Үмүт Култаева: «Ырталаанын дыйканы» – акын Жолондун кайгысы...

Кыргыз поэзиясына башка чөйрөдөн келип, “чү” дегенде эле капыстан жарк эткен чагылгандай, алгачкы жыйнагы “Отту сүйөм” менен окурмандын дилин жылыткан Жолон акындын чыгармачылыгына бир жактуу баа берүү кыйын. Анын ырлары турмуштун ак-карасындай, жакшы-жаманындай карама-каршылыктуу: кээде татаал, кээде жөнөкөй. Оңунан чыккан да, чыкпай калган да саптары кездешет. А бирок айрым ойлору окурманды чок баскандай “селт” эттирет.

Алдан тайып, жыгылганың кайгы эмес,
жашооң бүтүп, көз жумганың кайгы эмес.
Сүйгөн кызга жетпей калсаң кайгы эмес.
Турмуштагы майда, же зор кемчилдик,
жардычылык – мунун  баары кайгы эмес.

 

Эң зор кайгы – тууган элдин тагдырын
таштап коюп бөтөндөрдүн эркине;
(астын сызган - биз)
көңүлүң түтүп тирүү басып жүргөнүң
ааламдагы эбегейсиз зор күнөө[1]

Биринчи эле ыр жыйнакта “Кайгыга Африкалык комментарий” деп, каймана аталган жогорудагы ыр мезгилди багынтып, бүгүнкү дүйнөлөшүү доорунда эгемендик алган ар бир мамлекеттин атуулдарынын намысына кайрак болчу, улуттук аң-сезимди күүгө келтирүүчү касиетке ээ болуп турганына таң калууга да, аны кайдыгер окууга да болбойт. Таң калууга болбогону Жолондун адамдык жан-дүйнөсү албуут оттой жалындап тургандыктан, андан мындай саптарды күтүү – табыгый нерсе; кайдыгер окууга болбогону – ыр сабына жашынган оор ойду түшүнүп баалоо да, анын жүгүн көтөрүү да жумуру баштуунун баарына эле буйрубаган оор жүк. Бул маселе бүгүн да күн тартибинде турган, эл тагдыры менен ойногон саясатчылардын көзүнө сайылчу тикенек болуп турганын түшүнөр жан барбы? – деген суроо чыркыраган чындыктай үн салып турат. Өз тагдыры колунда тургандыгына карабай, өнүгүүнүн тагдыры даңгыр жолго түшө албай, чайпалып, эки опурталдуу козголоңду баштан өткөрүү менен кайра артка кеткен, бычаккка сап болор улан-кыздары дүйнөнү түп көтөрө тентип, көр тиричиликтин артында жүргөн Кыргызстан үчүн акындын жогорудагы “кайгысы” ар бир адамды жүлүнгө сайылчу бычактай...

Жетимишинчи жылдары өлкөбүздө орус тилинин урааны таш жарып, эне тилге өгөй мамиле жасалып турган учурда Ж.Мамытовдун 1976-жылы жарык көргөн “Мезгилдин элеси” жыйнагына кирген “Эне тили” ыры да өз “мезгилиндеги хорго” кошулбай, эл тагдырына күйгөндөй эле тил тагдырына кооптонуу менен жазылган:

Алдейлеп адамзатты Эне түнү
ээленип адам кылган мээнетиби?
Журтубуз атаныкы болгон менен
тилибиз Эненики!
Эне тили!

- Сен акын, акын болсоң кайсы белгиң?
- Өзүмдү Эне тилге байлап бердим,
энеси эч бир элдин көз жумбасын,
өлбөсүн Эне тили эч бир элдин!

Тексттен көрүнүп тургандай, акындын жүрөгүн түпөйүл кылып, кабатырланткан дагы бир кайгысы – эне тилдин тагдыры болгондугун байкоо кыйын эмес.

Балким, мындай саптар ар бир эле акындын акындык парзы катары жазылган катардагы эле ырлардан дейин десең, Жолонду  “тууган элдин тагдырына”  күйгөн кайгысы терең экендигин –  зор империянын кынтыксыз идеологияга жашынган колониялык саясаты өзү эле чирибей, майда улуттун түпкү тамырын бизге билгизбей чирите баштаганын алдын ала сезген кийинки ырлары чыга келет:

Поэзия дүйнөсүндө сүзүп мен,
тарткым келбейт модеринисттик азабын.
Турмушумдан ойлор издеп түзүк мен,
жүрөгүмдүн буйруганын жазамын.

Өз койнуна кир жугузбай көк көлдөй,
Көрүп турат тоолор ийип баштарын.
Сөзү менен кылган иши төп келбей,
моралдардын чирип бара жатканын[2] (курсив - биздики).

Шилтеме жасалган жогорудагы  саптар акындын “Отту сүйөм”  жыйнагынан  орун алган “Поэзия дүйнөсүндө сүзүп мен” аттуу ырына таандык. Дегеле акындын 2016-жылы басмадан чыккан III томдукка[3] кирген чыгармаларын окуган окурман Жолондун өзү айткандай “алоолонгон” оттой курч ойлору “Отту сүйөм”  жыйнагында көбүрөк экенин байкай алат. Ошондой ырлардын бири “Пискарев мүрзөсүндө”[4] деп аталат.

Эй, заман, бакта турган жигит-кызга аткан огуң,
Жоокердин жүрөгүнө баткан огуң.
Аял менен эркектердин көөдөндөрүн тыткан огуң.
Жооп бер!
Кимди илмекчи кароолуна күн-түндөп жасап жаткан огуң?!
Унчукпайсыңбы?
Уккун анда:
Мен тирүүлүк өкүлү Жолон Мамыт уулу,
Өзүмдүн адамдык өлүмүм менен өлгүм келет.

Жыйнак жарыкка чыккан 60-жылдардын аягында Улуу Ата Мекендик согуш аталган апаат кыргыздын миңдеген кырчын жигиттеринин өмүрүн алганын элдин баары билчү, бирок Гитлер согушту кыргыздарга ачпаганын, империянын курамында далай кырчын өмүрлөр өз өлүмү менен эмес, бөөдө өлүмдүн курмандыгы болгондугун эч ким таназарга алган эмес. Сезсе, Айтматов сезгендир, бирок ал деле Ысмайылдын образын кайра куруудан кийин оңдободубу...  

Ал эми акын кайрадан эле “заман” деген нейтралдык лексика менен тоталитардык системаны көзгө сайып турганын убагында кимдер түшүндү да, кимдер өз максатына пайдаланды?! Көрсө, мына ушундай оттуу ойлорду  баягы эле “саясаттын сакчылары” – консерватор сынчылар партиялык системага жагынуу үчүн “жыландын башын кылтыйтып: “Ырас, сөзү менен кылган иши төп келбей туруп мораль айткан кээ бир адамдарды кездештирүүгө болот. Бирок “моралдар” деши көпчүлүккө айланып, биздин коомдун чирип бараткан орчундуу көрүнүштөрүнөн болуп алганына ишенүү кыйын” -  деп цензурага “жем таштаган” экен. Ал эмес кийинки ыр да саясатка ылайык: “Эй заман”, “Жооп бер,” деген кайрылууларды кандайча түшүнсөк болот? Советтик жоокерлерлердин, балдардын, кыз, жигиттердин фашисттер тарабынан өлтүрүлүп, Пискарев мүрзөсүнө мезгилсиз көмүлүп калганын көрүп туруп, эмне үчүн биз сөөмөй менен чукуп көрсөткөн заманды жемелеп, андан жооп берүүнү талап кылууга тийишпиз?”[5] – деген сынчынын адилетсиз жана чектелген түшүнүктөгү интерпретациясын, бейиши болгур, Камбаралы Бобулов “Кайра куруу, адабият жана адабий сын”[6] деген өмүрүнүн акыркы жылдарында жазган макаласында акындын өзүндөй кашкөйлүк менен сынга сын жазыптыр. Мындай чуулгандуу макалалар бир топ жыл биринин изин экинчиси суутпай чыгып, кадимки эле жарышка түшкөн жаш күлүктү башка чабуу, тулпардын туягына кишен салуу  болгонун  бүгүнкү тарых ачыктап отурат.

Албетте, идеологиянын азезилдей азгырма күчү менен ал мезгилде сынчы өз чындыгына ишенгендир. Кеп анда эмес. Кеп – Жолон акындын озгун ой жүгүртүү масштабында. Чын-чынына келгенде системанын чирип бара жатканы 90-жылдары ачыкка чыкканы менен анын кыргыз эли сыяктуу аз сандуу улуттарга тийгизген пайдасы менен зыянын мына эми Жолон акындан жарым кылымдан кийин сезип жатпайбызбы. Дагы көпкө сезчүдөйбүз.

Көрсө, акын башка адистиктен поэзияга “куру кол” келбей ички даярдыгы, топтогон руханий байлыгы менен келиптир да. Буга акындын жан досу, котормочу М.Синельниковдун таң калганы далил боло алат: “Дүкөндө ыр китептерин сапырып, аңтарып жатканымда ак калпакчан кыргыз улан мага жылмайып карап кайрылып калды. Байыркы кыргыз эпосунун баатырын элестеткен Жолондун ошол алгачкы элеси дале көз алдымда турат… Ошондо ал күтүүсүздөн Пастернактын ысымын атады — ал кезде анын ысымы тыюу салынган сымал айтылчу эмес, анын үстүнө Ошто аны билген адам деле ченелүү болсо керек. Дал ошол кезде мен Пастернактын «Сестра моя — жизнь», »Тема с вариациями» деген китептерин окуп, анын ырларын күн сайын он-жыйырма ирет күбүрөп, өзүмчө кайталап жүрчүмүн”[7]. Демек, “Отту сүйөм” жыйнагынын алоолонгон деминин сыры бир жагынан акындын дээриндеги тубаса талантта болсо, экинчи жагы дал ушул Жолон акындын интеллектуалдык деңгээлине байланыштуу.

Акын поэзияга келгенден эле өз үнү менен келүүнү максат кылды:

Жазбаймын ырларымды көңүл үчүн,
Мезгилдин жетегине көнүү үчүн –  деген принцибинен кайтпай, кайсы темада жазса да оригиналдуу ой айтуунун, поэзиядагы мазмун менен форманын, тил каражаттарын пайдалануунун жаңы ыкмаларын табуу багытында изденди; стилдик жекеликтин үстүндө кыска өмүрүндө шашыла, убакытты кызгана иштеди. “Биз – ыр талаанын дыйканы, бул ишке ыктыяр менен келгенбиз, - дейт акын, – өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндө, мээтибизди башкага саласал кылбайбыз. Окурман менен убакыт – сотубуз”[8]. Дал ушул “ыр талаада” Жолон “эккен эгин”– элдин кайгысына башты саюу, улуттук баалуулукту, Ата Журттун касиетин кастарлоо идеясы бөтөнчө азыр көктөөгө муктаж болуп турат:

Микробу жок тоолордун абасында,
чындык жашайт наристе өңү менен.
Бийик мөңгү, арчалар арасына
кетесиңби сулуу кыз мени менен?

Күлүк минип барабыз гүл тергени,
булактардын күлкүсүн үйрөнгөнү.
Түпсүз ойдун маанисин берип турат,
тоолуктардын жөнөкөй сүйлөмдөрү[9].

Акындын керээз сындуу “түпсүз ойдун маанисин берген тоолуктардын жөнөкөй сүйлөмдөрүн” түшүнө  албай тилибиз ой келди бузулуп, сабатсыздыктын кара туманы каптап, азыркы муун ката жазуудан таптакыр уялбай калган азыркы шартта – тилдин наркын сактаган тоолуктардын сүйлөмдөрүн  туя албаган дөдөйлүк да мезгилдин көйгөйүнө айланып отурат. Сөздүн кунун баалоо улуулардан бизге жеткен   улуу мурас эле. Бул маселеде да акын “Теке маңдай бир собол” таштап кеткен экен:

Жыргалдан да, кууралдан да качышпайт
турмуш жөнүн терең талдай билгендер.
Жаңылыкты король, шахтар ачышпайт,
ачат аны жерге жакын жүргөндөр.

А сен канттиң?
Бир кызматын калкыңдын
өтөдүңбү?
Рухуң сынай алдыңбы?
Мезгилиңе эмне мурас калтырдың?
Же мураска суук колуң салдыңбы?

Акын айткандай, колдон келбесе элге мурас калтырбаса мейли дейли, андан коркунучтуу элдик мураска кол салуу эмеспи. Пайгамбардын насаатындай болгон акындын мындай сөздөрү өз мезгилине караганда, эгемен мамлекет үчүн азыр күчүнө кирип жаткандай...

Жолондун “Отту сүйөм” жыйнагына кирген “Улуу жүрүш” аттуу көлөмдүү ырында Ильичтин атын атаганы менен “ишеним өзгөрсө коом өзгөрөрүн, бир гана акындын бүт жүрөгү керектелген ырлар”   түбөлүк жашоо укугуна ээ болорун сезип,  жакшы ырларга өмүрүн саяры ачык айтылды:

Өзүмдүн, сенин, анын – баарысынын
Саптарын калдым жээрип.
Эми жалгыз
кетемин,
жетеминби, жетпейминби,
дайрадан өтөмүнбү куш өтө алгыс.

Бул менин эң алгачкы бир булкунуум.
Кутулуум.
Эрежелер доорун айырам.
Мажирөө, бүжүрөөдөн кол үзөмүн,
Майрамды майдандарга кайра кайырам[10].

Акын поэзия аркылуу коомго кызмат кылууну жеке жашоосунун маңызы деп түшүндү. Бул ойду жеткире сүрөттөө үчүн өзүн оюн кумарына жанкечтилик менен берилген кумарпозго салыштырды:

Турмушта мен дагы түбөлүк кумарпоз,
тагдырга кайырмак таштаймын.
Ар таңда утам деп, утам деп ишенип
ЫРДАГЫ КҮНҮМДҮ баштаймын.

Ойлорум кербендей ыраакка созулат.
Ойлорум – ташбака, кыбырайт.
Ойлорум бүркүттөй Күнгө тик багат.
Жебедей зымырайт.
Өлүмдөй чыңырат[11].

Акындын “өлүмдөй чыңырган” ойлору – эркиндикти самоо, анын келерине ишенүү, күнкорлуктан, бүжүрөөдөн кутулуу, баатырдыкты туу тутууга кийинки муунду үндөп, алар менен ЖЫЙЫРМА БИРИНЧИ КЫЛЫМДА ЫРЛАРЫ аркылуу жолугуу эле.

- Терметтиң, эне, неге бешигимди?
- Тоолуктун бир ишине жарасын деп.
- Кең ачтың, ата, неге эшигимди?
- Ай чоку бийиктерди карасын деп,
көрсүн деп бүркүттөрдүн шукшурулган,
өссүн деп жолборс жүрөк жалтанбаган.
Биз үчүн андан катуу кайгы болбос,
коңулда коён болуп калсаң,  балам.

Акын мамлекеттик эгемендүүлүк күндөрүнө  жетпей кетти, бирок андагы негизги ишеним ырлары менен мезгилди багынтуу эле. Ал Кытай “жабык” кезде  ал жактагы этникалык кыргыздарга барып, манасчы Жүсүп Мамайга биринчи кол берген калемгер. Ошондо акындын бөтөн жерден сатып алган биринчи буюму таштан жасалган таш бака болуптур. Коштоп жүргөн кытайлардын бири таш бака үзүн өмүрдүн символу экенин түшүндүрүп, акынга узун өмүр каалаганда: “Мен акынмын, ырларыма узун өмүр каалаган жанмын. Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун!”[12] – деп жооп берген экен. Чын эле узун өмүр ыр окуган элге, анан да сөздүн наркын билген муунга болсун дейли. Акындын ырлары жана поэмалары жаңы көз караштан изилдөөгө муктаж.

 

[1]Мамытов Жолон. Чыгармалар жыйнагы:I том.  – Б,: Улуу Тоолор, 2016. - 74-б.

[2] Ошондо, 56-б.

[3] Шилтемелер ушул томдукка жасалганын эске алыңыз.

[4] Пискарев мүрзөсү – Ленинградды блокадага алганда курман болгондордун сөөгү коюлган мүрзө талаасы. 26 гектарды ээлеген.

[5] Артыкбаев К. Ой ачык, сөз так болсо // Советтик Кыргызстан, 1970, 24-май.

[6]  Бобулов К. “Кайра куруу, адабият жана адабий сын” / Китепте:Тандалган чыгармаларынын үч томдук жыйнагы. Үчүнчү том (Түзг. Садык Алахан). – Б., 2011. – 413-414-бб.

[7]  Михаил Синельников Отту сүйүү. (Жолон Мамытов тууралуу эскерүү – кошок).

[8] Томдуктун 40-б.

[9] Ошондо, 101-б.

[10] Ошондо, 42-б.

[11] Ошондо, 48-б.

[12] Томдукта 38-б.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз