Жан Лабрюйер: Бир ойнош күткөн аял өзүн-өзү ойсоке санабайт

  • 22.09.2020
  • 4098

*       *       *

Аялдардын жашын сурагандан көрө, кары кишинин канча өмүрү калганын сураган жеңил.

*       *       *

Жаман устанын белгиси – балка-чоту эле көп.

*       *       *

Ондогон жылда коромжу болбогон сараңдын байлыгы одүйнө аттанган күнү ыксыз коромжу болот.

*       *       *

Бу жашоодо сүйгөнүңдүн ажарындай ажар, сүйгөнүңдүн жагымдуу үнүндөй үн барбы?

*       *       *

Жек көргөн адамың менен жашагандан көрө, жакшы көргөн адамыңды сагынып жашаган жеңил.

*       *       *

Балдар жүткүнчөөк, сугалак, ичкүйдү, кулак түрмө, өзүмчүл, жеңил ой, шарт-шурт, коркок, осол, айдатма, калпычы анан түнт болушат. Алар күтүүсүздөн ыйлап да, күлүп да жиберет. Болор болбоско ыржактаган менен бирок чексиз кайгырат. Ызаны көтөралбайт, башкаларды ыза кылганды да жакшы көрөт. Анан эле бир күнү карасаң киши.

*       *       *

Балдардын чоңдордон айырмасы – өткөн чак, келер чак ене ниши жок. Бирок бизге караганда алардын бир жакшы жери – учур чакты пайдаланышат.

*       *       *

Бир ойнош күткөн аял өзүн-өзү ойсоке санабайт. Ойношторуна эсеби жетпей калганда гана ойсокелигин бираз моюндайт.

Которгон О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз