ЖАНЫШЕВ Караш: КАРАШ ЖАНЫШОВ: БАЛДАР АДАБИЯТЫ

ЖАНУЗАК

Үчтө жашы кичинекей Жанузак,
Үй четинде ойноп жатат жалбырак.
Жакын барып бул эмне деп сурасам,
“Жарбылак” деп айтып койду балдырап.
Ананайын тилиңден деп сыласам,
Алайып ал карап калды жалдырап.

 

СООРОНБЕК

Кичинекей Сооронбек,
Атаке “чышшш” кылам дейт.
Сасыгым сыртка чык десе,
Караңгы кантип чыгам дейт.

— Барагой уулум атырым,
Коркпогон менин баатырым.
— Анда ата, мында келгиче,
Атымды айтып чакырың.

Эшикке чыкты элеңдеп,
Чоң ишин жасап белендеп.
Чуркады кайра артына,
Үй ичин көздөй сереңдеп.