Үмүт Култаева: Кыргыз балдар адабиятындагы Т.Самудиновдук мектеп

(Үчүнчү макала)

«Байчечекей» балдар журналы негизделген мезгилден (1976) баштап анын бүт тарыхында Башкы редактор болуп иштеген Т.Самудинов бул басылманы өзүнүн чыгармачылыгынын үчүнчү багыты — балдар адабиятынын көркөм-эстетикалык жана дидактико-педагогикалык лабораториясына айландыра алды. Ага чейин акындын лирика жана эпиграмма, пародия, юмор жанрларында калемгерлик “квалификациясын” өз алдынча жогорулатышы балдар адабиятынан ишенимдүү орун алышына өбөлгө болду.

Ошол эле учурда чыгармачылыктын бир мейкиндигинен экинчисине өтөрдө ал өзүнө таандык токтоолук менен кескин секирик жасабай, ийкемдүү келди. Чоңдор лирикасы менен дароо эле коштошо койгон жок. Т. Самудиновдун «Байчечекей» журналына келгенден кийинки “Жашынмак” (1984), “Бешик ыры” (1986) жыйнактары чоңдор лирикасынан балдар ырларына биротоло “журт которууга” ички камылгасы бышып калган акындын чыгармачылыгындагы көпүрө сыяктанат. Адегенде балдар ырларынын башаты эсептелген фольклордук бешик ырын жазма адабияттын табияты менен модернизациялаган акындын “Бешик ырынан” башкаларды туурабаган, өз алдынча ой жүгүртүү өзүнчөлүгү менен бирге анын ички адамдык табияты бала дүйнөсүнөн байыр алууга бап келип турганын көрүүгө болот:

“Алдей, алдей” – деген кепти,
Эстеп көңүл көшүтөмүн.
Мен алиге уктарымда,
Бешик ырын эшитемин.

«Бешик ыры» жыйнагында алгачкы лирикаларында негизги орунду ээлеген мекен темасындагы ырлар басымдуу. Акын бирде мекендин бешигинде термелип, бирде аны бешик кылып терметет:

Алыстасам, карааныңды көрбөсөм,
Кыялымда алдейлеймин, терметем.
Сени сүйүп жашап жүрүү зор бакыт,
Ал бакытты өзүң бердиң кең Мекен

Ал эми “Жашынмак” жыйнагы Т.Самудиновдун балдар поэзиясындагы этаптуу жетишкендиги. Мезгилинде „Жашынмакка“ олуттуу көңүл буруп, андагы ырларды үстүртөн эмес, терең талдоого алган изилдөөчү О.Сооронов акындын сөз оюндары боюнча жараткан жакшынакай табылгаларына кеңири токтолуп, айрым мүчүлүштүктөрдү – аваздуу (обондуу) ырлардын жетишсиздигин сынга алган. Изилдөөчү автордун буга чейин чоңдор акыны экендигин баса белгилөө менен бул чыгармалар жыйнагы балдарга таамай адрестелгенин мындайча чечмелейт: „Сөз кудуретин, сөз маанисин, сөз айкалыштарын баамдоого багытталган оюн-табышмактарды жазууда акын калемин мурдагыдан да эркин шилтеп, таалим-тарбия жагына кулачын кенен жаят“1.

Дээринен колуна калем алгандан баштап сөз менен иштөөнүн сырын билген Т.Самудиновго таандык касиет балдар адабиятында сөз оюндарынын не бир ажайып түрмөктөрүн жаратууга мүмкүндүк берген. А чын-чынына келгенде балдар адабиятынын негизги озуйпасы наристелерди сөздүн маанисин жаш кезинен ылгай билүүгө тарбиялоо, алардын сөз маданиятын калыптандыруу, сөз аркылуу дүйнө таанымын байытуу эмеспи. Акындын ырлар жыйнагынын “Жашынмак” аталышы да балдар ойноочу жашынмак эмес, ыр саптарына жашынган сөздөрдүн жашынмагы. Акындын „Сөз жашынмак“ аталган ырын карап көрөлү:

Жашынганды эмесе,
Издейличи баарылап.
Арасынан сөздөрдүн
Беш канаттуу табылат.

Мисалы:

Биздин тоолуу жергебиз.
КемЧИЛ эмес куштарга.
Күндүн көзү көрүнбөйт
КаТАР ТАРтып учканда.

бУЛ АР кандай канаттуу
Ата журттун көркү экен
ТүнҮ-КҮнү тил безеп
Тынбай сайрай берсе экен.
Сунган мылтыК АЗайып,
Жер гүлдөсүн жасанып2.

Акындагы юмордук сезим менен лирикалык сезгичтик балдар адабиятынын буга чейин ачылбай жаткан потенциалдык мүмкүнчүлүгүнө жол ачты. Анткени акын бала дүйнөсүнүн юморго жакындыгын, алардын жан-дүйнөсүнүн таанып-билүү кумарын, алардын кыялкечтигин, учкул кыял тапкычтыгын көрө билди. Мындай учурда анын чыгармачылык тригонометриясындагы “үч бурчтуктун мурунку эки жагы” (1-2-макаланы караңыз) жардамга келди да, сыртынан жөнөкөй жана жупкадай жука көрүнгөн “Байчечекейдин” ички мазмунун байытып, анын ички түзүлүш рубрикаларын төмөндөгүдөй татаал системага айландырып салды:

  1. «Көңүлдүү баракча»
  2. «Ким кыялкеч, ким тапкыч?»
  3. «Ким тезирээк чогултат?»
  4. «Байчечекейдин баш катырмалары»
  5. «Биле жүр»
  6. «Табышмактуу суроолор»
  7. «Баш тырматар оюндар»
  8. «Сөздүк ыр»
  9. «Сөз оюндары»
  10. «Сөз үйрөнүп алалы»
  11. «Эсеп оюн»
  12. «Амал менен окуй бил»
  13. «Жандырмагы сүрөттө»
  14. «Оюн – викторина»
  15. «Оюн – ыр»
  16. «Уйкаштыгын өзүң тап»

Жогоруда көрсөтүлгөн рубрикалар болгону журналдын мазмундук түзүлүшүнүн толук эмес тизмеси. Ал эми анын жанрдык түрлөрүнө келгенде, ХХ кылымдын 80-жылдарынан баштап балдар адабияты улуттук көркөм сөз өнөрүнүн башка тармагында болбогон ийгиликтерге жетишти. Бир гана анын баркын билип, баалагандын ордуна балдар адабияты өнүкпөй калды, балдарга арналган китеп жок сыяктуу чындыкка туура келбеген пикирлер ММКларда тынымсыз айтылат. Биз айтар элек, балдар адабияты бар, аны окуган окурман, баркын баалаган адабий коомчулук жок. Ал эми балдар чоңдорго караганда «Байчечекейдин» баркын жакшы билишет. Ал эмес журналдан жогорудагы рубрикаларга кызыккан бир топ мектеп окуучуларынын Т.Самудиновдун таасиринде жазган татынакай тырмак алды чыгармаларын эсепсиз табууга болот.

Эгерде “Байчечекейдин” башында “тепсе тербелбеген” токтоо мүнөзү, туруктуу принциби, баладай таанып-билүү кумарына берилген, адеп-уяты ар бир ишинен көрүнгөн сезимтал лирик, учкул кыял юморист жана пародист Т.Самудинов эмес, башка болсо, бул журнал ушунчалык жашай алат беле, жок беле?!

Сен барыңдан жакшы болуп ушунча,
“Байчечекей” ушунчалык гүлдөдү1 –  деп, акын О.Султанов жазгандай, акынга таандык жогорку интеллигенттүүлүк балдар журналынын тагдырына өзүнүн рухий перзенти катары мамиле жасоого шыкак берген. Базар мамилелеринин карышкырдай жырткыч арааны 90-жылдары коомдук турмуштун бардык чөйрөсүн итке минген жакырчылыкка кептеп, кагаз, боёктордун баасы асман чапчып, гезит-журналдар мезгилге жараша жалаң саясий ушактар менен күн көрө баштаганда да, Т.Самудинов өзгөрбөгөн өз позициясын бекем сактоо менен “Байчечекейди” кызыктуу жана өмүрү узун балдар басылмасы деңгээлине көтөрдү.

Мезгилге жараша, “жеңил оокат кылуунун” ордуна ооруга чалдыккан наристенин өмүрүнө кабатыр болгон ата-энедей чыркырап, макалалар2 жазып, катаал учурда “Байчечекейди” аман алып калды. Ал эмес журнал Кыргызстанда балдарга арналган жападан-жалгыз мыкты басылма катары мазмуну жана полиграфиялык жасалгасы боюнча Эл аралык сыйлыктарга3 татыктуу болуп, кыргыз балдарынын кыял-жоругун дүйнөлүк масштабга алып чыга алды.

“Байчечекей” да баш редакторунун баркын билип, акын Т.Самудиновду балдар адабиятынан түбөлүк орун алган “балдар акыны – Самудинов” деңгээлине алып чыкты. Бөбөктөргө арналган бул басылма жөн эле журнал эмес. Бир саны экинчисине окшобогон “Байчечекей” – чынында эле чыгармачылык изденүүлөрдүн, жаңы табылгалардын көркөм аянтчасы, наристелердин ажайып жан-дүйнөсүнүн ажарын ачууга багышталган аруу руханий күлазык. Журналдын нравалык кредосу, наристенин бал тилине шайкеш стили, анын окурманга жагымдуу жаркын маанайы, кызыктуу жана интеллектуалдуу деңгээли анын Баш редакторунун жеке чыгармачылык почерки менен тыгыз байланыштуу. Акындын: “Байчечекей” да – менин чыгармачылыгым, менин стилим, көз карашым, жүрөгүм жана жан-дүйнөм”4 – деген сөзүндө чындыктын үлүшү эмес, өзү бар. Анткени дал ушул “Байчечекей” өз айланасына Т.Самудиновдун балдар ырларына таасирленген калемгерлерди магниттей тартып, анын “мектебинин” жаралышына база болуп берди. Балдар поэзиясы боюнча өз чыгармачылыгынын үстүндө тынымсыз изденген Т.Самудинов бир топ идеяларды башка басылмалардан алса да, ага кыргызча “жан” киргизе, журналды кыргыз дүйнө таанымына ылайыктай билгендиги менен балдар поэзиясындагы инерцияны ордунан козгоп, көркөм-эстетикалык мазмунду өзгөртүүгө жетише алды. Буга акындын немец балдар акыны Ганс Баумандын “Кайда укташат?” аттуу керемет ыр-жомогун кыргызча сүйлөткөнү аргумент боло алат:

- Мамалактар кайда укташат?
- Токойдогу чээнинде.
- Каз-өрдөктүн балдарычы?
- Көк ирим көл жээгинде.
Кичинекей кеңгурулар
Чөнтөктөрдө укташат.
Пил балдары үргүлөшүп,
Бир-бирине ыкташат.
Жарганаттын балдары уктайт,
Жар бооруна асылып.
Көпөлөктөр көшүп калган
Жалбыракка жашынып.
Кыр-кыр этет бала мышык
Жумшак жаздык үстүндө.
Чычкандардын балдары уктайт
Капкараңгы түпкүрдө.
Ойноймун деп, сен алардын
Уйкуларын бузбагын.
Кана, бөпөм, бүттү жомок,
Эми, сен да уктагын!

Журналга жарыяланган мындай материалдар бөбөктөр же кенже балдар эле эмес, ата-энелер, тарбиячылар, мугалимдер, балдар адабиятына кызыккан изилдөөчүлөр, адабият ааламына баш баккан жаш калемгерлер үчүн да пайдалуу экени ашыкча далилдөөгө муктаж эмес.

Бир караганда Т.Кожомбердиевдин «Кечки жомок» ырына окшоп кеткен бул котормодо авторлордун бирин-бири кайталоосу эмес, алардын жеке стили көзгө урунат. Т.Кожомбердиевдин стилине таандык туруктуу колдонулуучу «күн, ай» деген эпитеттер «алтын кызым, ай нурум, күмүш уулум, күн нурум» ыр саптарына романтикалык боёк берсе, Т.Самудинов колдонгон «бөпөм» деген элдик эркелетүү сөзү ырдын реалдуу жылуулугун арттырган. Экөө тең эле баланы эркелеттүүдө кеңири колдонулуучу лексика болгону менен авторлорго таандык өзгөчөлүктү берүүдө эки башка стилдик боёкту камсыз кылган.

Журналдын “Байчечекей” аталышы да, мазмуну да бала дүйнөсү менен төп келген шайкештик экендигин сезүү Т.Самудиновдун чыгармачылык тригонометриясынын таяныч линиясы, анын иштөө принциби. Бул анын байчечекей жөнүндө жазган ырларынан ачык көрүнөт:

Байчечекей – баатыр гүл,
Бороонго да үшүбөйт.
Колдору шок балдардан,
Коркконунан титирейт.

Адамзаттын наристеси – балалык менен жаратылыш наристеси байчечекейдин ортосунда чынында эле табыгый байланыш бар экендигин дилинде туюп-сезген акын жазды кабарлаган байчечекейдей, баланы улуттун келечеги деп билет. Ушундай бийиктен баланын табитин тарбиялап, аны татыктуу инсан катары калыптаныша кам көрөт. Акындын 1981-жылы жарык көргөн “Алтын сырга” жыйнагындагы “Ата журттан алыста” бөлүмүнө акындын чет өлкөлөрдөн алган таасирлери жөнүндөгү ырлары кирген. Бөтөн жердин ар кандай “укмуштарына” таң кала таасирленсе да, дайыма анын кыялына “кылт” эте түшкөн жеке рухунун бөлүгү бар. Ал акындын - Ата Журту жана «Байчечекейи». Буга “Лаванда гүлү” ыры мисал боло алат.

Көз кайкыган түздөрдө
Гүлдөп турат лаванда
Колуң барбайт үзгөнгө
Дир-дир этсе шамалга

Ызатыңды байкадым
Үлбүрөгөн түрүңөн.
Мен да салам айтамын

Байчечекей гүлүнөн. – дейт акын, жан-бирге жакынын эстегендей.

Т.Самудинов баланы жана балалыкты сүйгөндүгүн сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө бекемдеп келет.

Сүйө билет эзилип,
Өз баласын айбан да.
Сүйүүң арна эр болсоң,
Бөлөк-бөтөн балдарга («Накыл сөздөн жаңырык» ырынан).

Т.Самудинов балдарга айтчу сөзүн алардын атынан айтат, башкача айтканда баладай ойлонуп, баладай сүйлөй алат. Ошондуктан анын чыгармалары кабыл алууга жеңил, ырдан чыккан идея ишенимдүү, кичинекейлерге таасир этүү касиети эффективдүү. „Байчечекей“ балдар адабиятынын табиятына ылайык балдардын көркөм гана басылмасы эмес, илимий-педагогикалык да журналы. Ошондуктан анда жарыяланган материалдардын жанры балдардын логикалык ойломун өстүрүүгө, дүйнөгө болгон көз карашын калыптандырууга, көркөм табитин курчутууга, адебин тарбиялоого, учкул кыялын байытууга багытталган көп жактуу милдеттерди аркалайт. Натыйжада журналда балдар адабиятынын томөндөгүдөй жанрдык жаңы классификациясы жаралды:

  • сөз оюндары;
  • суроолуу ырлар;
  • логогрифтер;
  • шарадалар;
  • анаграмма;
  • метаграмма;
  • акроыр;
  • цифрограмма;
  • шрифтограмма;
  • табышмак ырлары;
  • түшүндүрмө ырлар;
  • кроссворд-ыр;
  • котормо ырлары.

Балдарды журналга кызыктыруунун эң негизги ачкычы алардын жаш курагын айырмалай билүүдө экенин баш редактор илимий жактан жакшы билет. Ошондуктан ар бир куракка ылайыкталган чыгармаларды жанрдык жактан балдардын жаш курагына ылайыктай билет.

Илимий изилдөөлөрдүн аргументине караганда1, баланын өспүрүм курагында адабий чыгармачылыкка болгон жөндөмдүүлүк өтө курч мүнөзгө ээ болот. Башкача айтканда мектепке чейинки наристе курактагы сүрөткө болгон кызыгуу, кенже мектеп жашындагы сөз маанисине кызыгуу, тестиер куракка келгенде адабий чыгармачылыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзүлөт да, баланын адабий  шыгы ойгонот. Ушул көз караштан алып караганда Т. Самудиновдун “Уйкашын өзүң тап”, “Кандай сөз” топтомундагы ырлары балдарды сөз маанисин табууга ойнотуу аркылуу айтылбай калган сөздү табуу тапшырмасы, биринчиден, табышмак ырлары сыяктуу баланын акыл парасатын, анын сөз байлыгын сынаса, экинчиден, баланын адабий чыгармачылыгына таасир этүү касиетине ээ.

Атың болсо качанаак
Айтканыма ишен:
Салып койсоң узабайт,
Кош бутуна…
(кишен)

Колу жөндөм адамга
Керек нерсе эң эле
Чоң ийне деп айтпагын
Анын аты…
(темене)

Көп иш тиксе, колдорун
Өйкөйт ко деп ойлодум.
Таап бердим андыктан
Чоң энемдин…

(оймогун)

“Сөз оюндарынын” ичинде баланы тамганы, тыбышты, сөз муунун, жаңы сөз жасоого үйрөтүүчү машыгуу иштерине көнүгүү болуп берүүчү материалдар кеңири кездешет. Мындай ырлар эне тилдин ички мыйзам ченемдерин таанып-билүү үчүн да, балдарда тилдик туюмду калыптандыруу үчүн да эң пайдалуу милдет аткара алат:

ЙОКлор жүрөт жайылып,
ЛОКоттогу шалбаада.
ЙАКтат үйгө өздөрү
НҮК эңкейип калганда.

ШЫКтак малы ушундай,
РАТтибине таңгалба!
Бул табышмак опоңой
Ойчул, тапкыр балдарга.

Акын наристелер кызыккан айбанаттар дүйнөсү аркылуу аларды сөз ааламына жетелеп, байкоосуздан балдарды ойнотуп да, ойлонтуп да жиберет. Буга „Зоопарктагы окуя“ аттуу төмөнкү ыр далил:

Бул окуя кышында
КАР ЫШКЫРган учурда.

Торду бирөө бузуптур,
ТөрТӨӨ КУШтун учуптур.

Өзү келген душманга
АлАР КАРшы чыкканда

Ал айрылып көзүнөн
тАРС ТАНыптыр эсинен.

Жатып алып үйүндө,
Ак ЖОЛ БОРС-борс үрүүдө.

Мындай коркоК ОЁНду
Короочуга коёрбу?

Текстен көрүнүп тургандай, сөздөн-сөз жасоо эң эле кызык берилген. Биринчи сөз менен экинчи сөздүн муундарын же айрым тамгаларын кошуу аркылуу “Карышкыр”, “аркар”, “төө куш”, “арстан”, “жолборс”, “коён” деген жаңы сөздөрдүн жасалышы ыр уйкаштыгы аркылуу берилгендиктен, окурман адегенде мазмунга тартылып, андан кийин форма менен берилген алектенүү кызыгына батат. Нагыз лирикадан айырмаланып, балдар ырларында окуялуулук кездешет. Балдарды алектенүү кумарына тартуу үчүн кыргыз балдар поэзиясын эстетикалык жаңы деңгээлге көтөргөн акындар: А.Кыдыров, Т.Кожомбердиев, Т.Самудиновдор балдар ырларында сюжеттик өнүгүүгө таандык себеп-натыйжалуу окуяны лирикада пайдалануунун жаңы үлгүлөрүн жаратышты. Айрыкча Т.Самудиновдун балдар ырларында окуялуулук акындын эстетикалык табылгаларынын мазмунун түзөт. Натыйжада наристелер ырларды окуу менен ойлонууга, алектенүүгө, жылмаюга, кошумча башка иш-аракеттерди жасоого (сүрөт тартууга, жазууга, ойноого ж.б.) мажбур болушат.

Оюн – баланын жаншериги, эрмеги. Алардын табиятындагы табигый мыйзам ченемге ылайык “Сөз оюндары” кээде жөн гана оюн үчүн жазылганын да түшүнсө болот. Аталган циклдеги ырлардын ичинде „Кандай сөз“ аттуу тамгаларды тескери окуу оюну бар.

Наристелердин сөз байлыгын, сабаттуулугун, сүйлөө маданиятын өстүрүүгө арналган ырлар сөз-оюндарынын өзүнчө бир системасын түзөт. Бул системадан сөз аркылуу баланын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүчү жана наристенин руханий өнүгүүсүндөгү эң баалуу нерсе - өз эне тилинде ойлоно билүүгө үйрөтүүчү, билбеген сөздөрдүн маанисин түшүндүрүүчү материалдарды кездештирүүгө болот:

Билесиңби?
Сен албетте, билесиң!
Кантип атайт жылкынын үй-бүлөсүн?
(үйүр)

Билесиңби?
Сен албетте, билесиң!
Не дечү эле мактай берсе ким өзүн?
(көйрөң)

Билесиңби?
Сен албетте, билесиң!
Кандай сөздү угуп алып, күлөсүң?
(куудул)

Табышмак, оюн элементин камтыган мындай ырлар көбүнесе суроолуу аяктап, балдарга белгилүү бир тапшырма берүү менен балдар адабиятына жылуу маанай алып келди да, суроолуу ырлар деген оюн ырларынын өзүнчө топтомун пайда кылды. Суроолуу ырлар балдардын логикалык ойлоосун өстүрүүгө жардам берүү менен балдарды акын берген тапшырманы аткарууга шыктандырып, ырдын тексти менен иштөөнү мажбурлабай туруп, алектенүү зарылдыгын пайда кылганы бөтөнчө баалуу. Ушунун өзү бала менен ата-эненин, тарбиячылардын байланышын чындап, балдар ырларына болгон жаңы көз караштын калыптанышына өбөлгө түздү. Мисалы:

Жаныбарбы, чөппү?

Козу карын, төө тикен,
Аюу кулак, каз тамак
Кулунчактык жанынан
Ат кулактар баш багат.
 
Кийик оту өскөн жер
Булуттардан башталат.

Өсүмдүктөр дүйнөсүн
Сүйө билгин жашыңан.
Дагы кандай чөптөр бар
Жаныбардын атынан?
Ылдам издөө салууга
Баарыңарды чакырам!

Мындай ырлар аркылуу акын мектеп, бала бакчада балдар менен иштөөдө сабактын мазмунун байытууга салым кошту. Тарбиячылар тексти балдарга окуп берүү менен анда айтылган өсүмдүктөрдүн, предметтердин жаныбарлардын сүрөтүн тартууну талап кылып, мындай ыкманы сабакты өркүндөтүү максатында колдонуп жүрүшөт. Анткени акындын балдардан бир нече ишмердүүлүктү талап кылган суроолуу ырлары чындыгында эле алардын тексти эсте сактоосуна, ырды тез жаттоого ыңгайлуу келип, эне тил сабагынын гана мазмунун байытпастан, наристелердин математикалык жөндөмүн тектерип, башка сабактарга да колдонууга кызыктуу келет:

2 тайлак, 1 бото,
5 коёнек, 5 бөжөк.
4 балапан кошулду
10 жөжөнү көп десек.

Ырас, эч ким таңгалбайт
Айбанат деп кайдагы?
Мунун баары биз баккан
Жандыктардын балдары.

Анда, эмесе жообун
Өзүңөрдөн күтөлү.
Энелери булардын
Алтообу же үчөөбү?

Наристелердин акыл дараметин сынап, ой жүгүртүү жөндөмүн курчутууга багытталган суроолуу ырлар балдардын сабакка болгон оң эмоциясын пайда кыла тургандыгы далилдөөнү талап кылбайт. Акындын ырларынын ичинде мектеп жашындагы кенже балдардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, түшүнүгүн кеңейтүүгө ылайык татынакай окуу материалдары кездешет. Мисалы „Кара кайсы, ак кайсы“ аталган төмөнкү ырды сүрөт сабагында колдонууга болот.

Аппак карга
Конду карга
Аппак карга
Түштү тамга.

Кайсынысын ак кылам? – деп
Сүрөтчүнүн башы катты.
Кандай боёк кайда керек?
Кана, балдар, тапкылачы?

Суроолуу ырлардын кайсынысын албайлы, анда наристелердин таанып-билүү мүмкүндүгүн гана байытуу менен чектелбейт. Балдарды ырдагы мазмунга кызыктырып, берилген суроонун жообун табууга шыкак берчү касиет бар. Мисалы, “Канча баштуу ажыдаар?” ырында:

Болгон дешет карылар
“Тойбос” деген жаныбар.
Алкы ачылып аябай,
Аталыптыр ажыдаар.
Бир башынын айырмасы -
Жалаң жемиш жечү экен.
Сугунчу экен бир башы,
Пилди бөлүп тепетең.
А бир башы токойдон,
Куш бүткөндү аймаптыр.
Оп тартканда бир башы,
Көлдүн суусу калбаптыр. - деп ажыдаардын ар бир башынын функциясын гана атап, балдардын өзүнө суроо берет:

Түрү суук бул айбан
Жомоктордон кезигер.
Канча баштуу экенин
Айткылачы өзүңөр?

Суроого жооп берүү үчүн бала тексти кайра окуп, ар бир башты бири-биринен айырмалап санап чыгууга тийиш. Натыйжада бала текстке арбалып, ырга өзүнөн өзү кызыгып жатканын байкабай калат. Бул көркөм чыгарманы кабыл алуу үчүн өтө зарыл шарт. Акындын чыгармачылык казынасында кездешүүчү суроо-табышмактуу ырлар интеллектуалдуу балдар поэзиясынын калыптанышына түздөн-түз салым кошуу менен окутуу процессинде пайдаланууга ыңгайлуулугу менен улуттук билим берүүнүн да мазмунун байытууга жакшы материал болуп береринде шек жок. Анткени академик Д.Лихачевдун “Интелегенттер жогорку окуу жайында эмес, мектепте даярдалары”1 жөнүндөгү залкар ою Т.Самудиновдун чыгармачылык негизги принциптеринен болуп эсептелет.

Балдардын психологиясына кылдат саресеп салган акын аларды монотондуу тапшырмалар менен тажатпайт. Ырда балдар сүйлөп, ойноп, ойлонуп жаткандай көрүнөт. Ошол тамашалуу да, реалдуу да кадимки балдар турмушунун элеси тартылган көркөм чыгармада акындын не бир акылды кайрап ойлонгон түйшүгү, чыгармачылыктын азабы менен ыракатын баштан кечирген ой толгоолору окурманга байкала бербей, анын баары ыр саптарынын арасына жашынып алган сыяктуу. Ушунун өзү балдар ырларын чыныгы искусствонун керемет көркөм сөз туундусу деңгээлине көтөрө  кичинекейлерди ойлонууга, изденүүгө, тапкычтыкка үйрөтүп, алардын интеллектуалдык өсүшүнө дем берет. Анткени акын улам жаңы ырларында коюлуучу суроонун да, табышмак тапшырманын да мазмунун, мүнөзүн өзгөртүп барат. Ушундай ырларынын бирин “Викторина” деп атаган. Анын негизинде тестиер балдар викторина ойносо болот.                                                                                                                                                         

Викторина

Кана эмесе, ким табат,
Суроо мындай кийинки:
Чыккан өрттү басууга
Эмне керек биринчи?
Мелис айтты: - Суу керек!
Улан айтты: - Кум керек!
Айгүл айтты – Күрөктү
- Мирбек айтты: - Чым керек!
Эң кереги – телефон
Чакырууга 101 ди –
Деп айтканда Айтаалы,
Угуп турган эл күлдү
Кана дагы ким айтат?
Эң биринчи не керек?
Бул суроонун жообу
Баш байгеге теңелет.
Суроо болчу биз үчүн
Оңой эле көрүнгөн
Күйгөн өрттү басууга
Эрдик керек, - дедим мен.

Мектеп жашындагы кенже балдарда сүрөт тартууга болгон кызыгуу менен сөздүн маанисин талдоого аракеттенүүсү параллель өнүгүүгө ээ болору илимде эбак белгилүү болгон. Балдардын табигый өнүгүүсүн коштогон мындай физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүктү кылдат байкаган акын балдар ырларынын мазмунунда искусствонун бир нече түрүн синтездеген ырларды жаратты. Башкача айтканда, ырдын мазмуну аркылуу сүрөт тартууга, ойноого, эсеп чыгарууга, роль аткарууга мүмкүнчүлүктөр бар.

Ким алдыда, ким артта?1

Тыйын чычкан, кашкулак,
Коён, түлкү, мамалак
Келмек болуп чечишти
Токойду бир аралап.

Тыйын чычкан түлкүнүн
Алдына өтүп алыптыр.
Бирок, шашма коёнго
Жетпей артта калыптыр.

Мамалактын алдында
Бара жатат кашкулак.
“Жетпейсиңби мага!” – деп
Аны түлкү шаштырат.

Карандашың колго алып,
Тартып туруп сүрөтүн.
Ким алдыда ким артта
Баратканын билесиң.

Мындай ырлар балдарды кошумча аракеттерге шыктандырып, алардын ички мүмкүндүктөрүн рационалдуу пайдаланууга, чыгармачылык ишмердүүлүгүн  өнүктүрүүгө ыңгайлүү шарт түзөрү далилдөөнү талап кылбайт. Айрыкча, таанып-билүү багытында жазылган ырлар балдарды өз алдынча эмгектенүүгө үйрөткөндүгү менен да баалуу. Аны „Бирден гана аттагын“ аттуу ырдан ачык байкоого болот:

КБУАНЛДЫУКЗӨЧРАДЯӨНК

Муну кандай оюн деп,
Ашыкпагын, шашпагын.
Тамгаларды тизилген
Бирден гана аттагын.
Сен ошондо табасың
Төрт жандыктын аттарын.

Тапшырма боюнча биринчи тамгадан бирден аттаганда: к+у+н+д+у+з=кундуз; ө+р+д+ө+к=өрдөк деген эки сөз келип чыгат да, ортодо атталып кеткен тамгаларды кошкондо: б+а+л+ы+к=балык; ч+а+я+н=чаян деген дагы эки сөз кошулуп, төрт жандыктын аты чыгат.

Табышмактуу мындай тапшырмаларды автор кызыктуу бере билгендиктен, алар балдарды эч качан тажатпайт. Балдар ырларын жазган акындын түйшүктүү изденүүлөрүнөн жаралган ийгилик үзүрү да, аларды окуган баланын эстетикалык ыракаты да мына ушунда. Татаалдыкты мындай жөнөкөйлөтө билүү, андан алган канаат аркылуу баланын рухун көкөлөтүү чеберчилиги бир гана Токтосун Самудиновго таандык. Айталы, жазылган кат кимди кызыктырбаган! Ал эми ошол кат „токойдон“ жазылып жатканы аз келгенсип, „калеми жукпай калган кат ээсинин айрым сөздөрү түшүп калса“ аны окуганга эч ким кызыкпоо керек эле. Бирок акындын акындыгы ушунда, ал катты окуганга баланы эмес, академикти да кызыктыра алат:

Курбусуна кат жазса,
Кээде жукпай калеми,
Ар жеринде сөз калды,
Кантип окуйт ал эми?

Көңүл буруп көбүрөөк
Үч чекиттүү белгиге,
Уйкаштарын тууралап,
Балдар жардам бергиле:

Бизге минтип жаз келди,
Силергечи, силерге?
Кечке дейре ойнойбуз
Оонап жашыл ...

Үкү деген канаттуу
Качат экен жарыктан.
Үн алышат күкүктөр,
Шакылыктайт ...

Аюу барат тигинде
Токой ичин аралап,
Томполоңдоп секирет
Жанындагы ...

Торомпойдун атасы
Чыга калса бадалдан,
Абдан коркуп кетебиз
Коркулдаган ...

Жанымдагы досторум
Сабиздерге тоё элек.
Капа болбой окуп кой
Каттын ээси ...

„Токойдон“ жөн келбей, ичине сыр катып келген бул кат жеңил да эмес, оор да эмес. Балдар чыгармаларына тиешелүү эң маанилүү маселе ушул жерде. Жөнөкөйлүктүн баланын алы жетчү кыйынчылык менен кошо берилгендиги ырдын татыктуулугун камсыз кылып турат. Бул чындыгында билим берүүнүн далаай билермандары баш катырган окутуунун илимий принциби эмеспи. Жеңилдиги менен иренжитпей , татаалдыгы менен билим алуудан көңүл калтырбай турган баланын дилине барометр болуу ар бир эле чыгармачыл инсандын тагдырына буйруган эмес. Балдар акыны Т.Самудиновдун ырларында дал ушул касиет болгон үчүн ал самудиновдук стилге ээ боло алды. Жогорудагы ырды окуганда үч чекиттин ордуна келчү сөздөр өзүнөн-өзү чубуруп келип, уйкаштыкты да, ырда берилүүчү идеяны да ажарланта көркөмдөп жиберүү мүмкүндүгү бар. Албетте, түйшүктүү изденүүнүн мындай үзүрүн балдар поэзиясындагы акындын эстетикалык табылгалары атоого туура келет. Чынында Т.Самудинов сөздүн туюнтмасына да, турпатына да „көркөм сөз инженери“ катары мамиле жасаган акын. Анын ушул өзгөчөлүгү ыр аркылуу наристелерди эне тилдин ажайып дүйнөсүнө жетелеп кирүүгө шарт түзүп берет. Мунун бир далили акындын „Бир сөздөгү үч сөз“ ыры:

„Төртөө“ деген жазуунун
Тапсаң сыры ачылар.
Кичинекей бул сөздө
Үч нерсенин аты бар.

Сөз чыгарган кишиден
Мүмкүн кеткен айыптыр...
ТӨРТ, ӨРТ жана ТӨӨ болуп,
Аралашып калыптыр.

Балдарды окутуп-тарбиялоодогу чечүүнү талап кылган проблемалардын бири – алардын сөз байлыгын өстүрүү жана байланыштуу кебин калыптандыруу экени илимий-педагогикалык адабияттарда кылымдап айтылып келет. Ушул максатта колдонулуучу Т.Самудиновдун калеминен жаралган “Бир тамгадан кемитсең”, “Бир тамгада ката бар”, “Тарынчаак тамга”, “Бир маанилеш үч сөз”, “Чекиттерге тамга тап”, “Сөз жашынмак”, “Сөз оюн”, “Каршы сөз”, “Жаңыча жаңылмачтар”, “Ырдагы сыр”, “Синоним ыр”, “Туура эмеспи, туурабы?”, “Синоним уйкаштар”, “Антоним уйкаштар”, ж.б. көптөгөн чыгармалары мектеп окуучуларына гана эмес, мугалимдер үчүн да табылгыс материал боло алат.

Шамал жүрүп термелтет
Камыш бакты.
Амал менен табасың
Табышмакты.
Мал көбөйөт болсо эгер
Жайыт жакшы
Ал дегениң эл үчүн
Анык бакты.

Ырдан көрүнүп тургандай, бир тамгадан кемитүү аркылуу (шамал – амал – мал – ал ) сөздүн улам жаңы маанисинин келип чыгышы балдарды тыбыш жана тамганы үйрөтүүдө, тыбыштын фонемалык касиетин өздөштүрүүгө керектүү эң сонун каражат боло алат. Акыркы эки сапты кошпой ырдын башкы тамгаларынан “ШАМ” деген жакшынакай сөз пайда болуп, акроырды жаратат.     Кыргыз балдар поэзиясына акроыр аталган сөз оюнунун пайда болуу тарыхы да Самудиновдун калемине таандык. Ал биринчилерден болуп, анын айрым үлгүлөрүн “Байчечекей” журналына жарыялап, кийин чыгармалар жыйнактарына киргизген.

Акроыр – ырдын ар бир сабынын баш тамгасынан жасалган сөз дегендикке жатат. Мындай сөз оюндары балдарды алектентүү менен бирге чыгарманын тексти менен иштөөгө үйрөтөт:

Бапестеп бодо мал баккан,
Аракетчил, кайратман.
Дайыма жеңип мелдеште,
Айранын, сүтүн жайнаткан.
Чарбанын андай адамын
Ырысы тоо деп санагын.

Ырдын 6 сабынын баш тамгаларын кошкондо: б+а+д+а+ч+ы=бадачы деген сөз келип чыгат. Бала мындай оюн-ыр аркылуу маанисин жакшы билбеген сөздөрдүн да маанисин таанып билет.

Акындын сөз оюн ыр топтомдорунун арасынан сөз маанилерине гана эмес, лингвистикалык илимий түшүнүктөргө саякат жасаган: омоним, синоним, антонимдерден баштап, сөз түркүмдөрүн өздөштүрүүгө багытталган “Көңүлдүү грамматика” ыр-түрмөктөрүн табууга болот. Айтылган ойдун аргументи катары бир нече ырды мисалга тартып көрөлү:

Коңур деген –
Кара күрөң түс болот,
Коңур деген –
Салкын тарткан күз болот.
Коңур деген –
Жумшак, назик мүнөздө,
Коңур деген –
Жагымдуу үн жүрөккө.

Кылымдарды карыткан касиеттүү кыргыз тилинин ички сырларын ачып берүүчү акын жараткан лексикалык, грамматикалык сөз оюндары жалаң эле кичинекейлер үчүн эмес, жогорку класстын окуучулары да билүүгө тийиш болгон программалык материалдарды камтыйт.        Балдар ырларынын интеллектуалдык деңгээлин камсыз кылган илимий түшүнүктөрдү эң эле жөнөкөй юмордун тили менен бере билүү Т. Самудиновдун почеркине таандык индивидуалдуу өзгөчөлүктөрдүн бири болуп эсептелинет. Буга анын мектеп үчүн жазылган окуу китептерине керектүү, сөз түркүмдөрүн дээрлик толук камтыган “Көңүлдүү грамматика” ыры мисал боло алат:

Зат атооч – мектеп деген,
Бизди күтөт – этиш болот.
Шаңдуу, сонун ыр коштосо,
Сын атооч дешип коёт.

Жүз окуучу – сан атооч,
Марш басканга даяр беле?
Сен да барсың – ат атооч,
Тактооч сурайт – каёрде эле?

Ураа! Ураа! – дейт сырдык сөз,
Кубанычтан аба жаргын!
Дүп-дүп этип, тууранды сөз
Үнүн туурайт барабандын.

Акындын балдарга арнап жазган ырларынын ичинде бир нече милдетти мойнуна алган (таанытуучу, билим берүүчү, окуу материалын өздөштүрүүнү жеңилдетүүчү, ой жүгүртүсүн өстүрүүчү) баалуу тексттер кездешет.

Дүйнөлүк балдар адабиятындагы тажрыйбаны пайдаланып, акындын калеминен жаралган логогриф, шарада, анаграмма, метограмма сыяктуу чыгармалар 80 – жылдардан баштап наристелердин сүйүп окуган ырларына айланды. Логогрифтердин аныктамасын да акын өзү берет:

Тамгаларын өзгөртсө,
Жаңы сөздөр жасалат.
Бул табышмак бул оюн
Логогриф аталат.

Логогрифтер балдардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүчү жана алардын тапкычтыгын активдештирүүчү акыл гимнастикасы. Ошол эле учурда анын ыр менен берилиши балдарды сөз мааниси жөнүндөгү билимин тереңдетет.

“К”дан эгер баштасаң,
Балык кармар жермин.
“Ч”дан эгер баштасаң,
Суу болбосо - өлдүң.
“Т”дан эгер баштасаң,
Мал баласын көрдүң.
(көл, чөл, төл)

Мындай ырлар кээ бир адабияттарда грамматикалык оюндар деп да аталып жүрөт. Логогрифтер тил үйрөтүү процессинде колдонууга ыңгайлуу.     

Чулгап калат ак мамык
Тоо-токойдун арасын.
“А” тамганы уласаң,
Көөнүн өңүн табасың.
(кар-кара)

Сөз оюндарынын дагы бир түрү – шарада эсептелет. Шарада өз мазмунуна оюн, табышмак элементин камтып, мааниси таптакыр башка эки сөздүн суммасынан жаңы сөз жасайт. Акындын учкул кыялынан жасалган мындай сөздөргө, албетте, кайсы курактагы окурман болбосун кайдыгер эмес. Ал эми балдар үчүн эң эле кызык таанып-билдирүүчү материал болуп эсептелет. Аны тил сабактарында морфологиянын сөз жасоо бөлүмүндө пайдаланууга болот:

Биринчиси –
Жылкынын желке чачы.
Кийинкиси –
Коктунун аты.
(жал+коо)

Биринчиси –
Басчу жер күндөгү.
Кийинкиси –
Күчүктүн үргөнү.
(жол+борс)

Т. Самудиновдун балдарга арналган дагы бир татынакай жыйнагы “Кол чатырдан” (1989) башталган табышмак ырлары кийинки „Тандамал“ (2003), „Ар бакчадан бирден гүл“ (2012) чыгармалар жыйнактарында дагы тематикалык-жанрдык жактан байып, кичинекейлердин китеп текчесинен татыктуу орун алды. “Кол чатырдагы“ “Алиппе-табышмак”, “Метограммалар”, “Акроыр”, “Табышмактуу төрт жандык”, “Туура эмеспи, туурабы?” ырларына дагы „Эмнеге окшойт тамгалар?“, „Табышмактуу оюн ыр“, „Эмнеси?“ аттуу жаңы чыгармалар кошулуп, „Эки иреттен кайтала“ бөлүмү менен бирге Т. Самудинов балдар поэзиясына алып келген жаңы эстетикалык табылгалардын мазмунун толуктады. Акындын балдар поэзиясындагы тынымсыз изденүүсүнө анын чыгармалар жыйнактарын салыштыруу аркылуу толук ынанууга болот. Айталы, “Кол чатырдагы“ “Алиппе-табышмак” менен „Ар бакчадан бирден гүлдөгү“ „Эмнеге окшойт тамгалар?“ бир тематикадагы чыгармалар топтому болгондугуна карабастан, алар бирин-бири кайталабай, бирин-бири улоочу, толуктоочу, тереңдетүүчү касиетке ээ экендиги акындын чыгармачылык изденүүлөрүнө кепил боло алат. Тамга үйрөнүүдө бөбөктөрдүн акыл эмгегин жеңилдетүү, аларды билимге кызыктыруу максатын көздөгөн бул ырлар топтому окутуу процессинде баалуу матерал катары кызмат өтөйт. . Бул багыттагы ырлар А.Кыдыровдун чыгармачылыгында да бир нече вариантта кездешет. Демек, балдар акындары „Алиппенин“ өзгөчө түрүн жаратышты дегенге негиз бар.

Табышмак – кыргыз элинин түшүнүгүндө балдардын акылын курчутуунун мыкты куралы. Ошондуктан балдар фольклорунда жөнөкөй жаратылыш кубулуштарынан баштап, эң татаал математикалык ой корутундуларды камтыган табышмактардын бай казынасынын болушу элдик дүйнөтаанымдын өзгөчөлүгүнөн кабар берет. Жанрдын ушул касиетин акын эң мыкты пайдалана билет. Мисалы, “Табышмактуу төрт жандык” ырында:

“Бул”
“Тар”
“Үп”
“Үл” дегенди,
Эки иреттен кайтала.
Төрт жандыктын аттарын,
Тааныштырат ал сага.
Кушпу?
Айбанбы?
Балыкбы?
Деп туудурса талашты
Жандырмагын билип кой -
Башкы үчөөсү – канаттуу.

Акындын балдар адабиятындагы изденүүлөрү ага улам барган сайын балалыктын ажайып кызыктарын дагы терең билүүгө мүмкүндүк бергендиги байкалат. Жогоруда келтирилген табышмактуу ырдагы идеяны тереңдеткен акын кийинки „Ар бакчадан бирден гүл“ жыйнагында „Эки иреттен кайтала“ аттуу атайын ырлар топтомун жаратып, адегенде „төрт жандыктан“ башталган сөздөр ааламына жасаган саякатынын масштабын кеңейтип, балдарга:

Ойногонсуп, жашынмак
Сөздөр сөзгө бекинет.
Бир муунун бир сөздүн
Кайталасаң эки ирет
Жаңы сөздөр жаралып,
Жандырмагы чечилет – деген тапшырма берүү менен шак+шак, бул+бул, тар+тар, ак+ак, мөл+мөл, үп+үп, үл+үл, илек+илек, бор+бор, зам-зам аталган бир нече аталманын маанисин чечмелейт.

Т.Самудинов балалыктагы индивидуалдуу, кайталангыс мүнөздөрдү аярлык менен ача алат. Бул багыттагы ырларында акындын табиятындагы юморду сезүү туюмунун курчтугу жардамга келет да, образ түзүүгө сатира менен ирония боёктору катышып, чыгарманын ажарын ачып жиберет. Айталы, “Кол чатыр” жыйнагындагы “Трамплин” ырын карап көрөлү:

Айлыбызга таанымал
Суучул балдар аталып.
Бийиги алты метрлик
Трамплин жасадык.

Чыгып трамплинге,
„Бир“, „эки“, „үч“ дедик.
Шукшурулуп төмөнгө
Сууну карай „күп“ дедик.

Кожон деген коңшумдун
Коркоктугу бар эле.
„Жүз үч,
Жүз төрт,
Жүз беш“... деп,
Санап жатат дагы эле.

Башкалардай “бир, эки, үч” менен сууга секирип түшүүгө эрки жетпей, жүздөн ашыра санап өзүн-өзү алдап турган бала аркылуу (Кожон) турмушта көп эле кездешүүчү типтин кебетеси элестеп, анын ирониялуу образы окурмандын жүзүнө жылмаюу тартуулайт.

Акын балдар поэзиясында сөздөн сөз жасоо, наристелердин байланыштуу кебин, сөз байлыгын өстүрүү, аларды сүйлөө маданиятына үйрөтүүчү ырлары менен бирге азыркы жаштар жакшы билбеген эски сөздөрдүн маанисин түшүндүрүү боюнча да опол тоодой эмгек жасады. Анын ушул багыттагы изденүүлөрү “Чаң баспасын сөздөрдү” аттуу 1991-жылы басмадан чыккан ырлар жыйнагы азыркы эки томдугунун биринин мазмунун түзөт . Жыйнактын баш сөз ордуна берилген:

Касиеттүү эне тил
Аруу,
Таза сезимдей.
Кылым бойлоп келесиң,
Кыргыз атын өчүрбөй.

Бой тумардай санайбыз
Кадыр тутуп өзүңдү.
Көп колдонбос буюмдай
Чаң баспасын сөзүңдү – деген саптар бул ыр топтомун жаратуудагы автордук идеядан кабар берип турат. Үч жүздөн ашуун сөз маанилерине ыр аркылуу аныктама берилген бул жыйнак өспүрүм балдарга арналганы менен жалпы эле окурмандарга кызмат кылчу „сөздүк-ыр“1 аталды. Кийинки мезгилдерде элдин жашоо образынын өзгөрүшүнө байланыштуу унутулуп бараткан же жөн эле маанисин так ажырата албай жүргөн сөздөргө эстен кеткис таамай аныктама берилген ырлар бар. Ошондой ырлардын бири “Кайырма” деп аталат.

Мергенчинин баянын
Сен да эмесе тыңдачы:
Сымбаттуусун койкойгон
Аркар дешсе –
Ургаачы
Буржук моюн,
Багалчак,
Мүйүздүүсү – кулжасы
Короз менен мекиян
Канаттуунун кыйласы
Каркырасы –
Эркеги,
Ургаачысы –
Турнасы.

“Аркар”, “кулжа”, “каркыра”, “турна” деген сөздөрдү адатта жакшы айырмалабай туруп колдоно берген учурлар көп эле кездешет эмеспи. Жогорудагы ыр аркылуу айырмаланган сөз мааниси окурмандын эсинде бек сакталып калат. Ал эми “чүрөк” деген сөздү жөн гана аялзатынын сулуулугуна колдонулуучу эпитет катары эл арасында кеңири колдонулганы менен ал сөздүн чыгуу тегине анча маани бербейбиз. Бул сөздүн кайдан чыкканын төмөнкү ырды окуган бала даана түшүнүүгө мүмкүндүк алат.

Чүрөк – болот өрдөктүн
Аруу,
Сулуу
Көркөмү
Ажырашпай бир жүргөн
Кайырмасы – эркеги.

Жыйнакта колдонууга муктаж тилди байытууга ыңгайлуу, алардын маанисин үйрөүп, колдоно билүүнү талап кылган сөздөр жетиштүү. Айталы, клубниканы – кулпунай, укропту – ашкөк, квитанцияны – дүмүрчөк, дамские пальчикини – кусейни (жүзүм деп колдонууга) эмне үчүн болбосун. Улуттук тилдеги ар бир лексикалык бирдик элдик байлык экендиги белгилүү. Ал эми алардын колдонуудан чыгышы руханий жоготуулардын бири. Ушул көз караштан алып караганда, Т. Самудинов эне тил алдындагы өзүнүн атуулдук парызын аткарып келататкан калемгерлердин бири. “Чаң баспасын сөздөрдү” бул жагынан бир топ “билим” бере алат.

1 Сооронов О. Кичүүлөр улуулардан көмөк күтөт // Кыргызстан маданияты, 1985, №16, 18-апрель. – 6-7-бб.

2 Эскертүү: Талдоого алынган ырлардын көпчүлүгү акындын 2003-жылы басмадан чыккан “Тандамал” жыйнагынан алынды.

1 Султанов О. «Байчечекей» журналынын баш редактору  Токтосун Самудиновго // Кутбилим, 2011, 18-март. – 9-б.

2 караңыз: Самудинов Т.  “Грустный юбилей “Байчечекея”: Открытое письмо Президенту А.Акаеву” /Вечерний Бишкек, 9.01. 1992), “Девять и баста” (ВБ, 5.11. 1993), “Завянет ли “Подснежник” (ВБ, 3.01. 1997)

3 бул боюнча маалыматты окуңуз: /Вечерний Бишкек, 2003, 26-сентябрь.

4 Самудинов Т. Аргументы и факты в Кыргызстане, 2007, № 17. – С.3.

1 Выготский Л.С. Воображение и творчество в детском возрасте. – М., 1991.

1 Караңыз: Балалыктын баасы алтын (Кыргыз Эл акыны Т.Самудинов менен маек. Маектешкен П.Казыбаев) // Кутбилим, 2011, 18-март. – 11-б.

1 Эскертүү: Талдоого алынган айрым чыгармалар башка басылмаларда Т.Мидинов деген автор менен берилсе, ал Т.Самудиновдун адабий псевдоними экендигин эске алыңыз.

1 Станалиев С. Көз мончоктой // Кыргызстан маданияты, 1992, 14-январь, № 2.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз