Сагын Акматбекованын котормосундагы улуу акындар

Ли Бай

Тоодогу тоопканада

Сан ирет толуп азган ай,
Санаксыз төнүп күнгө күн,
Томсоргон киши каттабай
Тоопканада түнөдүм.

Отторду көктө жайнаган
Обдулуп, келип кармагым,
Айбыктым тынчын алгандан
Андагы аруу жандардын.

Аскалуу туштан жел согуп
Аңылдап жайдак бастырма,
Жарым түн, анан мен болуп
Жатабыз дымып астында.

Чоочундар арасында

Байымдуу, даамдуу, жыпарлуу
Башынан Ланлин шарабы,
Черленген жазып кусаңы,
Чырмалган айдайт санааңы.

Үй ээси сунган сыр чөйчөк
Кайта алсам, кайта толтура.
Айра албай өз ким, айраң ай,
Өңгө ким, билбей отурам.

Соодагер мейман

Соодасын бүтүп булгап кол
Соодагер мейман тартты жол.

Капталдан согуп муздак жел
Камыштар шуулдап, толкуп көл.

Айланып жашыл тумшукту
Артынан бурап чаң ала,

Көрүнбөй калды бат эле
Ал түшкөн жеңил араба.

Тоолуу өрөөндө, жайкы ысыкта

Ымтыраган үп басты,
Ыкшоолук деген жүк басты.

Желпүүрдү алып жеринен
Желпингенден эринем.

Этте бир дамбал. Калганын
Эрте эле чечип салгамын,

Кесилгир, кайда жел кетти,
Кетпеген жерден тер кетти.

♦      ♦      ♦

Осип МАНДЕЛЬШТАМ

*     *     *

Опкоолжуткан бийикте бир от калкыйт,
Бир от калкыйт куйруктуу, жанып-өчүп.
Үлгүрүп кал, Петрополь, кош-кош айтып
Үйүрлөшүң дүйнөдөн жатат өтүп.

Чырак болсоң Петрополь, сен жер-суулук,
Чыгып, батып ал дайым турчу ободо.
Шобурт-шоогун угуп кал соңку туюк,
Шоолалашың өчүүдө биротоло.
1917

*     *     *

(Александр Блоктун мааракесине арналган коллективдүү ырдан)

Буюккан доошу
Муюткан жоосун,
Блок – падыша.
Блок – көз боочу.
1913. Петербург.

Мандельштам көчөсү

Жерге дөңгүл аңдар жуп
Желе менен чаңга жык,
Эмне көчө бул өзү?
Мандельштам көчөсү.
Кулак жээрип укканда,
Тил сынат ко айтканда.

Мандельштам дегени,
Көчөсүндөй береги
Эч кимге жок кереги,
Маңдаганы коргон-коо
Маңдайы шор, кырс кыял
Маанисиз жан болгон го.
1935

♦      ♦      ♦

Иосиф БРОДСКИЙ

*     *     *

Е.В.А.Д.

Ырай, өлкө, көрүстөндүн
Ылгабайм өз, бөлөгүн.
Василиев аралына
Өлүш үчүн келемин.

Петроград тумандарын
Беттеп кадам таштаймын.
Каш карайып, сенин көгүш
Дарбазаңды таппаймын.

Тоң карына апрелдин
Тосуп жылуу чекеми,
Таманына жыгыламын
Таш төшөлгөн көчөнүн.

Көпүрөнүн асты менен
Сур дарыя буу бурап,
“Дос, кайыр!” – дейт чоочун бир үн
Башка добуш угулбайт.

Жаткан жерде деним калып
Жаным учуп асманга,
Көзүм түшөт экөөң кырда
Кол булгаган жактарга.

А мен улам өйдө калкып
Эмин-эркин көңүлдүү,
Эки кайта сүргөнсүймүн
Бир балалык өмүрдү.
1962

*     *     *

Мейкин суутуп, мезгил албас элесче
Мен өзүмө бедиз курдум бөлөкчө.
Алда качан айрылышкан бирөөнү
Али сүйүп, арманданган жүрөгү.
Ачып төшүн ачыштырган шамалга,
Артын салган абийирсиз заманга.

Бүт тулкусу ак чоподон жуурулуп,
Бетим түлөп, колу-бутум туурулуп
Бүтүргүчө опсуз мээнет өткөрдүм,
Бирде сүйдүм, бир ошончо жек көрдүм.
Түшпөйм, турам ошол бийик секиде.
Түсүңдү үйрүп, музам, канча зекибе.

Ичи тарлар ташка алышып жашынып,
Мейли тынсын ачык күлүн сапырып.
Кучакташып сыныктарын ойногон
Кубанычына жаш балдардын, ойгоном,
Чымды көзөп, ак-көк шарпам чачылып,
Чыга келем кашка суудай атылып.

*     *     *

Кармалдым тордо азуулуу жырткыч ордуна.
Казино таптап, арбалдым кумар ойнуна.
Чокудан бийик көз салдым жайык дүйнөгө,
Чокту үйлөп сууган, баш каттым ээсиз үйлөргө.
Сүргүндүн жедим сүр нанын, койбой күкүмүн,
Сүйгөндүн баркын жоготуп, анан түшүндүм.
Өчкөндөр жанып, өткөндөр түшүп көңүлгө
Олтурдум уюп толкуган деңиз жээгинде.
Кароолдон өттүм, желкеден көзү тепчилген,
Кайрылгыс болуп өлкөдөн бездим өстүргөн.
Бороондуу түндө зар болдум кылдай шоолага,
Болгонун кийдим карабай ырай, модага.
Чалчыктан чыпкап, кашкайган жуттум булактан,
Кургак суу гана татпадым улуу кургактан.
Шаар болор бир чоң, шапары менсиз уланган
Санасам журтту санынан мени чыгарган.
Маңталаа кездим көчмөндөр изин аңтарып,
Малалап жерин, малын да көрдүм кайтарып.
Жарылды кардым эки ирет бурчтан бычак жеп,
Жанды оозго тиштеп, сууга да актым үч ирет.
Чыгардым түр үн, ыр создум мукам, жер чаба
Чыңырдым ачуу, улуган жокмун бир гана.
Акыры чарчап угулгус өттүм шыбырга,
Аңгырап эми турумун кырктын кырында.
Эмне дейм башка? Кабырда боюм созула
Катканча тилим кара чаң толуп оозума,
Өмүрдү жалаң өрүлгөн шордон, кайгыдан
Өтөмүн алкап, каргыштуу бир сөз кайрыбайм. 
1980

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз