Кожогелди Култегин: Шөлбүр кыз

  • 19.05.2020
  • 6665

1.

Жутканда кымыз, айран да, чалап,
жүгүргөн бойдон кан-жанга тарап...
Торолмок тургай, жетилдим канча
тоолорду тосо калганга жарап!

Эмне эле энсиз – арасы жолдун?
Ээрчип жүр иттей – даанасы ойдун!
Уйга же атка боюмду катып,
уурданып сени карачу болдум...

Шаанини а сен жуутпаган “пенде”,
шашкеге дейре уктаган “пенде”.
Тезекти кээде чогултуп койгон
тээп өтөөр элең чуркаган тейде!

Үстүңө кийип далбырактарды,
үркүтүп жүрсүң шалбырап малды.
Катуураак сени сүйүнтүш үчүн
качсамбы мен да жанга улап жанды...

Боону эжем кечке көнгөндөй согуп,
болбой мен окуйм – өнгөндөй толук!
Китептен калың – коркосуң а сен
килейген деңиз көргөндөй болуп.

- Китепке тартып – кол сунуу зарыл,
кызык бир сукбат болтуруу зарыл.
- Баарынан мага Толстой жагат,
баарлашсак – узак олтуруу зарыл...

Толстой чалдын сакалы тийип –
таасири күчпүз, катары бийик!
“Сабакка” бирок келесиң дайым
апаңдын эски чапанын кийип.

Шөлбүрөп... жаанда кашайган... шойкон...
шөлбүрөп жатып тазарган чолпон!
Кур шылтоо менен “бөбөгүм сымал”
кучактай жаздап – чапандан корком...

Шөлбүрөк, Шөлбүр, Шөлбүрүм менин!
Шөкөттөйт дилди мөлдүгүң сенин!
Мөөрүңдөй көрөм, дээриңдей көрөм
мөңгүнүн желин, мөңгүнүн демин!

“Насилдеш болуп... шерденип... арбап...
Наташа кызды Пьер келип жандап...”
“Ой, жырга-ал!” – дедиң ордуңдан ыргый!
Олжоңу турдуң термелип кармап. 

Колуңда эки кичине курут...
кош данек сымал... ичимен муюп...
Чочуттуң – тапкан куруттун бирин
чоң эле мендей кишиге сунуп...

Чапандан тапкан куруттун бирин
чалкыттың – “жаңы” кишиге сунуп...

2.

Жайлообуз биздин Жалгызгыр эле,
жанашып сезим жангыздың эле –
учкаша калсаң мен минген атка, 
уланткым келчү жай-кыштыр деле.

Булкунган айгыр – экөөбүз минген,
булкунган дүйнө – экөөбүз билген.
Чакчыгай учуп жалт берип бирок,
жармаша калсаң – жалбырттап ийгем!

Туйлаган айгыр – экөөбүз минген,
туйлаган дүйнө – экөөбүз билген.
Пар-р этип торгой үркүтсө бирок,
аркамдан алоо шар-р этип тийген!

Ат үстү жыргал, ат үстү өргүү!
Ашыгып дайым күтөмүн өрдү –
өзүңө тартсаң кучактап, Шөлбүр,
өөп ийгим келчү өйдөлүштөрдү...

Карабай – көктө кыргый-куш барбы,
каалаймын эңкүү... сен жылмышканды –
өзүңдөн-өзүң жабышсаң, Шөлбүр, 
өөп ийгим келчү ылдыйлыштарды...

Шөлбүрөк, Шөлбүр, Шөлбүрүм менин!
шөкөттөйт дилди мөлдүгүң сенин!
Мөөрүңдөй көрөм, дээриңдей көрөм
мөңгүнүн желин, мөңгүнүн демин!

Көп сөздөр чыкпай – киңкилдеп-көөшүп...
көңүлдөр турчу силкилдеп өсүп –
азынап ийген айгырдан бизге
алаамат сезим диртилдеп өтүп!!!

Жайлообуз биздин Жалгызгыр эле,
жанашып сезим жангыздың эле –
учкаша калсаң мен минген атка,
уланткым келчү жай-кыштыр деле.

О-о, анда ышкын кезибиз, ырас –
10-класс, 7-класс...
“Жигитиң барбы?” – деп сурап сенден,
жиниңе тийгим келди эле бир аз...

“Жигитиң барбы?” – азыр да сурап,
жиниңе тийгим келип жүр бир аз...

3.

Буй-сезим – өлчөп-тактагыс белем!
Буй-сезим – нускап-чактагыс белем!
Келатам сага ат менен эмес,
келатам сага автобус менен.

Бүктөлөм – сен деп бүлүнсө санаа!
Түздөлөм – булут сүрүлсө гана!
Жолугаар жерим – Жалгызгыр эмес,
жолугаар жерим – Фрунзе калаа.

Ажатым толо арманым бугуп,
автобус анын салмагын туюп –
омогум таппай ойрондоп келем
окуудан кулап калганың угуп.

Оңунан жолуң келтирээр нечен!
Ойлонуп сени энтигем-нетем –
окууга өтсөң, так ошол замат
өзүмө өтүп келчүдөн бетер!

Жактырбай жанды – уялып чындап,
жатат ко дегем суналып, чырдап.
“Кутулду-ум!” – дедиң делбирип тосуп,
“Кутулду-ум!” – дедиң кубанып-жыргап!

“Кандай бир шамал айдаган, – дедиң, –
кайтамын тоого кайрадан!– дедиң. – 
Өтө албай калган окууга – кеппи,
өтөмүн ат чаап дайрадан!” – дедиң.

Тоолордон топтоп чураткан сымак,
торколуу күлкүң булактай чыгат –
сынактан өзүң кулабай эле
сынакты өзүң кулатканчылап!

Өрт көзүң, жаным – өргүүнүн чордон!
Өзөнүң толгон, өндүрүң толгон!
Кылтылдап, жайнап жетилсең дагы
кымбатсың менде Шөлбүрүм бойдон...

Шөлбүрөк, шөлбүр, шөлбүрүм менин!
шөкөттөйт дилди мөлдүгүң сенин!
Мөөрүңдөй көрөм, дээриңдей көрөм
мөңгүнүн желин, мөңгүнүн демин!

Үзүлүп бийлеп – катырып кирдиң,
Үчүнчү курсту качырып кирдиң...
Парпырак салып көйнөктүн этек,
саратан-жайды сапырып кирдиң!

Сүзгүчтө калган буладай сезим
сүдүрөп чыгып буурадай чечим:
“Ойлонуп бүттүм, экинчи жолу
окуудан минтип кулабайм...” – дедиң.

Насили сөздүн – жупташкан канат!
Намысың турдум устатча баалап!
Жакшылап, демек, даярдык көргүн –
жаттым мен жалгыз бүт-жактан жаалап!

Жаалаган кебим кошууда акыл,
жаалаган кептин боосу да асыл!
 “Тагыраак айтсам, кулабаш үчүн
тапшырбайм, – дедиң, – окууга такыр...

Таң жиреп... ат чаап... гүл кечиш үчүн
тапшырбайм, – дедиң, – окууга такыр...”

4.

Суроо тур! Суроо! Сунгандай таасын!
Суроону койгон – бул кандай катың?
Сурданат конверт, ачпастан турам
суулуктан кармап тургандай атың!

Чапталган жерге тайраңдай конуп,
чакыят суроо – ал кандай жорук?
Деле бир болбойт – атына киши
тескери минип алгандай болуп...

Сунуш сөз жазсам – аткарбай утур,
сурообуз арбын каттардай ушул.
Конверттен сыртка чыгыптыр бири
ат үркүп – ала качкандай кудум.

Чыкпасын окуу санааңдан десем,
чымыркан, тапшыр, даярдан десем –
ойкелди сүйлөп жазасың жоопту,
ошонум сага зарардан бетер:

“Чыныгы базар башталаар чууну айт!
чындыктан тайса – таш деле куурайт...
Таанышсыз киши, акчасыз киши
тапшыраар күндөн башта эле кулайт...”

“Чыркырайт жакын-ыраактан баары,
чындык бар мени ынаткан жаңы:
мейли эле калсам окуудан кулап,
мен кулайм сиздин сынактан дагы...”

“Шаардагы жашоо – битирөөм керек,
шар таппай жоопту... титирөөм керек.
Мээси кем жан да боолголоп турат –
мен эмес, сизге диплом керек...”

“Акыйкат эмес борборум андай,
арданткан дайым ойлорум бардай:
таанышты салып, акчаны берип –
тагдырлаш сизге болгонум кандай??????”

Беш суроо белгиң – беш салаа сымал,
бешөөнө, балким, беш талаа сыяар?
Ал эми жаңы каттын бул суроо
абыдан сырдуу беткарашынан!

Оңунан быйыл келтирээр бекен,
ойлонуп сени энтигем-нетем –
окууга өтсөң, так ошол замат
өзүмө өтүп келчүдөн бетер!

Ачтым да катты – аярлай калдым...
алапай... айла таба албай калдым...
Асты-үстүн болуп дүнүйө мага...
ачылган оозум жаба албай калдым...

Тайраңдайт тамга... айкара болуп...
тамтаңдап турам кайтара толук –
“Качырып кетти... “ деген сөз дароо
 каңтара коюп... аңтара коюп...

Сел алып... ташка уруп тур ушу...
сезимдеримдин сыныптыр буту...
“Отуруп калдым...” – сөзүңдөн момун
оромолуңдун чыгып тур учу...

Ким?.. Ким?.. Ким?.. Кимге?... Таппай мен селден...
Ким?.. Ким?.. Ким... Ким ал – “чак келген”... “жеңген”?
Маңдайга тике карап сен катта:
“Маширап, – дедиң, – аскерден келген...”

Кесилди чактым... кесилди тактым...
кетилди күлкүм... кетилди бактым...
Шөлбүрөп... мурдум тарта албай атып,
шөлбүрөп турган кезиңди таптым.

Шөлбүрөк, Шөлбүр, Шөлбүрүм менин!
шөкөттөйт дилди мөлдүгүң сенин!
Мөөрүңдөй көрөм, дээриңдей көрөм
мөңгүнүн желин, мөңгүнүн демин!

Айыптайм кимди – качыргандыбы?
Айылдан баарын жашыргандыбы?
Кат жазса дагы – дарегиң-атың
курсташ кыз жазып... жашынгандыбы?

Тарса-турс жүрөк... качырап бекем...
так эми кайда шашылат десең?
Конвертте атын тескери минген
каракчы суроо – Маширап экен...

Баамдадым эми, сыртында каттын
балчайган суроо – Маширап экен...

5.

Далай кез өтүп... айылдап барып,
дайрада жүрмүн кайырмак салып.
Өрт чыкты дароо өзөгүм жактан
өйүздөн сени азыр шак таанып!

Өрттү ошо келип азайткым, баскым,
өзүңдүн тушка наз арттым, шаштым.
Кайырмак колдон ыргыды өрттө –
катуулап булкуп баратып, аттиң...

Желпектеп алгам жеңимдей болуп,
жеңилген элем жеңилбей коюп...
Кайталайт улам ташкындап дайра:
“Каршылаш турган жээгиңден жолук...”

Сузганда сууңдан нур жанат сага!
Суй жыкпай, Шөлбүр, мурдараак кара?
Жөнөттүң анан саламың ысык
чөмүчүң бийик булгалап мага!

Кыйкырык жандап өкүнчүм учту-ай,
кыйналдык – сен да, өзүм да укпай...
Жарылып барып жалынып ийсем –
чалп этти сууга ок жеген куштай.

Өрт көзүң, жаным – өргүүнүн чордон!
Өзөнүң толгон, өндүрүң толгон!
Сүлкүлдөп, жайнап, жетилсең дагы
сүрдүүсүң менде Шөлбүрүм бойдон...

Шөлбүрөк, шөлбүр, шөлбүрүм менин!
шөкөттөйт дилди мөлдүгүң сенин!
Мөөрүңдөй көрөм, дээриңдей көрөм
мөңгүнүн желин, мөңгүнүн демин!

Камсыздачудай угаарың жакшы –
калкалайт чөмүч кулагың жакты.
Кагылып ага кетчүдөй болуп
каадалуу кармап турамын башты!

Башкача тейде сүйүндүң бүгүн!
Башка жан терген сүйүүңдүн гүлүн.
Түймөңдөн кээде жарк эте калат
түпкүргө түшкөн түйүндүү Күнүң...

Желпектеп ийем жеңимдей болуп,
жеңилген элем жеңилбей коюп...
Калк сымал айтат ташкындап дайра:
“Каршылаш турган жээгиңден жолук...”

Сүйүнүч түйнүн чече албай – зармын!
Сүйүүмдү беттеп... жете албай – зармын!
Өтмүштөй аккан дайрадан мобул
өтө алмак турсун, кече албай – зармын!

...Өрттү, ооба, келген азайткым, баскым,
өзүңдөн кийин... каранкүн... чачкын...
Кайырмак колдон ыргыган өрттө –
катуулап булкуп баратып, аттиң.

Бүлүнгөн ишти бүт көргөн сымал,
бирок мен турам түш көргөн сымал.
Ак балык жок ко – ташталган серппей
“амнисти/яга” туш келген сымал...

Ырахмат айтып кетиптир балык
ырайым-шартка туш келген сымал...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз