Чыңгыз Айтматов: Демократия – муундар арасында мурас өтөр эң жооптуу асыл нарк

“Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат” аттуу макалалар, маектешүүлөр жана публицистикалык эмгектеринен топтолгон асыл ойлордон...

*     *     *

Жазуучу – дүйнөнүн жаңырыгы.

*     *     *

Андрей Вознесенский: “Эгер адамга келтирсе кыйындык – баардык өсүштүн баасы тыйындык” деп айткан.

*     *     *

Горький: “Жазуучу өз көкүрөгүнүн гана жаңырыгын тыңшабай, ал өзү дүйнөнүн жаңырыгы болуусу тийиш” деген.

*     *     *

Жүрөгү, бүткүл руханы адамга жана адам даргөйүндөгү асыл ойлорго, күйүткө жана сүйүүгө толуп-ташып турганда гана художник адамзатка кызмат кыла алат.

*     *     *

Керт баштын эркиндиги деген – бул өзүнүн кадыр-баркын көтөрүү дегендик эмес, ошону менен бирге бул бир жагынан өзүн өзү кармай билүү, жоопкерчиликти сезүү дегендик.

*     *     *

Гражданин болуу – демек, кенен ой жүгүртө билүү, коомдун кызыкчылыгын өз кызыкчылыгым деп түшүнүү.

*     *     *

Адам өзүн ким гана деп эсептебесин ал ишсиз, аракетсиз жашай албашы бышык.

*     *     *

Окумал, билимдүү, умтулуулары, кызыкчылыктары кенен, интеллигент адам кандай гана иште иштебесин өзүн жолсуз, армандуу эсептебейт.

*     *     *

Антонио Прието: “Бүгүнкү күндөгү прозаик сынчы да, публицист да, адабиятчы да болушу керек” деген пикирин айтты.

*     *     *

В.И.Ленин: “Кызмат абалдын кадыры жөнүндө кам көрүүчүлүк – даңкка умтулуучулук, өзүнө-өзү ыраазы болуучулук, ичи тардык, рухий мерездик, ички маданияттын төмөндүгү – биздин эң каардуу душмандарыбыз”.

*     *     *

Толстой: “Искусствонун мааниси – адамдарды бирдиктештирүү” деп айткан.

*     *     *

Сүйүү. Жүрөгүндө сүйүү бар адам бардык нерсени түшүнөт. Ага бүткүл дүйнө, бүткүл аалам кымбат. Анткени анын сезими ушунчалык бийик, ушунчалык улуу – ага бардык жашоо мейкиндигин, чоңдордун да, өздөрүндө келечек турмушту камтыган балдардын да, бүткүл адамзат тиричилигинин бир бүтүндүгүн түшүнүү зарыл.

*     *     *

Адам мүнөзүндөгү прагматизм, рухий жармачтык, жүрөксүздүк, ойдун мажирөөлүгү сыяктуу сапаттардын негизинде эмне жатат? Албетте, балалыктын жардылыгы, кунарсыздыгы.

*     *     *

Балалык, менимче, адам духунун, чыгармачылыгынын, поэтикалык ажардуулугунун синоними.

*     *     *

Сүйүүгө, достукка, адамдык мамилелердин тазалыгына жана адилдигине, жомок сыяктуу сезилген идеалга ким чын дилден ишенсе – ошол баатыр.

*     *     *

Толстой: “Уят, ар – бул адамдын өзү жасай аларлык чындыкты алдын ала сезиши”деген.

*     *     *

Адамдар кененчиликти көтөрө албай көөп, адинен ашып жылкыдай бышкырык атып кетет. Турмуштун жыргалдыгы, кенендиги, бардамдыгы, алардын адамдык касиетин арттырбай, кайра айбандык сапаттарынын күчөшүнө себепкер болуп кутуртуп, менменсинтип, өзүмчүл, катаал кылып жиберет.

*     *     *

Эгер адам материалдык жыргалчылыкка жашоонун эң башкы максаты катары умтулса, буюмдун кулу болуп калса – бул анын дээринин жардылыгы, анын мажирөө, жармач тарта баштагандыгы.

*     *     *

Бактылуу мүнөттөр душмандын үстүнөн болгон жеңиштерде эле эмес, ички рухий жеңиштерде да болот.

*     *     *

Дарыя – сулуулук. Аны ар ким ар кайсы жакка буруп, ой келди башкара берүүгө тийиш эмес.

*     *     *

Мен ар бир жазуучунун өзүнүн эсеп чекити, жер менен тутумдашуу чекити болуш керек деп ойлойм. Финансистердин тили менен айтканда, Шекер – менин негизги капиталым, а калган нерселердин бардыгы – башка жактардан алынган кошумча каражаттар.

*     *     *

Өткөн учур – бул тунуп калган суу сыяктуу. Ага кандайдыр бир тамчылар тамып, ал тазара, өңү ачыла түшүп жаткан сыяктуу, убакыт өткөн сайын баары өз-өз жайына келери бышык.

*     *     *

Адабий чыгармачылыкка адам менен китеп башат болот.

*     *     *

Сөздүн өз кенчи бар экенине ишенем.

*     *     *

Өспүрүмгө өз акылы менен жашоого түртмөлөөчү, өз алдынча ойлоно билүүнү үйрөтүүчү адабият керек. Биз болсок кээде теңирден тескери иш кылабыз- өз алдынча ой жүгүртө билген чоң кишиге деле насаатчыл китепти суна беребиз. Мен деги эле насаатчыл адабиятка каршы эмесмин, бирок ал балалык чакта гана- балага байымдуу негизги түшүнүктөрдү, жол- жоболорду байыр алдыруу зарыл кезде, анын жүрүм- туруму көбүнесе тууроодон туруп, жетектөөгө, кимди жана эмнени тууроо керектигин түшүндүрүүгө муктаж кезде баалуу.

*     *     *

Окурман жөн гана “аяк бошотор” болбошу керек. Китептен – туу чокусуна чыгып турган ушу бийик секиден ал өз дүйнөсүнө секирик жасоого, сүңгүп кирүүгө тийиш.

*     *     *

Китепке да достордой мамиле кыласың – жаш чакта досторуң көп, бирок мамилең үстүртөн, жеңил- желпи, сын көз караш деген жок.

*     *     *

Нагыз адабият бир күн же эки күн жашабайт, ал жок жерден жаралбайт дагы.

*     *     *

Ички дүйнөбүздү жалаң гана китеп байытпайт.

*     *     *

Эгер мен алгачкы кадамымдай маанайда жаза берсем, анда адабиятчынын эмгеги жадатма, жөнү жок түйшүккө салган жүк болмок. Анда мен адабиятты таштап, пайдалуурак ишке – айыл чарба кызматына өтмөкмүн.

*     *     *

Тиричиликти, турмушту курулай көчүрө берген кунарсыз китептер көп.

*     *     *

Тиричилик өтөт, руханий дүйнө калат.

*     *     *

Китепкөй – адабият тарыхын билген, тиги же бул китептин, мейли сейрек китептин болсо да баркын билген, өткөн мезгилдердин китеби кандай, мааниси эмнеде экенин билген адам.

*     *     *

Суктандырган нерсеңе да моюн сунуп олтургуң келбейт.

*     *     *

Жазуучу өз колунан келген нерсеге караганда алда канча  чоң нерсеге ар дайым умтулушу кажет.

*     *     *

Демократия – муундар арасында мурас өтөр эң жооптуу асыл нарк. Басма жүзүндө да, оозеки сөздө баарын ачык айтып алууга жетишүү али демократия эмес, булар сырткы белгилери; накта демократия – баарыдан мурда киши менен кишинин, коомдун бир катмары менен экинчи катмарынын бири-бирине аруу мунасасын жана ак пейилин тарбиялоочу татаал процесс, коом тагдырына жаныча көз карашты калыптандыруучу эң чалкеш процесс.

*     *     *

Демократиянын чеги – эркиндик менен тартип.

Топтогон: Мээрим САЙДИЛКАН

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз