Сулайман Кайыпов «макулуктардын бетине түкүрдүм!» дейт

  • 22.04.2020
  • 14333

7 КӨППҮ, 17 КӨППҮ, ЖЕ БИЗДИ КОРОНОВИРУС ЭМЕС, СОЦИАЛДЫК АПААТ КЫРЫП ТҮГӨТӨБҮ?

Ээй, жарандар, башы кара буту айры болгон кыргыз аттуунун баары! Маңкурт болуп, баарын унутуп бүтсөңөр да, жыйырмага чейин туура санаганды унуткан эместирсиңер! Деги айткылачы, жети көппү, же он жети көппү? Каран калгырдыкы... Сурап жатканымдын себеби бар: 20-апрелге чейин, кийинки бир айдан ашык убакыттын ичинде, бүт дүйнөгө бүлүк салган апааттын кесепетинен 7 кишибиз дүйнөдөн кайтыптыр. Кудай жалгап жетөө эле экен. Дээрлик бардыгы жашы улгайган, өнөкөт оорулары бар адамдар дешет. Короновирустанбы, же башкаданбы, ким билсин, ичер суулуры түгөнгөн экен, ыймандары саламат болсун!

Ал го ал дечи, кээ бир маалымат булактарынын (https://kyrgyztoday.org/news_ky/mart-ajynan-bugunku-kungo-chejin-rossiyadan-17-kyrgyzstandyktyn-soogu-zhonotuldu/) жазгандарына караганда, өткөн бир айлык мөөнөттө эле Орусиядан 17 табыт келиптир-ов! Болгондо да, булардын баары кылкандай жаштар, өз өлкөсүндө иш таба албай, эрксизден бөтөн жерди байырлаган шордуулар экен, атаганат! Кайран кыргыз короновируска караганда социалдык пандемиядан көбүрөөк кырылып жаткан турбайбы, көрсө! Жети көппү, он жети көппү? Ой, жакшылар, жети көппү, он жети көппү? Жети көппү, он жети көппү де-е-йм.

Сурамжылап көрсөм: “Бул көнүмүш иш, дайыма эле “Жүк-200” дегенди башка өлкөлөрдөн да тынымсыз алып турабыз” дешет. Оо, түбүң түшкүр! Оо, жакшылар, ушул кантип болсун! Кыргызстандын пайдубалын адамдар, баарынын мурда ушул жаштар түзөт эмеспи! Өлкөбүздүн өзөгү тынымсыз жукарып бара жаткан турбайбы! Ансыз деле аз эл элек... Болор иш болуп, боёосу канып жаткан турбайбы!

Эми, жарандар, чоң-кичине, жаш-кары дебей,  уурулукту, калпычылыкты, кара ниеттикти, көрө албастыкты, ашкере өзүмчүлдүктү, чыккынчылыкты, саткындыкты, анан эң башкысы, трайбалисттик макоолукту, жүзү каралыкты токтотуп, өлкөбүзгө ээ болуп кала турган жаштарыбызды өз жерибизде сактап калып, алардын күчүн, акылын өз мекенибиздин өнүгүшү үчүн колдонуу жагын шашылыш ойлонбойлубу? Баарыбыз биргелешип, ошол жаштардын өздөрү менен бирге акыл калчабайлыбы? Өлкөнүн бардык потенциалын эске алуу менен, эң башта Кыргызстандын бардык жеринде жумуш орундарын ачуу маселесин УЛУТТУК ИДЕЯ деңгээлинде көтөрүп чыкпайлыбы!

Бул кыйын, бирок ишке ашпай турган нерсе эмес. Адегенде, тез аранын ичинде идея катары талкуулап, анан аны ишке ашыруунун механизмдерин тез арада иштеп чыкпайлыбы! Элибизге, өлкөбүзгө ошентип жардам берип, аларды тарыхтын түңгуюгуна түшүп кетүүдөн сактабайлыбы!

Анда эмесе, кеп мындай. Мен бул оюмду чын ыкласым менен, ишке ашаарына көзүм жеткен үчүн, чычаладай жанып туруп айтып жатам. Мен да элсизде жашап көргөм: Чыгышында да, Батышынды да, жакынынды да, ырагында да узак жылдар бою жашап, иштеп көргөн, анын эмне экенин жакшы түшүнгөн кыргызмын. Кайсыл өлкөдө болбо, кандай кызматта иштебе, баары бир – сен алар үчүн жөн гана кулсуң. Машаяк да болсоң, күнү-күнү келгенде алар үчүн эң акыркы кулсуң, башка эч ким эмессиң. Миң күнү төбөсүнө көтөрсө да, бир күнү кул экениңди билгизген клеймону маңдайыңа чыкпас кылып чаптап коёт. Себеби, сен өз өлкөңдө нан таба албай, ал өлкөгө иш сурап барган бечарасың, эң акыркы “сорттогу” адамсың. Болгондо да, эл аралык имиджи өтө төмөн, пара бермейинче иш бүтпөгөн, өз өнөктөштөрүнөн жыл санап аркада калып бараткан, элинин ыркы жок, улуктары тилемчи, букаралары тентимиш, карызга кулагына чейин батып бүткөн бир өлкөнүн шордуу жаранысың – кыргызсың. Чет өлкөдө кыргыз болуу кандай кыйын, кандай азап, кандай кемсинүү! Мына ушуну өз жонтерим менен сезген, көргөн, азабын тарткан, ошентип жүрүп өмүрү өр таяган жаран катары, күйгөнүмдөн ушул сөздөрдү ый аралаш жазып жатам.

Билип турам, менин бул сөздөрүм эч кимге жакпайт, эң башта чоңдорго жакпайт, анан трайбалист бузукуларга жакпайт, ал эми ууру-кески көпөстөргө такыр жакпайт, а тигил, кыргыздын ичтен чыккан саткындары бул сөзүмдүн ар бир сабын окуган сайын тим эле өлүп алгылары келип чычалайт. Ошентсе да, кимдин эмне дегенине карабай, ичимден бышып, өзүм чындап ишенген ойлорумду айтып коюуну жарандык парзым деп билдим. Уккула!

Эң башта – өз улутунун келечегин аныктай турган жаштардын айына ондоп, жылына жүздөп табыты келип жатканын көрүп-билип туруп, тынч уктап жүргөн макулуктарды, ким да болсо, кайсы кызматта да болсо, фамилиясы Кайыпов да болсо, адам деп эсептебейм. Кимисинин болсо да бетине жаба түкүрүүгө даярмын. Аргам түгөндү, укса да, укпаса да, кыргыз коомдук турмушунда ролу бар катмарларга, топторго, бийликке өз-өз алдынча кайрылып көрөйүн деп чечтим.   

1. Биздин коомдук, саясый, мамлекеттик иштердин бардык баскычтарында аксакалдарыбыздын ролу абдан чоң. Албетте, ар бир эле улгайып сакалы агарган кишинин эмес, кеңкелес болсо да колунда байлыгы бар, сөзсүз кайсы бир кланга таандык, артында кыйкырып турчу кишилери бар, керек болсо көчүгүн караларга, же бизден күчтүүрөөк бир өлкөгө такап алган аксакалдардын ролу чоң. Андай сапаттарың болбосо, күмүш сакалың тим эле белиңе түшүп турса да, жалаң акыл, тажрыйба, идеяң менен Ак үйдүн босогосуна да жакындап бара албайсың, сөзүңдү Акүй менен Көкүйдүн ити укпайт. Ошондуктан, эң алгач, ушул аксакалдарыбызга ачык да, ачуу да айтып кайрылууну туура көрдүм.

Ээй, аксакалдар! Шернеден шернеге чейин эс алып, тойлордо уча жеп, жыйындарда биринчи болуп чыгып алып, узак-узак мактаныч сөз сүйлөгөн, өтмүштө уурдап жүрүп топтогон байлыгын келемишче бүкүңдөп жеп жаткан, эки кишинин башы чогулган жерде тантыган трайбалисттик сөздөрүн жылдыра сүйлөп, эл ыркына доо кетирүүнү эрмек кылып алган, өлкө тагдырын кымындай ойлоп койбогон көпөс аксакалдар, баарынын баш маңкасы мына ушул силерсиңер! Түндүк, түштүк деп кайрап туруу баарыңардын дебейин, 99.9 пайызыңардын канына сиңип бүткөн! Бир ууч кыргызды аркалыктар менен сарттарга бөлүштүрүп алгансыңар! Бул бөлүнүүнүн жоюлушун каалабайсыңар, себеби силер мындан өзүңөргө ыңгайлуу саясат чыгарып келесиңер.

Кыргызстандын азыркы абалынын чыныгы күнөөкөрлөрү да эч ким эмес, так мына ушу силерсиңер! Силер баарын билип турасыңар, улуу сөздө уят жок, билип туруп суу башына шаркыратып сийип турасыңар. Алиге чейин сыйлык менен наам дегенде аттанып түшөсүңөр. Аны да кылган эмгегиңер үчүн эмес, уялбай жердешчилик “квотасынан” алам деп талап кыласыңар. Сыйлык, наам жетпей калса, оппозиция болот элем деп темтеңдейсиңер!

Ачык айтканда, Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдердин күнөө ортоктору так өзүңөрсүңөр. Силердин күнөөңөр алардыкынан, чындап келсе, алда канча көбүрөөк. Анткени, аларды ошол жолго силер түрткөнсүңөр. Сен мыктысың деп, колтуктарына суу бүркүп отуруп, жардан алыс учургансыңар, өзүңөр пайдасын көргөнсүңөр. Жетекчиликке ылайыгы жок кемпайларды өз корообуздун кочкору деп жетелеп отуруп жетээр жерине жеткиргенсиңер. Баары бүтүп, атаганат, ушул Отунбаева менен Атамбаевдин өлкөнүн так башына чейин чыгып кетишине шарт түзгөн да так ушу силерсиңер!

Эми мына, Кыргызстандын тагдыры устаранын мизинде оодарылган кырдаал түзүлүп туру. Ичиңерден кайсы бир шумпай чыгып, азыркы Президентти да сен мыктысың деп, кулагына кумдай куюп, жалган маалымат берип, көзүн боёп жатат десе, эч шектенбей ишенем. Негизи, Президент деген неменин айланасына жалаң ошондойлор гана топтолот окшобойбу. Бул бир мыйзам ченем окшойтко ко. “Сиз жерде эле басып жүргөнүңүз болбосо, кудай элесиз” деп ишендирип салып, анан өз иштерин жасай беришет көрүнөт.

Ээй, аксакалдар, калганын кой, кыргыз урпагы тынчтык убакта согуштагыдан бетер, соо туруп пандемия каптагандан бетер кырылып жатат. Мынтип, кыргыз жаштарынын ондоп, жүздөп элсизде бөөдө өлүм болуп жатканын көрүп, эсиңерге келип, эчкиникиндей жашыңар калганда, бир оңолуп, эл алдында арууланып, бир жакшы демилге көтөргөнгө жарабайсыңарбы? Жаштарга иш орундарды ачалы, аларды өз өлкөбүздөн кулчулукка кетирбейли, муну мынтип чечели деп, жол-жобосун чоңдорго көрсөтпөйсүңөрбү?

Ушак эмес, көшөкөрлүк эмес, конкреттүү пайдасы бар сунуш менен чыкпайсыңарбы? Өзүңөр баштап акчалай салым кошуп, биз кылган иттиктерди кылбагыла эй жаштар деп, эң башында сайган туудай жайкалып турбайсыңарбы, адам болсоңор? Же силерди өлкөнүн адам ресурсунун чөгүп баратышы ойлондурбайбы? Ушинтип жатып, өлкөбүздүн башына жаман иш келсе, байрагыбыз ордунан копшоло түшсө, силердин бар-жок экениңер кимге таң? Ушул Кыргызстан бар болуп турса, анан силер барсыңар да. Ушул Кыргызстан күчтүү мамлекетке айланса, анан силердин атыңар тарыхка жазылат да. Көз жумсаңар так ошол силер сактап калган жаштар жер дүңгүрөтө “атамойлоп” өкүрүп барып көмөт да. Атыңарды тарых барактарына өчпөс кылып жазат да.

Чычалап, бу бечара эмне дейт демиш болуп, куру текеберленбей эле койгула, урматтуу аксакалдар! Куучирендик кылып калптан эле кырчыя бербегиле. Өзүңөрдүн ким, эмне экениңерди өзүңөр эң сонун билип турасыңар. Көчөдөн кезиккенде ийилип салам айтып, “сиз менен сүрөткө түшүп алсак болобу” дегендеге ишенип, мен кадырлуу турбаймынбы деп ойлобой эле койгула, алар да силердин ким экениңерди жакшы билет. Араак барып ашата тилдеп кетет. Силердин куулугуңар, эки жүздүүлүгүңөр аларга да берилген, себеби, силерди көрүп тарбияланган.

Азыр эми силерде баары бар, урматтуу аксакалдар: керектүү материалдык ресурстар мол, тажрыйбаңар, акылыңар, куулугуңар да жетишет. Бар болгону, өз өлкөңөргө ак санап, ага кыйын күндө арка-тирек болуп бергиле да. Ошондо тынч уктайсыңар, эшигиңерге кароол коюп, башыңарга тапанча жастап жатуунун кереги болбой калат. Тарыхта өлкөнү куткарып калгандар, чыныгы патриоттор, улуттун Бакайлары, трайбализм деген илдетти жоюп, кыргыздардын улуттук монолиттүүлүгүн түзгөндөр деген ат менен тарыхта каласыңар. Анан да, колуңардагы байлыгыңарды эселеп көбөйтүп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуңар. Жаманбы?

Уурдалган гана байлык бөлүшүлбөйт; адал байлык бөлүшүлөт, бөлүшүлгөн сайын арта берет. Ушуну билесиңерби? Колдогуну бөлүшүп жатып байлык арттырганды билиш керек. Бөлүшкөндү билбегендерди бир күнү бөлүшкөндү билгендер келип бөлүшүп кетет, эй зыкымдар! Муну да билип койгула! Оба, силерге жаңылмачтай көрүнүп жаткан бул сөздөрдө маани бар; ооба, бөлүшкөндү билбегендерди бир күнү бөлүшкөндү билгендер келип бөлүшүп кетет.

Аксакалдар, силерди безге сайып ойготом деп жатып далай одоно кепти оозго алып жибердим окшойт. Колуңардан сөзсүз келет, байлыгыңар да артса артып, кемип калбайт. Кыргызстанда ачылган ар бир иш орун нан таап жеген жер гана эмес, бир адамдын өмүрү деген мааниге ээ болуп баратат. Кайталап айтам, иш орундарын ачуу демилгесин көтөрүп, балдардын өмүрлөрүн алып калгылачы; ошол балдардын күчүн, акылын өз өлкөбүздү өнүктүрүүгө бургулачы, ушул сөздөрүм үчүн курумду мойнума салып туруп, миң мертебе кечирим сурайын; кечирим сурамак турсун, тим эле ар бириңе эшик ырчы болуп берейин.

2. Кыргызстанда көптөн бери колунда барлардын сөзү өтүмдүү, колунда барлардын бардык жерде таасири күчтүү болуп келет. Кимдин кимдин заманы, бай чыкмалардын заманы болуп калганы качан. Булардын коомдук турмушка болгон таасири аксакалдардыкынан да күчтүү. Ошондуктан, кыргыздын баймын деген уул-кыздарына кайрылам.

Ээй, кыргыздын бай чыкма уул-кыздары! Кыргызда чыныгы буржуа али түзүлө элек. Ошентсе да, кыйла мүлк жыйнап алган, алардын ичинен байлыгын чет өлкөлөргө алып барып катып келген шумпайлар да бар. Байлыгын өз өлкөсүнөн алып чыгып кетүү чыккынчылыкка тете экенин алар али түшүнө элек.

Ээй, бай чыкмалар, чындыкка келели, ичиңерде мамлекеттен уурдабай, мамлекет берген мүмкүнчүлүктөн пайдаланбай, эч кимдин акысын жебей туруп байыган эч ким жок, эч ким! Муну өзүңөр да билесиңер, эл да билет. Айрымдарыңар иш оорундарын ачып, адамдардын жок дегенде күнүмдүк нанын таап жешине шарт түзүп берип жатасыңар, аныңарга миң рахмат! Бирок, көпчүлүгүңөр байлыкты өз өлкөңөрдүн ичинде вложение жасоо аркылуу арттырууну билбейсиңер. Билсеңер да өз мамлекетиңерге ишенбейсиңер. Эгерде баарыңар бир багытта, элге иш орундарын ачуу багытында бириксеңер силерге кайсы коррупционер, кайсы бийлик туруштук бере алмак?

Азырынча адал-арамына карабай байлык топтоонун жан-алакетиндесиңер. Бизнесиңерди коргооо үчүн депутат болуп, саясатка да кирип келдиңер. Биздин партиялар чыныгы партия болуп калыптана электигинен улам, шайлоолор алдында партия эмес эле, бизнес-бюрого айланып калып жатат. Биртке акчасы болгондордун күнү тууган заман. Акчаңар менен тизмеге кирип, шайлоодон оңой эле өтүп келип жатасыңар. Өзүңөр депутаттык ишке даяр болбогондугуңар үчүн ар бир сөзүңөр, жүрүм-турумуңар менен кыргыз элин бүт дүйнөгө уят кылып бүттүңөр.  

Саясатты коюп, атайын программаларды иштеп чыгып, иш орундарды ачып, кыргыз балдардын күчүн өз жеринде пайдаланып, аларды кулчулуктан, ал турсун өлүмдөн куткаруунун, ошону менен улуттун генефондун сактоо жагын колго албайсыңарбы? Эй, байсымактар, бир айдын ичинде пандемиядан жети киши көз жумса, Орусиядан эле 17 табыт келиптир. Силер мунун кыргыз улуту үчүн эмне экенин түшүнөсүңөрбү? Же силерге баары бирби, өзүңөр эле аман болсоңор, акчаңар көбөйсө эле болдубу? Кыргызстан эл бар үчүн бар, Кыргызстан бар үчүн сен барсың, ээй байсымак.

Байсымактар тармак-тармак боюнча биригип, керек болсо кооперациялар түзүп, өлкөнүн өндүрүшүн жолго койсоңор, кыргыздын уул-кыздарын иштетсеңер болбойбу? Болот албетте! Байлыгыңар да өз өлкөңөрдө калмак, далай жаштарды чет өлкөдө кул болуудан куткармаксыңар. Байлыгыңар да эселеп артмак! Эч ким элсизде өлүп энелердин жүрөгү сыздап, аялдар жесир, балдар жетим калмак эмес! Чындап келсе, силердин топтогон байлыгыңарда ошол өмүрү кыйылган улан-кыздардын акысы бар. Силер аларга байлык эмес, өмүр карызсыңар! Өлкө байлыгы таланып, силердин колуңарга өтүп кетпесе, өлкө өлкө бойдон турмак, миллиондон ашык кыргыз уул-кызы элсизде самсып, кор болуп жүрмөк эмес. Муну билгиле!

3. Кыргызда күчү арзан, өмүрү ит бекер, укугу чектелген, тагдыры ташка тийген, ошондой болсо да, Кыргызстанды бутунда кармап турган бир социалдык катмар бар, алар чет өлкөлөрдө мигрант болуп жүргөн кыргыз уул-кыздары. Кыргызстанды ордунда кармап турган ушул бечара мигрант улан-кыздарыбыздын өмүр сарптап жүрүп таап жөнөткөн акчасы экенин ким танат. Көчөдөгү иномарка машина, ар бир окуучунун колундагы айфон телефондон бери ошол мигранттардын жиберген акчасына келип жатканын ким билбейт. Өндүрүшү жок, жалаң алып-сатуу менен байып жаткан бизнесмендердин четтен алып келген буюмдарын мигранттын акчасы болбосо, эл кайсы акчага сатып алмак.

Инвестициянын эң тазасын ушул биздин мигранттар жасап жатат. Өздөрү билбей туруп чыныгы патриоттук иштерди аткарышууда. Жылына келип түшүп жаткан 4-5 млрд долларды биз кийин эч кимге кайра төлөп бербейбиз. Алар биздин балдарыбыздын өмүрүнөн жасалган акчалар. Мигранттардын жиберген акчалары болбосо, соода-сатык менен чектелген, өндүрүшсүз, кысыр бизнесмендердин эч кимдин иши жүрбөй калат. Бирок абалдын ушундай бойдон улана бериши туурабы, албетте, туура эмес.

Анда мындай. Ар бир мигрант өз өлкөсүнө кайтып келип, четтен үйрөнгөндөрүн ушул жерде ишке ашыруу жагын ойлонушу керек. Тапкан акчасына хан сарай салып, кымбат машина алган мигранттын мээнети талаага кетти дей бер. Тирүү, нак акчаны өлү мүлккө айландыруу акылсыз кишинин иши. Өндүрүш ачып, иши жокко иш берип, ошону менен байлыгыңды да эселеп арттырып отурсаң болбойт беле, ээй мигрант?

Негизи, мигранттар, силер сыртта жүрүп көп нерсе үйрөндүңөр. Ошол үйрөнгөнүңөрдү өз өлкөңөргө алып келип негиздөөңөр эң керек. Жалгыздап эмес, бирикмелер түзүп, өлкө мыйзамдары берген укук жана мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу зарыл. Бул жердеги алдым-жуттумдарды, коррупционерлерди, рейдерлерди силер тарбиялайсыңар. Өмүрү сыртка чыкпай, чыкса да көзү ачылбаган мас бойдон барып келип жүргөн дармоеддер, түнү менен саунада же бильярдда жүрүп, эртеси ишинде үргүлөп отурган чиновниктер, депутаттар бул өлкөнү оңдой алышпайт. Бул өлкөнү кесипкөйлөр оңдойт. Азырынча, тээ 1990-жылдарда башталган, кесипкөйлөрдү көчөгө таштап, кесибинен баар таппаган селсаяктардын, жасакерлик менен көшөкөрлүктү жакшы жасаган мителердин кадрдык үстөмдүгү өкүмүнөн жана элек.

Албетте, мигрант туугандар, четке барып иштегендердин баары эле кесипкөй болуп кеткен жок, андай болушу мүмкүн да эмес. Четке барат десе барып алып, эндей боюнча эндиреп жүргөн канча кыргыз бар. Бир тобунун улут безер болуп кеткендигин да көрүп жүрөбүз. Эч нерсе үйрөнө албай, өлкөсүн жамандап жүргөн акылсыздар андан арбын. Бирок араңарда иштин көзүн билген, билими, тажрыйбасы, адамдык сапаты өз ордунда болгон чыныгы лидерлер сөзсүз бар.

Ошондуктан, “өлкөм мени баксын, болбосо митинг кылам” деп өлүмтүктү артып келбей, “артта калган өлкөмдү көтөрөм, өнүктүрөм, тилемчиликти тыям, өлкөмү дүйнөгө таанытам” деген эргүү, асыл максат менен келсеңер кыргыз урпагына куп жарашат! Бул жерден аксакалдар, колунда бар бай чыкмалар, бийлик жак түшүнүү менен тосуп алып, идеяңар ишке аша баштаса, Кыргызстанды эки жылда катарга кошооруңарга ишенем. Ошондо чек арабызга эч ким башын салып кирип келбейт, элдин духу көтөрүлөт, башка өлкөлөргө жардам бере баштайбыз, ата арбагы ыраазы болот.  

Силер жогоруда айтылган аксакалдардан айырмаланып, жаңы менталитетке ээсиңер, өз өлкө менен бөтөн өлкөнүн айырмасын билесиңер. Өлкөңөрдүн карааны көздөн учуп, карегиңден аккан ысык жаш бетиңден ылдый тоголонуп түшкөн күндөр эсиңерден эч чыкпайт. Мекен баасын, улут баасын силер билбесеңер ким билет!

Кыргыз мигранттары, силер өз өлкөңөргө сөзсүз кайтышыңар, ага жаңы менталитет, ынтымак, ар менен намыс алып келишиңер керек! Силер өзү деле өчөйүп турган өлкөгө дестабилдүүлүк алып келбегиле, бузукулардын кебине кирбегиле, ашмалтайы чыккан кырчаңгы партиялар менен иштешпегиле, керек болсо, уюшуп келип, өзүңөр партия кургула, бирок бул жердегилердин кылганын эч качан кылбагыла.

Биз аз элбиз, ар бир кыргыз кайтып келип, кыргыз тукумун улаш керек. Бирок мен өлкөмө эмне менен барам, эмнелерди үйрөнүп барып, кимдерге эмнелерди үйрөтөм, өз жеримде эмне кылып жан багам, кандай пайда келтирем деген суроолорду өзүңөргө өзүңөр беришиңер керек. Кыргыз баласы жөндөмдүү, жалкоолук эле кылбаса, кандай нерсе болсо да үйрөнүп ала алат. Демек, интеллектуалдык потенциалыбызда мандем жок. Кыргыз жери берекелүү жер, баары бар, экономикалык жактан өнүгүү үчүн абдан ыңгайлуу. Бул жагынан да эч кимден кем эмеспиз. Маселе уюштуруу иштеринин начарлыгында, уурулардын уюгу бузулбай жаткандыгында, эл биримдигинин жоктугунда. Ойлонгула, апааттуу пандемия бир айдан ашык убакытта жети улгайган кишини, ал эми силер жашаган жана иштеген шарттар он жети кишинин өмүрүн алып жатат. Ойлонгула, 7 көппү, 17 көппү; пандемия коркунучтуубу, же силер жүргөн шарттар коркунучтуубу?  

4. Сөзүмдүн эң арбын бөлүгү албетте, өлкө жетекчилерине арналганы турат. Чынында, өлкө бийлигинин табият байлыктарынан тартып, адам өмүрүн, акыл-эсин, билимин, тажрыйбасын, кесипкөйлүгүн коргоп, туура таразалап пайдалана билүүсү, ошол эле мезгилде, элдин да бийликке болгон адекваттуу мамилеси өлкөдөгү бардык алака-байланыштардын негизги өзөгүн, шартын түзөт. Кыргызстанда бийлик менен эл, тилекке каршы, бинардык оппозиция абалына келип алганына көп жыл болду. Тескерисинче, эл менен бийлик бир бүтүн болушу керек эле. Керкисинде да, кемигинде да болуп жатат.

Бийликке келген кишини туулуп өскөн жерине карап “биздики” же “биздики эмес” деп бөлүп турган, керек болсо, чет өлкөдөн колдоо алып келип, аны кыйратып түшүүгө даярдык көрүү менен алек болгон ыркы жок элдин эмнеси эл! Жарандарын иш менен камсыз кылуу жагын уюштуруу колунан келбей, аргасыздан иш издеп чет өлкөлөргө кеткен жарандарынын айына ондоп, жылына жүздөп келип жаткан табыттарын көрүп туруп, мунун алдын алууга жарабаган мамлекеттин эмнеси мамлекет! Адамдардын акыйкатка жетүү жолун кең-кесири ачпаса, кесипкөйдү дилетанттан ажырата билбесе, өлкөгө келген апаат короновирус эле эмес, андан башка, андан коркунучтуу апааттардын бар экенин көрбөсө, андай бийликтин эмнеси бийлик!  

Ээй, эл жакшылары! Ишсиздиктин, жакырдыктын айынан кыргызга социалдык апаат тийгенине көп болгон тура! Баарыбызды ушунчалык далбасага салган короновирус бир айдан ашык убакытта 7 кишинин өмүрүн алыптыр, ал эми социалдык апаат болсо, бир айда эле бир гана Россиядан 17 кыргыз уул-кызынын өмүрүн жалмаптыр! Калган өлкөлөрдөн да бар экен. Анан да, короновирус жакында кетип тынат, ал эми тигил желмогуз жаналгычтыгын уланта бере турган болуп жатпайбы! Эбактан бери эле ушинтип келе жаткан экен да. Ушунча жылдан бери эмне үчүн бул кыргындын алдын алууга мүмкүнчүлүк болгон жок? Буга кийин ким жооп берет? Улуу Атамекендик согуш жылдарында да мындай кыргын болгон эмес да.  

Эмне үчүн бул кыргындын алдын алууга мүмкүнчүлүк болбогонун билип эле турам – керектүү иш орундары түзүлгөн жок. Чоңдорубуз ууру-кескилик менен гана алек болду. Эми ал иш орундарын түзүш керек! Эмне, Кыргызстанда кыла турган иш жокпу? Кыргызстанда, тескерисинче, иштин баары кылынбай жатпайбы. Мал чарбабыз эптемей, дыйканчылыгыбыз эптемей, жеңил, оор өнөр жайларыбыз кыйраган, соода-сатыктын чүйгүндүү жерлери контрабанданын колунда. Кай тармагыбызда чеке жылытарлык иш бар? Оңдоп кетүүгө мүмкүнчүлүк барбы, албетте бар. Эң негизгиси, өлкөдө легитимдүү мамлекеттик бийлик бар. Өлкөнүн экономикалык, интеллектулдык потенциалы бар. Арзан адам күчү бар. Мамлекетте болбосо да, адамдарынын колунда жеке менчик секторун гүлдөтүп кетүүгө жете турган каражат бар. Мына ушуларды уюштуруп, баарын өз-өз ордуна коюп, биринин акысын экинчисине жедирбей, чыккан проблемаларды өз убагында, акыйкат чечип туруу мамлекеттин гана ыйык вазипасы.

Калкы 6 млн болсо, анын да жарымы чет өлкөлөрдө тентип жүрсө; мында калганы экиге бөлүнүп алып, бир жагы бардык ишти күттүрүп коюп, шайлоодон кантип утуш менен чыгуунун амал-аргаларын ойлоп жатса; экинчи жагы, эч иш кылбай, так ошол шайлоо күнү шылтоо таап, бийликти көңтөрүп түшүүнүн жолдорун издеп, туш-тушту жойлоп, океандын ары жагынан да, бери жагынан да медет күтүп жүрсө; өлкө тагдырынын коркунучта турганы эч кимди ойлонтпосо, бул кандай эл, бул кандай мамлекет, бул кандай бийлик деген ойго келбей койбойт экенсиң?!

Албетте, мындай учурда мамлекет тартипти жана закондуулукту сактоонун түркүгү бойдон калышы керек. Антпей туруп, гимн ойнотуп, байрак көтөргөнүбүз бекер кеп! Бийликте темирдей эрк, эпкини ар бир кишиге чейин жетип турган айбат, ар бир кишинин тагдырын ойлогон камкордук, ар бир киши сезип турган колдоо болушу керек. Бизде бири болсо бири жок, жарым-жартылай дүйнө болуп жатпайбы! Бир калыпка түшө албай жатпайбызбы! Адамдарыбыз, айрыкча чиновниктер, өлкө үчүн кызмат кылуу маданиятынан, сезимдеринен куружалак калган немелер турбайбы.

Сөзүм кургак болбос үчүн ушул эле күндөрдөн бир мисал тартайын. Мынабу, короновирус апааты өлкөнү будуң-чаңга салды. Коопсуздук кеңеши маселени койду. Адегенде эч кимиси былк эткен жок. Анан эле чиновниктер иш кылгансып ары-бери чочоңдошуп калышты. Сырттан, эл аралык уюмдардан, банкалардан, өлкөлөрдөн жардамдар суралып, ичтен акча каражаттары топтолуп, бюджеттеги акчалар жүз миллиондоп, миллиарддап бир жактарга жумшалып турду, жумшалып да жатат. Ал эмес түшүнбөгөн немелер госматрезервге да кол салышты окшойт, чамамда. Өлкө болсо күндөн күнгө экономикалык, саясый кризистин аңгегин көздөй жылып баратат. Чиновниктердин короновирус боюнча берген маалыматтары, сводкалары жансыз, ишенимдүү эмес, ар бир кадамы өзүнөн өзү шек туудуруп турат. Көп убакта “булардын жасап жатканы чын эле ишпи, же Коопсуздук кеңешине жооп кылыш, элдин көзүн боёш үчүн жасалып жаткан саясый маструбациябы” деген ойго келесиң. Ошондой эле го.

Жакында күн жылып, ультрафиолеттүү нурлар вирустардын ээн-жайкын жайылышына жол бербейт. Бир канча аптадан кийин карантин эч бир өлкөдө калбайт. Ошондо, жанагы сырттан келе турган, ичтен топтолуп жаткан акчалар кайсыл эсепте туруп, кайсы тармакка жумшалат? Мунун эсебин элге ким берет? Себеби, мамлекет башчыбыз бул каражаттарды элдин атынан чыгып, элге жумшаш үчүн алып жатат. Ал акчалар толугу менен элдики, аны ээсине эл гана кайта төлөп берет. Анын үстүнө, азыркы чиновниктердин мойнунда Дача-СУ кырсыгы үчүн топтолгон акчалар турат, Дача-СУда кыйраган учактагы жүктүн эгеси, түрктөрдөн алынган компенсациялардын маселеси турат. Бир күнү болбосо бир күнү мунун баары тиешелүү чиновниктерден сөзсүз суралат. Эгерим суралбай койбойт.   

Кыскасы, мен жаран катары, аткаруу бийлигинин бардык баскычтарындагы философиясы бузук чиновниктерди түп көтөрө алмаштырмайынча иш жүрө турган эмес деген ойго келдим. Жаңыланууга муктажбыз! Аянта жасалган революция акыл-эстерде, көңүлдөрдө жасалган революциялар менен коштолмоюнча эч нерсеге жарабайт тура! Конкреттүү практикалык иш болмоюнча мүрзө башына барып алып төккөн көз жаш менен мурундун суусу элге азык болуп бербейт турбайбы. Өлкөбүздүн саламаттыгын ойлосок, ой-пикир, көз караштарыбызды жаңылап, бир улуттук идеянын тегерегинде биригишибиз зарыл тура. Тарых ушуну көрсөттү. Андай идея болсо бар.

Баса, идея демекчи, ушул жерден дагы бир түшүнүктүн башын ача кетейин. Биздикилер “улуттук идеологиябыз жок”, “мамлекеттик идеологиябыз жок” деп, өздөрү дурустап түшүнбөгөн сөздөрдү колдонуп жаза да, сүйлөй да беришет. Мамлекеттик идеологиябыз бар, ал биздин Баш мыйзамыбыз. Ал эми “улуттук идеология” деген түшүнүк жок, улуттук идея деген түшүнүк бар. Биздин сабатсыздар ошентип жаза беришип, орустун сабатсыздарына да үйрөтүп бүтүштү. Эми алар да “национальная идеология” деп жаза башташты. Түшүнүктөрдү туура колдонуу – ийгиликтин башаты.

Улуттук идея туралуу кепке кайра келсем, ага татый турган идея бар. Болгондо да бышып жеткен, тарых өзү даярдаган, өлкөбүз эңсеп турган, экономикалык, маданий, гуманитардык мааниси зор идея. Сөзүмдүн мындан кийинки бөлүгүн жарандык укуктарыма таянып, этикалык жактан канчалык оңтойсуз болсо да, Президентибиз Сооронбай Шариповичтин жеке өзүнө кайрылып айтсамбы дейм. Аткени, улуттук идеянын эгеси дайыма Президент гана болот.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, жогоруда, аксакалдарыбызга, байларыбызга, мигранттарыбызга айткан ары армандуу, ары ачуу сөздөрүмдү жыйынтыктап келип, Сизге өлкөбүздө жумушчу орундарды ачуу идеясын улуттук идея деңгээлинде көтөрүп чыгууну сунуш кылам. Аны жүзөгө ашыруу үчүн алдыбыздагы жылдардын бирин ЭЛДИ ЖУМУШЧУ ОРУНДАР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУНУН ЖЫЛЫ деп атап, өлкөбүздөгү бардык мүмкүнчүлүктөрдү бириктирип, жаштарыбыздын сыртка агылышын токтотуунун чарасын көрүшүңүздү өтүнөм. Бизди короновирус эмес, социалдык апаат түгөтө тургандай болуп турганын танбашыбыз керек.

Кыргыз тукумун элсизде кор болуудан, чүнчүп жоголуудан, бөөдө өлүмгө дуушар болуудан сактоонун чарасын көрбөсөңүз, мындан ары да эч нерсе жакшы жакка өзгөрбөйт. Бир жараны өлтүрүлгөнүн кой, кемсиндирилген болсо, анын укугун коргоп, үстүнө үйрүлүп түшө калбаган мамлекет мамлекет эмес. Бизде болсо, бир айдын ичинде эле 17 табыт келиптир, өлүмүнүн себебин сурап койгон бир киши жок. Бир айда 17 табыт келсе унчукпай отургудай биз кимбиз? Өзүбүз аз эл болсок...

Түшүнүп турам, биз азыр башка өлкөлөр менен тентайлашып, жарандарыбыздын укугун коргоп ала турган айбатка ээ эмеспиз. Кыргызстандын эл аралык имиджин Сизге чейинки жетекчилери жер менен бир кылып кетишкен. Эл аралык имиджибизди ордуна коюунун бир эле жолу – өзүбүз тыңгылыктуу күн өткөрө башташыбыз. Ошондуктан, мамлекетибизде жана жеке колдордо болгон экономикалык потенциалдарыбызды карап чыгып, бир максатка бириктирип, адамдарыбызды иш орду менен камсыз кыла турган ар кандай профилдеги ишканаларды ачышыбыз керек. Албетте, менчик формаларын аныктоодон баштап, абдан чоң жана татаал уюштуруу иштерин колго алуу керек болот.

Биздин жаман жашоого, тилемчилик кылып, ар кимден жардам сурап турууга акыбыз жок. Биз жашаган жер, элибиздин ар-намыс баалуулуктары ага жол бербейт. Адамдарыбыздын житип бара жаткан ар-намысын кайра жандандырышыңызды, чөгүп бараткан маанайын көтөрүшүңүздү, “Жүк-200дүн” тынымсыз конвейрин токтотушуңузду өтүнөм.

Сөз болгон ишканалар ачыла баштаса, өндүрүшүбүз жолго коюлат. Ички инвесторлорубуздун байлыгы артат, налогдор төлөнүп, бюджетибиз толот, жаштарыбыздын сыртка агылуусу акырындап токтойт. Кыргыз эли – чыгармачыл, туура уюшулган болсо, ар кандай иштин өтөсүнө чыга ала турган эл. Ушул, азырынча, алыбызга жараша ачылган ишканалардын кийин кыргыз таланттары жараткан техногиялык кереметтердин башаты болуп каларына бөркүмдөй ишенем.

Сөзүм эпсиз узап кетти көрүнөт. Оюмдагыны чөп башылап болсо да айткандай болдум. Бул азырынча идея гана. Аны программага айландыруу өзүнчө эмгекти талап кылат. Негизги оюмду дагы бир жолу кайталоо менен сөзүмдү бүтүрөйүн: алдыбыздагы жылдардын бирин ЭЛДИ ЖУМУШЧУ ОРУНДАР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУНУН ЖЫЛЫ деп атап, кыргыз тарыхынын жаңы барагын ачышыңызды зарыл деп эсептейм, урматтуу Президент.

Сулайман КАЙЫПОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз