчөгүнө сузулбайт.
Өрттөй күйүп акыйкаты калкымдын,
Өмүрбектин өмүрүндөй тызылдайт.

Бийлик деген кол жоолуктай бүктөлгөн,
Жалган дүйнө турбайт жалаң үстөлдөн.
Ардангыла кыргыз журту ушуга,
Акыйкатты болбой калды күткөндөн…

Каралыгы качан тарайт Ак үйдүн,
Куту качып жок болгонбу ал үйдүн?
Дардаңбайлар бүгүн болсо бактылуу,
Да бир күнү соту болот абийирдин…

Кайда отурат калыстыктын хандыгы?
Кайран эрлер берген анттан тандыбы?
Кадыры жок калп баркына татыбас,
Же акыйкат ошончолук жардыбы?

Жанчылдык ко, акыр түбү тындык деп,
Жатып алган болбос азыр сындык деп.
Акыйкатты бүгүн сактап калбасаң,
Эртең бекер кыйкырганың чындык деп!!!