Атактуу Адамдардын Карылык Жөнүндө Насыйкаты

  • 15.03.2024
  • 11210

— Карылыктын көп жыргалчылыктары бар, аны пайдаланганды гана билиш керек.
Луций Аней Сенека, байыркы римдик философ жана саясатчы.

— Жаштык – акылмандыкты өздөштүрүү мезгили, карылык – аны колдонуучу учур.
Жан Жак Руссо, француз философу

Карыган кезде жаштык жөнүндө көп ойлойсуң.
Александр Дюма (атасы), француз жазуучусу.

— Жаштар өлүшү мүмкүн, каргандар – өлүш керек.

— Карылыктын мүмкүнчүлүктөрү жаш кездегиден кем эмес, бирок кийген кийими башка.
Генри Уодсворт Лонифелло  – америкалык жазуучу.

Адамдын кары же жаш экени; ал өзүн кандай сезгенине жараша болот.
Томас Манн, немис жазуучусу

Жакшы каруунун мааниси, жаштарга жүк болбой, жөлөк болуу, атаандаш эмес окутуучу болуу, кайдыгер эмес түшүнө билүүсү.
Андре Моруа, француз дипломаты жана жазуучу.

Жаштар кыялданат. Каргандар эскеришет.
Луи Арагон, француз жазуучусу.

Эң чоң жаңылыштык – карылардын акылмандыгы тууралуу. Карылар акылман эмес, алар болгону сак болушат.
Эрнест Хемингуэй, америкалык жазуу.

Карылык – бул бардыгынын жообун билесиң, бирок сенден эч ким сурабайт.
Жонстон Питер Лоуренс, америкалык жазуучу.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз