Сагын Акматбекова: Карантинде кагазга түшкөндөр

Солдон оңго: Салтанат Орозобекова, Сагын Акматбекова, Олжобай Шакир

Көп учурда тирүүлүктүн да, тирүүлөрдүн да баркына жетпейт экенибизди ойлондум. Булуттуу көктүн астында, муңдуу чөптүн үстүндө туйбайбыз көптү... А туйган кишилер аз. Кандай заманда жашабасын; кыртыштуу дөңдөй былк этпеген адамдар кезигет, – муңбаган, чөкпөгөн. Алар менен сырдашкан жан өзүнө келе түшөт. Өзүңдү толуктап аласың алар менен. Алар бар – сен барсың. Рухий жактан дегеним. Моралдык соолугуңду соолутпаган адамдар менен ымандай сырыңды төгүшкөнгө не жетсин...

Ушул жаз күндөрү 8-Марттын алды менен улуу акын, улуу талант Сагын эже Акматбекованы үйгө чакырдым. Сагын эжекебиз менен ныгайып ысык мамиледеги акын эжекебиз Салтанат Орозобекова экөөнү чогуу келгиле дедим. Ээрчишип. Сый көрсөткүм келди. Акын эжекелерди куттуктаганыбыз – жалпы Аялзатын куттуктаганыбыз болсун дедик келинчегим экөөбүз.

Экөө босогодон аттаганда эле шаңшыган күлкүгө толду үйүбүз. “Силер келгиле, коронавирус келбесин” деп тамашаладым беттеринен өөп (“Силер келгиле, балээ келбесин” деген эскилердин ырым-жырымы оюма кылт деп). Каткырып алдык.

Чер жазыла кобураштык. Сөз арасында Сагын эжекебиздин телефону улам-улам чырылдайт. Алып эле чолок жооп берип, телефондун жаагын басат. Бир аздан кийин кайра чырылдайт.

– Мен бүгүн бара албайм, айланайын, – деди да, үй дарегин айтты телефондогу кимдир-бирөөнө. Анан бизге түшүндүрөт: – Президенттин аппаратындагылардан... белек берип жиберишкен экен майрамдык... Баралбайм дедим бүгүн. Башка жактамын дедим. Маданият министрлигинен чалышкан келиңиз деп... Президенттин белегин тапшырышмак экен майрамдык... Ошону үйүңүзгө жеткирип берели деп улам-улам чалып атышпайбы, – дейт кебелбеген Сагын эжекебиз.

– Апе-ей, эже! Кызыксыз го таза, – дедим таңгалып. – Падышанын чакыруусуна барбаган сиз кандай?..

– Сага күн мурунтан убада берип коюппу?.. Сен деле мага падышадайсың, – деди тамашага чаргытып. – Акын киши падышага жакындаган жакшы эмес, – дейт сырдуу гана...

Мага ушул кеби жакты! Ким айта алат бүгүн мындай кепти?..

Эжекебиздин улуулугу менен жөнөкөйлүгү эмеспи бул. Төбөм көккө жете түштү ансайын. Анан кетип атканда мага убадасы бар болчу: соңку жазган чыгармаларын “РухЭш” сайтынын окурмандары үчүн жакында жөнөтүп жиберер...

Эмесе, карантин күндөрүндө үйдө камалып бук болгон азиз окурмандарыбыздын чери жазылсын...

Олжобай Шакир

ТҮШ

I

Кайдан түшөм?

Бийикте турган жокмун.

Тоодо жадагалса дөбөдө эмесмин. Атүгүл чатырда турган жокмун. Чатырым, ага чыга турган шатым да жок.

Түш. Кайра эле ошону айтасың. Чак түштүбү? Ооба, азыр чак түш. Эрте менен эрте доктурга бардым. Түнү бою тишим ооруп чыкты. Көптөн бери коркуп барбай жүргөм. Айла жок, аябай ооруганда туруп жөнөп калдым. Түндөгү көргөн түш бир сыйра көзүмдөн калкып өттү. Китептеримди, кагаздарымды бүт сууга ыргытып атыпмын, атырылып, аңтарылып кыяндап аккан сууга. Булардын кимге кереги бар деп атыпмын кимдир бирөөгө. Балким, өзүмөдүр. Өзүм сууга агызып атам, өзүм тыштан карап турам. Сырттагы өзүмдүн ичим ачышкан жок. Менимче, ичимдеги өзүмдүн деле ичи ачышкан жок. Агызып атам. Топ-тобу, кат-каты менен.

- Кальций ичип жатасызбы? – дейт доктур.

- Жок, кальций ичип көрө элекмин.

- Тиштин каналын таппай жатам.

Таппаган бойдон дары коюп таштады. Эртең дагы бармай болдум. Эртең издеп табат болуш керек. Ал тиштин каналын издесе мен түшүмдө көргөн каналды эстедим. Баарын агызып ийгенден кийин карасам бир-эки китеп, ылайланган бир топ кагаздар калыптыр. Агызып ийген өзүм, сырттан карап турган өзүм болуп биригип, бир киши болуп карап туруп, ары басып кеттик.

- Түш!

- Түшпөйм, мага жагат.

Туш-тушта көгөргөн көк, гүлдөгөн өрүктөр. Ошолордун курчоосундамын. Алар дагы менин түшүп кетүүмдү каалабайт. Жыш курчап алышкан. Асман, жердин арасында калкып турабыз.

- Түш дейм, ой!

- Түшпөйм.

  1.  

 

  1.  

Учу-башы көрүнбөгөн узун-узун базарды кыдырып жүрөбүз. 33 миң сомдук пальтону көрдүк. Мага жакты. Дагы карайлы деп ары бастык. Улам бир жерге токтоп, ар нерселерди карап жүрүп адашып калганымды билдим. Ары жүгүрүп, бери жүгүрүп издей баштадым. Ар кимден сурадым, эч ким көрбөптүр. Акыры жүрүп таптым. Жанагы 33 миң сомдук пальтону колтуктап турупсуң. Үч-төрт лөлү аял бура бастырбай курчап алышыптыр. Мени көрө коюп, алар сени таштай качты.

- Эч ким уруп сабаган жокпу? – дедим энтиге.

- Жок, жок, пальтого кызыгышты. Тартып алгылары келди. Бирок мен тарттырган жокмун. Пальто сеники.

Сен тогуз-он жаштардагы кыз экенсиң. Качанкы өзүм экенсиң. Өзүмдүн атымды чакырып, кыйкырып издебедимби...

Түнү бою кимдир бирөөлөр подьезддин тышкы эшигин карс-курс ачып-жаап, өйдө чыгып, төмөн түшүп жатышты. Коридордон бир көлөкө өттү. Дагы өттү. Дымымды чыгарбай карап жаттым. Таң көгүштөңгөнчө көзүм илинген жок.

09.04.20

*     *     *

Жамгыр күнү-түндөгөн
Кар, бороондоп токтоду,
Үч ооданды гүлдөгөн
Үшүк басат окшоду.

Оюм онго урунуп
Колдон келбей эчтеме.
Олтурамын жылынып
Сайып коймо печкеге.

Оозу-мурдун көсөөлөп
Олпок күлүн түшүрүп,
От жакканга жетеби
Оболотуп түтүнүн.

Күндө кезген жол калып
Күнгөй, тескей түзүндө,
Олтурамын камалып
Төрт дубалдын ичинде.

Жазылбаган, жазылган
Адреси, аттары
Олтурамын чачылган
Огунда эски каттардын.

Бүткөн ишим жоктонуп,
Бүтпөгөнүм тоолонуп,
Орунбордун жүн жоолук
Олтурамын ооронуп.
11.04.20

Жарганат

- Айтсаң, баарына себепчи - сенсиңби?

- Мен эмесмин.

- Анан ким?

- Өзүңөр.

- Сен деп атышпайбы.

- Башканы да айтып жатышат.

- Жасалган деппи?

- Ооба.

Ошентти да калдактап учуп кетти. Ошо бойдон көрүнгөн жок. Кайта көрүнсө кайта дагы сурайт элем. Силер тараптан көрүнгөн жокпу? Көрүнүп калса сурап койгулачы, балким силерге айтаар. Бирок сүт куюлган челегиңерди жерге койбой, бетин жаап өйдөрөөк илгиле. Анткени, ал сүттү өтө жакшы көрөт. Ал эми жерде сүткө чумкуганды андан да жакшы көргөн бака деген байкеси да бар эмеспи, ошон үчүн сүт куюлган челекти өйдөрөөк илгениңер жакшы.

Силерге деле мен эмесмин дейт болуш керек. Аныкы чын деп ойлойм. Макулуктар калп айтпайт. Ошентсе да жаңылып-жазып көрүнүп калса бир ирет сурап койгула.

Алтүндө терезени ача койсом шайтан көпөлөк учуп кирди. Кирди да төрт бурчтун биринде үйүлүп жаткан көр-жердин арасына кирип жок болду. Терезени ачып, эшикти, асманды карайын, жылдыздардын жааганын көрөйүн дегем. Көрүнгөн жок, калаанын сандаган жасалгалуу жарыктарынан асмандын жарыктарын көрүү кыйын.

Жылдыздар быйыл эрте жаады. Быйыл баары башкача.

19.04.20

Эрнис, Даанакан, Элмирбек

Текчедеги китептердин чаңын сүртүп, күбүп-кагып атсам, арасынан Эрнистин “Каалга” деген жалбырактай жука китеби учуп түштү. Кайта бир барактадым. Көбүнө түшүндүм, көбүнө түшүнбөдүм. Түшүндүңөрбү, түшүнбөдүңөрбү, эми мага баары бир дегенсип кетип калды. Өтө жаш, улан чагында бир жолу биздин үйгө келген. Көп жыл көрүшпөй калдык. Анан “Де-Факто” гезитинде бир аз чогуу иштештик. Өтө ийменчээк, тартынчаак болуп калыптыр. Ошо ийменгени, тартынганы ичимди жылытты.

Ал абдан көп окучу. Анысы анда-санда сүйлөшө калганда байкалчу. Ырларынан дүйнөлүк адабияттын таасири сезилип, өзүнүн да өзүнө таандык ыргактары угулуп турчу. Бир кезде Михаил Булгаковдун “Мастер и Маргаритасын” талкуулап, талашканбыз. Мен бул романды өтө жакшы көрчүмүн. Ал тескерисинче жакшы көрбөгөнүн айткан. Анан ал “Мастер и Маргаританы” которуп жатыптыр деп уктум, Конфуцийди да которгонун билдим... Эми Эрнистин өзүн эмес “Каалгасын” карап отурам. Ары түртсөмбү, бери тарсамбы, кандайча кылсам ачылат? Ары жагында эмне бар? Апасы, атасы, Мелис байкеси, өзү... Бери жагындачы? Биз. Күз. Анын келгени. Таң калгам. Эмнеге келгенин сураган эмесмин. Көрсө учурунда сурап, учурунда сүйлөшүп калыш керек тура. Ушунун баарын билип туруп жүрө берет экенбиз. Каалганы же ары түртпөй, же бери тартпай. Менин жолумда жабык каалгалар өтө эле көп. Ошолордун арасында мен үчүн балакай Эрнистин да каалгасы бар. “Карс” жаппады, “Тарс” жаппады, жөн гана кетип калды...

Эрнисти эстеп, Элмирбекти ойлонгончо, Даанакан тууралуу уктум. Жүрөгүм зырылдай түштү. Убагында укпай, билбей калыпмын. Живописчи жана портретчи Даанакан гүлдөрдү айрыкча сонун тартчу. Ала-Тоонун ой кырындагы ар түрдүү гүлдөрдү дал өзүндөй жандуу кылып, элбиретип, желбиретип, атүгүл жыпар жытын кошо аңкытып...

Оо жосунуң кургур, жоготуу, жоготуулар! Оо апрель, апрель! Эл ырчысы Элмирбекти алганы аз келгенсип, андан аз мурда айжаркын Даанаканды дагы жыбырына жымыра кеткен тура. Оо дүйнө, дүйнө! Түбөлүгүң түз болгой.

24.04.20

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз