Тарык Бугра: Сабиздүү палоо

  • 04.09.2020
  • 3103

АҢГЕМЕ

Жамгыр көл-шал болуп төгүп жаткан. Мындай аба ырайында бир гана жасай турчу жумуш тапкандар, тапканын жасай алгандар тажабайт. Мен болсо газетадагы баш катырманы чечмелеп отургам. Бул кара күн башка түрдүү өтчүүдөй эмес.

Жубайымды ойлогум келди. Дагы деле сулуу бойдон. Азыр кечки тамакты жасоонун убарасын тартып жүрөт. Ашкана иштерин жакшы көрөт. Канча аракет кылсам да анын элесин көз алдымда чагылдыра албадым. Бул өтө аянычтуу абал... Эмне кылуу керек?

Радионун жанына бардым, узун толкундар бопбош. Ортоңку толкун дагы... Уйкум келип узакка эстедим. Кыска толкундагы ызы-чуунун арасынан бир керемет пайда болду. Бул ажайып үн скрипканыкы, жубайым менен кыз-жигит болуп жүргөндө уккан...   

Бардык нерсе көз алдыма чагылды. Ичимдеги ааламды көркөмдөгөн, жашоого маани берген сыйкырдуу толкундоо сезилип баштады. Үн каттым:

– Хүррем

– Угуп жатам!

– Бир азга келесиңби? - дедим.

– Эмне болду? - деп сурады кайра.

Эмне болду деп эмнеге сурап жатат. Мен аны менен жакшы, таттуу кыялдарды бөлүшүүдөн башка эмне үчүн чакырдым.

– Бол, келе кал! - дедим.

– Бирок тамак, тамакка жетишпей калам кийин.

Мейли жетишпей калсаң демекчи элем, бирок кереги жок болуп калды. Скрипканын үнү бүтүп, эч жактырбаган ачуу үн бир тилде сүйлөп баштады. Ички дүйнөм кайрадан бөксөрүп калчудай сезилди. Скрипка үнү пайда болгон арзуу менен жылуу сезимди жоготкум келбей ашканага кирип бардым.

Ал бир нерсе жасап жаткан экен, башын көтөрбөстөн күлмүңдөп:

– Эмне болду? - деп сурады.

– Жөн эле, - дедим. Ошол учурда чачынан уучтай кармап, жүзүн өзүмө каратып туруп “сен эмнеге ошол күнкүдөй эмессиң?” деп чаңыргым келди.

Үстөл үстү чаржайыт. Бир табакта күрүч турат, аны таң эрте маңдай-тескей отуруп экөөбүз тазалаганбыз. Эртең менен аба ырайы жакшы эле, сейилдөөнү ойлогонбуз. Тигинде аарчылган сабиздер турат, аларды карап деле койгон жок... Маани бербедим.

– Эмнени ойлонуп жатасың? – деди.

Тилимди тишиме каттым, кокустан эле башын көтөрө калып:

– Алдагы жерде эмне кылып атасың? - деп бакырды.

Нан туураган бычак менен сабиздерди кескилеп жаткам. Мен эмне кылып жатканымды толук билбейм, бирок турган турпатымды бузбастан:

– Жөн эле! – дедим. – Палоо үчүн даярдап жатам.

Ушул маалда: “Жуулган сабиздер менден маанилүүбү” деп ойлондум.

– Акылдан адаштыңбы сен, кудай үчүн.

Жасап жаткан жумушума дагы да маани бере баштадым. Бираз жинденгенсип:

– Сабиздерди эч нерсеге жаратпай саласың.

Жакпай калды окшойт, үнүн кайра олуттуу чыгарды:

– Ташта болду, ушунчасы жетиштүү... Таң калуу менен ага карадым. Үнү өз ордунда. Сен муну тамаша ойлоп жатасыңбы? Ал дагы мен сыяктуу өзүн кармоого үлгүрдү. Демек, сабиздүү палоо жасаса болот?..

Түшүндүрүп бердим:

– Адамзат жалпысынан ушундай. Билбеген нерселерин эч качан болбойт деп ойлошот. Илимдин көз карашы ушулар менен күрөш жүргүзөт. Казанда май чыркырап атат, ал мени үн катпастан угуп жаткан. Сабиздердин эң жакшыларын тандап алып уланттым:

– Сен ушуга чейин сабиздүү палоо көрбөгөнүң үчүн болбойт деп жатасың.

– Сен көрдүң беле? - деп сурады.

– Жок! – дедим, - бирок эмнеге болбосун?

– Болсо деле эмне өзгөрөт? Сен биз билген палоону жактырбайсыңбы?

– Жактырам, өтө жакшы көрөм. Ал эмес сүйүп жешим мүмкүн. Бирок бул андан да жакшы көрүп жечү палоону издегениме жолтоо боло алабы? Мен ашыкча каалоонун мартабалуулук экенине ишенбейм. Адамзатты ушул абалга жеткирген мартабалуулук. Илимдин атасы мартабалуулук. Менин каалоом – ушул мартабалуулук биздин ашканабызга да кириши.

– Бул ашкана бир гана меники, айтайын дегеним: сен бул жерде ашыкчасың.

Бакырайган сулуу көздөрү алачакмактап, каштарынын арасынан ичке сызык пайда болду. Дулдуйган ээриндери билинер билинбес титирөөдө. Таттуу үн менен жайгарууга аракеттенди:

– Кана, сен бөлмөңө барып китеп оку, эс алып жат!

– Палоону даярдабай кантип кетем? - дедим.

Каршы болуусуна жол бербечүдөй түр көрсөтүп, бирок турпатымдан жазбай күрүчтү меш үстүндөгү сууга салып ийдим. Аркасынан сабиздерди салдым. Салдым дечи, бирок кечигип калдым. Эки бети албууттанып кызарып чыкты. Бул абалы алгачкы жолугушууга келгенинен да сулуу эле. Ушул турушун сактап калса алгачкы сүйүүмдөй баш айлантма болмок. Дароо кучактай калдым, өптүргөн жок. Анын үстүнө эки жолу чаап жиберди.     

– Сага эмне болуп атат? - дедим.

Бирок кимди ким угат дейсиң.

– Чык бул жактан. Сага кетип кал деп жатам! – деди.

– Таң калам! – дедим. Бул жактан чыгып каякка барам, ал мага үйдүн кең дүйнөдөй кенен, уч-кыйыры жок экенин түшүндүргүсү келип атат. Мен болсо, балким, туура экенимди сезген үчүн кабыл алгысы келбей жатат.

– Демек мени “үйдөн кубалап жатасың?” дедим.

– Кайдагыны айтпачы, - деди.

Бирок түшүндүрүүнү туура көрдүм.

– Мейли эми, ушундай болушун каалап жатсаң. Мени эмнеге ушунчалык түшүнүксүз адам катары эсептейсиң? Ансыз деле эртең менен эле белгилүү болчу. Киного баралы десем жамгырды шылтоо кылдың. Нарда ойнойлу дедим. Китеп окуйм дедиң. Ушунчалык каалап жатсаң эмнеге унчукпай жүрдүң? Сени кармаган ким, кана эмне турасың, убактыңды коротпо.

Андан көздөрүмдү албай карап, бычакты үстөлгө болгон күчүм менен матыра уруп эшикке чыгып кеттим. Аркамдан кайра:

– Жогол! – деп кыйкырды. Эч токтогон жокмун. Эмнеге кетип баратам... Ал жеңиштин жемишин жесин деппи? Кандай болсо да кайра келеримден күмөн санабайт, төшүңдү кере жайып “кете бер” деп табалап жатты.

Бирок болгон жок! Отургучтарды нары-бери тоголотуп жөнөп калдым. Ошол эле маалда “кайтып келген сайын айырма болот” деп күңкүлдөп бараттым.

Дарбазанын эшигине жетип калганда, ашканадан башын чыгара калып:

– Палоонун ишпалдасын чыгардың, эми болсо кетип баратасың, - деди.

Көчөгө чыккандан кийин ичимден ушул ырыскыны адам сыяктуу жегенди үйрөнө албай койдуң деп өзүмдү кажап бараттым.

Палоонун ишпалдасын чыгарган имишмин. Үнү кулагыма кайрадан жаңырды. Бирок ушул сөздөрдү айтып жатканда бир кызыктай эле.

Мага достун кереги жок, карышкыр сыяктуу жалгыз болушум керек эле. Жалгыз болсом, таптаза бир жайлоодо жамгыр төгүп жатса кандай керемет. Адамдар мага бейтааныш, мага адамдар маани бербейт. Бирок мен ушул аялды сүйө алам, ушул адамдар менен дос болгум келет, а алар мени тоготпой өтүп кете беришет. Алдымдан чыккан мейханеге[1] кирдим. Буфеттин ортосундагы отургучка отурдум. Бардык бөтөлкөлөрдү бир тартып ичип ийгим келди. Бир стакан, дагы бир стакан, анан дагы бир стакан...

Жанымдагылардын баары бактылуу адамдар. Өзгөчө бирөөсү мени чектен чыгарып жибере жаздады, балдары, аялы, миңдеген лирасы жөнүндө айтып жатат. Дагы эле аттарын атап бүтө албайт. Буфетчи ага арагы менен кошо бир лимон алып келип берди. Лимонду стакандагы арагына согун сыгуу үчүн бир топко убара болду. Мага семичка чагып жаткандай сезилди. Шылдыңдоо үчүн өтө керемет мүмкүнчүлүк эле.  

Кандай абалда экениңди билбейм, бирок мырзам дедим. Алдагы колуңуздагыны алгач көргөндө лимон деп айта алам. Ал адам мага таң кала жалт карап:

– Лимон сатасыңбы? – деди.

Ал келесоо, сөзүмдүн төркүнүн түшүнбөй калганына толук ишенем. Бирок баары бир чектен чыгууга туура келди.

– Ооба, - дедим. – Мен лимон адистигин окудум. Италияда, Туринде мектептин бакчаларында сексен жети түр лимон бар.

Тигинин көзү чанагынан чыгып кетейин деди:

– Сексен жети түрбү?

– Кечиресиз, - дедим, - шашып кетип ката айтып алдым, жетимиш сегиз түрү бар. Кааласаңыз аттарын атайын, бирок кереги жок ко деген ойдомун. Түрдүү лимондор, өңдөрү ар түркүн, түзүлүшү да, даамдары да башка десең.

Буфетчи дагы сөзүбүзгө кулак түрүп калды:

– Даамдары дагы ар башка лимон болобу? - деп сурады.

Мен аны “өз ишиңди кылчы” дене таризде:

– Сиз мага сабиздүү палоо алып келиңиз! – дедим.

– Сабиздүү палообу?

– Туура уктуңуз, - дедим, – сиз билбейсиз. Пилаки[2] бериңиз мага!

Жанымдагы адам мага тигиле карады. Терең-терең дем алып:

– Бул менин аялымдын, ыраматылык аялымдын тамагы эле.

– Ыраматылык дедиңизби?

Тигиле карадым:

– Бул таң кала турчу нерсеби?

Байкуш адам кекечтене түштү:

– Жоок! Кудай сактасын. Өтө жаш экенсиз!

– Ал менден жаш эле. Биз беш ай эле жашадык.

Тигил адам мага бир тууганымдай мамиле кыла баштады. Бул мага майдай жакты.

– Бири бирибизди өлгүдөй сүйөт элек... Анан сабиздүү палоо...

Көздөрүм жашка толуп чыкты. Официант пилакини алып келди. Фасольдоруна кыжырдануу, жийиркене карап:

– Мен эми тамак жей албайм да, - дедим!

Ыйлап баштадым.

Карызымды жанымдагы адам төлөп, көчөгө бирге чыктык. Мени сейилдетип сооротуу үчүн аракет кылды. Бирок өжөрлүгүм аны өз жолуна салып, жалгыз калдым. Ох, аялыма көздөй учуп жөнөгүм келет. Ичимде жан дүйнөмдү азапка салган, бирок ошол эле учурда кубаныч тартуулаган сезим бар. Таксиге түштүм.

Жатар бөлмөгө чагылгандай тез учуп кирип, ийиндеринен өзүмө карай тартып болгон күчүм менен бекем кучактадым. Чачтары сеңселет, кучагымдан кутулуу үчүн жулкунуп жатса да каткырып күлүүдө. Коё берерим менен:

– Сен келесоо болуп калыпсың, - деди.

Өптүм, мурдун чүйрүдү:

– Массың! – деди

– Мен сабиздүү палоо жегим келет, ачкамын... – дедим.

– Кел эми! – деди.

Ашканага кирдик, табактарды алып келди, жарымынан көбүн жеп коюптур. Күлүп: 

– Дагы бираз жакшылап даярдасак жаман болбочудай, - деди.

– Ага мүмкүнчүлүк берген жоксуң го дедим.

Түрк тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

[1] Мейхане – заманбап аты “бар”.

[2] Пилаки – ичине сабиз, сарымсак, пияз, көк пияз, фасоль ж.б. кошулуп жасалган тамактар.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз