Сергей Довлатов: Жападан жалгыз туура жол – бул жаңылуу, көңүл калуунун жолу

  • 24.11.2023
  • 3358

Абийирдүү адам — бул жүзү каралык жазаса да, жийиркенип жатып араң  жасаган адам.

*     *     *

Кызыбызды тарбиялап деле жыргаткан жокпуз, болгону аны сүйчүбүз.

*     *     *

Баарына эле белгилүү болгондой, үй-бүлө турмушунда тең укуктуулук деген нерсе жок. Артыкчылык дайыма азыраак сүйгөн тарапта: эгерде ошол нерсени артыкчылык деп эсептесек.

*     *     *

Аялымдын ою боюнча эринин негизги милдети – бул эң биринчи кезекте ичкиликтен алыс болуу.

*     *     *

Кызгануу – бул башкалардын жаңылыштыгы үчүн өзүңдөн өч алуу.

*     *     *

Эң узакка созулган бирге жашоо – бул ажырашуунун алдынагы жашоо деген пикир бар.

*     *     *

Акча – бул эркиндик, мейкиндик жана каалаганыңды кылуу. Акчаң болсо, жакырчылыкты кыйналбай өткөзөсүң.

*     *     *

Карызың кыйнап жатабы? Кимдин гана карызы жок дейсиң? Капа болбо. Бул адамдар менен байланышыңды үзбөй кармап турган жападан жалгыз нерсе.

*     *     *

Жеңилүүнү билүү – бул чоң өнөр. Бул керек болсо жеңип чыккандан да кыйын.

*     *     *

Дайыма иши оңунда жүргөн адам үчүн эң чоң сыноо – бул күтүүсүздөн келген кырсык.

*     *     *

Асылзат адам – бул өз кызыкчылыгын унутуп, бирөөгө жакшылык кылууга ар дайым даяр адам.

*     *     *

Жападан жалгыз туура жол – бул жаңылуу, көңүл калуунун жана үмүттүн жолу. Жашоо деген өз тажырыйбаң аркылуу жамандык менен жакшылыктын айырмасын аныктоо болуп саналат. Башка жол жок.

*     *     *

Генийлердин деле тааныштары болору баарына түшүнүктүү. Бирок анын таанышы гений экендигине ким ишенет!?

*     *     *

Сүйүү бул – эркиндик. Эшиктер ачык турганда – баары жайында. Бирок каалга сыртынан бекитилсе – бул түрмө.

*     *     *

Айланадагылар чындыкты айткан адамды эмес, ак көңүл адамды жактырышат. Эр көкүрөктөрдү эмес, боорукер адамды, принципиалдуу адамды эмес, көңүлдү калтырбаган адамды жакшы көрүшөт. Башкача айтканда, алардын сүймөнчүгү принциби жок адамдар.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз