Мирлан Алтымыш Уулу: Сараң Болуп Баратам

  • 29.12.2019
  • 10962

Сен карабай жүргөн кезде күйгүзүп,
Мен тажабай ашыктыгым билгизип.
Капчыгымды далай жолу жукарткам,
Кайра-кайра кафелерге киргизип.

Көлөкөңдөй калбай ээрчип сүйрөлүп,
Майрам сайын букет-букет гүл берип.
Театр, концерт, кинолорго алпарып,
Чуркап жүрүп алгам сага үйлөнүп.

Үйлөнгөн соң, мүнөз калып мурдагы,
Кафелерге киргизбестен бир дагы,
Сараң болуп кетиптирмин. А тургай
Сатып бербей, майрам сайын гүл дагы.

Бапыраңдап бере берсе белекти,
Баркы кетип ысрап болот эмеспи.
Сага белек сатып бербей учурда
Сараң болуп кеткеним да себептүү.

Айлык алсам өзүмө алам дебеймин,
Сага көйнөк алперсем деп жөнөймүн…
Багытымды орто жолдон өзгөртүп,
Батир үйдүн ижарасын төлөймүн.

Үнөмдөймүн, кем-карчыңды бүтөйм дейм,
Айлыгым аз, өп-чап жетет… Түтөйм мен.
«Бир букет гүл» сага алперем деп кирип,
«Ун, нан, шекер» алып чыгам дүкөндөн…

Аны айтып, акча алып атамдан,
Муну айтып, акча сурап апамдан,
Сага «атыр» алайын деп баратып,
«Айна», «самын» алып келем базардан…

Сага дайым бере албастан белекти,
Сараң болуп калганым да себептүү…

МИРЛАНДЫН КЫЯЛЫ

Күйөө болуп алгым келип баарына,
Көп сулууга суктанамын дайыма.
Кайра бирок тизгиндеймин напсимди,
Калбайын деп жубайымдын каарына.

Эл аралап, бир жагымдуу кеп жүрөт,
«Эки үч аял алса болот» — деп жүрөт.
«Келинчекке акылдашчы» дегенсип,
Көкүрөктү чертип коёт эт жүрөк.

Эгер менин жашоо шартым жарашса,
Эки-үч аял алып коюу заматта.
Айлыгым аз бир аялды бага албас,
А экөөнү багып алуу каякта?

Көргөн сайын сулуулардын чырайын,
Көзгө сүртөр дары кылып турайын.
Баарыӊарды алуу үчүн сулуулар,
Байыгандын аракетин кылайын.

ТАҢ КАЛАМ

Көчмөн турмуш турган менен миң экчеп,
Кыргыз элде даанышман көп, зирек көп.
Таң каламын «астрономия» болбосо,
Жылдыздарды кантип таанып билет деп!

Ал кез… кылыч, найза кармап согушкан,
Ал мезгилди ойлой берем болуп таң.
Обсерватория, телескобу жок туруп,
Кантип кыргыз «астроном» болушкан?

… Боз үйү бар кыргыз кантип билбесин?
Түндүк түрүп ачып жатса түндө тим.
Түндүгүнөн жылдыз карап түн бою,
«Телескобу» түндүк болуп жүрбөсүн?

Арбын эл бар далалатын жасаган,
Түйшүк менен жылдыздарды атаган.
А кыргыздар көчмөн турмуш кечирип,
Боз үйүндө жылдыз санап жашаган!
Тезек терип жүрө бербей темселеп,
Туу чокуда жылдыз уучтап жашаган!

КАЙРЫЛЫП КЕЛСИН ОШОЛ КҮН

Кайрылабы ошол шаңдуу күн кайра,
Кол кармашып бөлүнбөстөй басканбыз.
Сен экөөбүз сыр чечишкен бульварда,
А мен азыр бара жатам жапжалгыз.

Арман эзип жүргөнүмдө кумсара,
Атыр жыт да жыттанбай тур мурунга.
Айлана кооз гүлгө оролуп турса да,
Алар сенсиз арзыбайт бир тыйынга.

Буулугудан көңүл сени эңседи,
Бурсат барбы өткөн күнгө баргандай.
Күлүп-жайнап көрүнөбү дейм сени,
Күн булуттан жарк деп чыга калгандай.

Күтсөм дагы таңдан кечке эринбей,
Болбой калды шаңга бөлөр майрамым.
Алыс калып көлдүн эки жээгиндей,
Бүгүн сени кезиктире албадым.

Жолугууга келип калса бул жолу,
Көңүл бурбай коёбу деп анчейин.
Ак көйнөктү, кара шымды түн бою
Жууп, үтүктөп кыйналганым кантейин!

Бирге басып сейилдеген асыл күн,
Бир кайрылып келе турган жолго айлан.
Сен түшүмө кирген түндөр кадыр түн,
Сен жолуккан күндөр мага чоң майрам!

АКЫНТААНУУ

Акындар алар кимдер?
дүйнөсү такыр бөлөк.
Өмүрлүк жубайындай
ырларын жакын көрөт.

Сырдашы – тоо-таш, талаа
арманын төгүп турат.
Кумурска кулагынан
күлкүсүн көрүп турат.

Кызынын чачтарындай
ыр сабын сулуу өрөт.
Көз менен көрбөйт алар
көкүрөк менен көрөт.

Кулагы локатордой
Кудайдан сурап алган.
Чиркейдин жүрөгүнүн
кагышын уга да алган.

Жарыкка апкелсе да,
толготуп өжөр эне.
Карында бир жаткансып,
киндиктеш «ЖЕР ЭНЕге».

Төшөгү – жашыл майсаң,
жуурканы – көпкөк асман.
Акындын жүрөгү кең
ай-аалам бүкүл баткан.

Курдашы – караңгы түн,
абалын сурап турган.
Тарагы – мелүүн шамал
чачтарын сылап турган.

Адамдар каранганга
үйүндө турат күзгү.
Ал эми акындардын
күзгүсү – көлдүн үстү.

Жулунуп дүйнө дебей,

журт жүгүн жонуна артат.
Топчудай чындык үчүн
тоодой чоң түйшүк тартат.

Бир туруп калеминен
ыр тамат балдай таттуу.
Каарланса калем менен
камырдай жууруйт ташты.

Мүнөзү кээде катаал
а кээде мелмилдеген.
Жүрөктө сүйүүсү бар
төрт мезгил тең гүлдөгөн.

Кылымдап турган тоолор –
акындын куракташы.
Ак сүйүү, арман, сезим –
акындын классташы.

Билишет өмүр темпин
көбөйтүп, азайтууну.
Өлүмдүн алы жетпейт
өлбөстөн жашайт ыры.

Акындар алар кимдер?
Дүйнөсү такыр бөлөк, –
Алмадай сүйүү үчүн
ажалга башын берет.
Алаамат болбош үчүн,
ааламга акын келет.

Башыма жүктөп арман,
башканы издеп алган.
Акылсыз кыз экенсиң,
акынды сүйбөй чанган!

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз