Токтосун Самудиновдун «Чаң баспасын сѳздѳрдү» аттуу эмгегинен II

  • 13.04.2020
  • 3519

КѲРѲСѲН

Мѳңгүдѳгү муздары
Кѳздү уялтат жалтырап.
Аскасынан канаттуу
Араң ашат калтырап.
КѲРѲСѲН тоо ушундай,
Кѳргѳндү таң калтырат.

Шашып агат тѳмѳнгѳ
Тѳѳ кѳздѳнгѳн булагы.
Жылгасынан үн салат
Тоодак менен улары.
Чубап оттойт кой-козу
Бетегелүү кыяны.

АШКѲК

АШКѲК ѳсѳт короодо
Болгон кезде жазгы убак.
Аны салса тамакка,
Аштын даамын арттырат.
Укроп, - дейт орусча,
Эстеп алгын жакшылап.

ЖАЗАПУЛ

Жолдо жүрүү жобосун
Билүү керек мыктылап.
Жаман жорук, акыры
ЖАЗАПУЛГА туш кылат.
Түшүнбѳсѳң бул кепти,
Ал – кадимки штраф.

Кырсыктардан коргогон
Жол белгисин жаттайлы.
Айдоочуну чочутуп,
Аламандап, шашпайлы.
Эрежени кѳп бузуп,
Жазапулду тартпайлы.

ЫРАПТА

Кѳңүл буруп карадым
Наабайчынын ишине.
ЫРАПТА деп айтканы,
Жаздыкча экен кичине.
Ошо менен нан салат
Ысык дандыр ичине.
Жалакай кол чыдабас
Таптуу оттун күчүнѳ.

ЖАПСАР

Козу ѳңѳрүп келатсам,
Кара нѳшѳр башталды.
Эстей коюп, сүйүндүм
Жар боорунда ЖАПСАРДЫ.
Шашылышта ушул жер –
Калканч милдет аткарды.

КЕРДЕН

Тил ѳзүнчѳ байыбайт,
Сѳз оошот элдерден.
Айырмасы жок тура
Чоң кесенин КЕРДЕНДЕН.

ПАДЫБОТ дейт кѳлдүктѳр
Ушул эле идишти.
Балды айтышса – АСЕЛ деп,
Нарындыктар күлүштү.
ШАЛЫ дешет түштүктѳ
Ѳсүп турган күрүчтү.

АЙДАР

Азыр кызык угулат
Абалкыдан калган кеп.
Койгон чачты желкеге –
Коюшчу экен АЙДАР деп.

Жолдошуна жок жерден
Жамандыкты санаган,
Кегин cыртка чыгарып,
Кекээр менен караган,
Арабызда жок эмес
Арамза ойлуу – ал адам.
«Салды деген айдарын»,
Сѳз ушундан тараган.

НАЙ

Флейтанын күүлѳрүн
Укса, кѳңүл жай болот.
Ал аспапты билбесең –
Кыргызчасы – НАЙ болот.

Күү угулат сабызгып,
Ага куштар ар адам.
Сурнай менен керней  да –
Мына ушундан тараган.

ДѲҢ БѲРҮ

Биле албайбым, карышкылар
Бир-биринен коркобу?
ДѲҢ БѲРҮСҮ бирок да,
Эң жырткычы, эң чоңу.

Түндѳ кѳрдүк койлорду
Дѳң бѳрүгѳ кабылган.
Жара тарта бериптир
Азуусу курч ал урган.
Авалашып тим болду,
Айыл ити жабылган.

СЕРЕ

Тѳрт манжаңдын арасын
Азыраак ач – кеңейет.
Аны тоолук элибиз
Тѳрт эли эмес, СЕРЕ дейт.
Муну менен кѳбүнчѳ
Май калыңы ченелет.
Анын жеген чучугун
Бороонду да кенебейт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз