Френсис Бэкон: Убакыттын көбүн досторуң уурдайт

  • 15.03.2024
  • 3874

Байлык – жакшы кызматчы, бирок жаман кожоюн.

* * *

Кесиптик суроо менен сизди жарга такаган адам, демек, кесибиңизди ийне-жибине чейин билет.

* * *

Сүткор бирөөнүн адал теринен нан табат.

* * *

Адамдын маймылга эң окшош жери – өргө тырмышкан сайын көчүгү көрүнөт.

* * *

Басса-турса кантип кек алууну ойлонгон адамдын жарасы айыкпайт.

* * *

Жаратылышка баш ийсең, ал сага дайыма баш ийет.

* * *

Билим мага жан сактоо үчүн эмес, билимге билим кошуу үчүн керек.

* * *

Балдарды момпосуй менен, чоңдорду ант менен алдашат.

* * *

Бирөөнүн жандүйнөсүн аңтарганың, анын чөнтөгүн аңтаргандай эле кеп.

* * *

Кебете-кешпири суук адамды шылдыңдасаң, ал адам жаратылыштын шылдыңдаган өчүн сенден алат.

* * *

Келечеги жок адам келечек жөнүндө көп талкуу кылат.

* * *

Убакыттын көбүн досторуң уурдайт.

* * *

Философтор жылдыздар сыяктуу анчалык жарык бербеген себеби, алар өтө эле бийикте.

Орусчадан оодарган Олжобай ШАКИР

Комментарий калтырыңыз