ЖАПАРОВ Дүйшөн: ДҮЙШӨН ЖАПАРОВДУН ПОЭЗИЯСЫ

 Даба

Жазмышым, басар жолум ачаланды,
Жазыксыз балдар катуу жазаланды.
Атымды ошолорго актап берер,
Аттиң ай, жакшы ырларды жазаламбы?!

Өмүрдү бүт коштогон күйүт менен,
Өзөккө өрт жабышып, күйүп келер
Өздөн да, өзгөдөн да кайыр күтпөй,
Өзүмдү өзүм таштай түйүп келем.

Бир кайгы бир кайгыны улайт тура,
Бир кайрат бир өмүрдү сынайт тура.
Жылмышып багы баштан тайыганда,
Жылдыз да жылт деп төмөн кулайт тура.

 

Жан кыйын. Өлөйүн деп өлалбадым,
Жашоого отуз жылда көналбадым.
Бай, бардар кишилерди көрүп жүрөм,
Бактылуу кишини мен көралбадым.

Кулундай тулпар чыгаар чыйрак, күлүк,
Кунда жок жылдар калды кыйрап-бүлүп.
Жашоого ошондо да алдап турган,
Жазылган ырлар гана ыйлап жүрүп…

Балалыкты эскерүү

Калды мектеп «тил угам» деп ыйлаган,
Кыр-кырлардан «кыройлоп» кой жыйнаган.
Кырылгырлар кемип калып кечинде,
Санаа эзип кыйнаган.

Таштап ийип бүт жандилин түрүнүп,
Тапшырманы так аткарган жүгүрүп.
Түндө дайым буту ооруган, эти ысып,
Буту кызыл жүгүрүк.

Балалыгым эске түшөт, сагынам,
Анда жапжаш, атам азыр карыган.
Андагыдай бакыт дагы алыстап,
Мен да атамдай карыгам.

Тирлик

Басылбай бороон болуп боздоп турам,
Баласы өлгөн үйгө окшоп турам.
Кара чаар жылан көргөн түшү сайын,
Качанкы өзүмдү өзүм жоктоп турам.

Бу тирлик карайт мага ыйлачудай,
Былк этсем урап түшүп кыйрачудай.
Баталбай жат-жакынга бараткансыйм,
Чоңоюп жер үстүнө сыйбачудай.

Барбы ыя, бакыт, сүйүү мен издеген,
Барайын Батый кандай жеңиш менен.
Кемедей аман келген сыяктанат,
Алышып ай чапчыган деңиз менен.

Кышкы дарак

Көргөндүн көзүн азгырган,
Көрүнбөйт көркү кечээги.
Акындай калган жакшы ырдан
Билинбейт тирүү экени.

Бириндеп күзгө үзүлүп,
Жолдордо калып чачылып…
Жылаңач нени күтүнүп,
Аязда турат ачынып.

Сестентип жансыз сүрүнөн,
Тамырын жерге ныгырат.
Тааныбай калдым үнүнөн,
Ким кетти экен шыбырап?

Булуттар

Кошойдун тоосун айланып,
Коюлуп көчкөн булуттар.
Кайыгып турам тагдырдан,
Кайгымды менин унуткар.

Агартып дилиң жубардай,
Ак жамгыр болуп нөшөрлө.
Ат-Башы дайра ташкындап,
Агылсын батпай өзөнгө.

Эскирип кетип баратам,
Эстей жүр байкуш Дүйшөндү.
Соконун тиши тилбесин,
Сен эзип түздө мүрзөмдү.

Жаздын он бешинчи күнү

Өткөн иштей жакшылыкка арналбай,
Өмүрүмдү өксүткөн бир армандай.
Калды эсимде араң чыккан ушул ыр,
Катуу оорудан аз-аз жерден калгандай.

Токтоо билбей тоону жарган суулардай,
Жакшы өнөргө жаманатты жуугандай.
Кайрат, намыс кайрылууда каныма,
Каран күндө каралашкан туугандай.

Көңүл толуп, көз кубанып жашылга,
Көктү бербей каркыра учат жакында.
Кайра жанып үмүт кургур бүлбүлдөп,
Кам урамын өмүр деген асылга.

Маанайым чак майрам көрүп тургандай,
Мага назик манжаларын сунгандай.
Атаганат, тилегимде дале бар,
Ушул күндөй жашап өтүү булганбай.

Жалгыздыкка он кайрык

Кыйылганың эл-жер деп,
Кылын чертти сезимдин.
Бийиктигиң – жаштыгың,
Бир боорумдай сезилди.

Калдаясың жапжалгыз,
Калк кайнаган базарда.
Күндөр келди ушундай,
Күлбөй калган жасалма.

Уукпагын тардыктан,
Учсуз аалам, кенен жер.
Жалгыз болот жолдошсуз,
Жаан бузган кеменгер.

Жалгыздык бул – эркиндик!
Жандасын күз, жаз, жай, кыш.
Сапар тарткан ааламга,
Саманчы да жапжалгыз.

Талант болот тапканга,
Канат болот какканга.
Самсып жүрөт жалгыздан,
Сансыз жылдыз асманда.

Чын дилимден

Жармы кулап, жармы асылып калган ай,
Жашоом менин качан толот, арман ай?!
Мелт-калт болгон учсуз жарык дүйнөдө.
Мекен издеп таппай келем жанга жай.

Баш көтөрүп басарымда басындым,
Баш катырып далай таңды атырдым.
Аралынан ажыраган казактай,
Азыр мен да армандуумун, такырмын.

Жаза басып жыгыларда таярга,
Жанда жүрүп, сырым билип аярга,
Музыкада муң-шаттыкты бөлүшөр,
Муктаж экем мен бир изги аялга.

Канат болчу кайкып учар жыргалда,
Кайрат болчу карек эзген ыйларда.
Өктөм жанып, бир кылчайып алармын,
Өмүрүмдөн өтүп кеткен жылдарга.

Жаш көбөйүп баратканы күнөөмбү,
Жарыгыңды чаччы мага күн өңдүү.
Өмүрүмдө баалабадым бакытты,
Өлүп калсам андан бетер күмөндүү.