Чыңгыз Айтматов: Сын – адабий процесстин ажырагыс бир бөлүгү

“Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат” аттуу макалалар, маектешүүлөр жана публицистикалык эмгектеринен топтолгон асыл ойлордон...

*     *     *

Жакшы ишке ич күйдүлүк кылуу – бул күнөө эмес.

*     *     *

Эне, боз үй, от күйгөн коломто – жашоонун жана тууган жердин символун билдирет.

*     *     *

Маданият менен искусство дайыма көп күч талап кылган тармактардан, анткени рухий казына өзүнөн-өзү жарала койбойт. Алар аздектеп көңүл бурууну, камкордук көрүүнү, этиеттикти талап кылат.

*     *     *

Ысык-Көл – менин кутман бешигим. Ал наристе кезимде мени алдейлеп, боз улан курагымда боюма кубат уютуп, чыгармачылык иште мээ чыңалткан сапсаргалуу ойго муктаж болуп турганда ар качан демөөр болуп, дем бергени үчүн мага кымбат.

*     *     *

Энгельс: “Жаратылыштын үстүнөн болгон жеңиштерибизге ашкере манчыркабай коё туралы. Ушундай ар бир жеңиш үчүн ал бизден өч алат. Бул жеңиштердин ар бири алгачкы учурда биз каалаган натыйжаларды бергени менен, анын биз алдын-ала болжоп көрө албаган, көп учурда биринчи натыйжалардын маанисин жокко чыгарган экинчи, үчүнчү, кезектеги башка да натыйжалары бар”.

*     *     *

Илим, дөңгөлөк астында түрүлгөн жолдун танабына гана карап, ал эми имерилиштен нары эмне бар, аны билгиси келбеген жана капарына албаган алаңгазар шофёрдун абалында турат.

*     *     *

Түбөлүктүү нерсе аз, жаралуу бар жерде жоготуу бар, эзелтеден өнүгүүнүн жолу ушундай эмеспи.

*     *     *

Улуттун башына эмне иш түшсө да – ал улуу иш, жамандыгы да, жакшылыгы да ар кимибизге тиешелүү.

*     *     *

Улуттун дагы бир касиети – ал кажыбас кайраты.

*     *     *

Тубаса генийлер өзүнчө бир, эки замандын кошулуп турган чегинде албырттап күйүп турган түбөлүк от сыяктанат. (Чыңгыз Айтматов бул сөздү Карамолдо Орозов тууралуу айткан).

*     *     *

Бир адамга берилген бийик баа, урмат-сый – ошол адамдын жеке керт башына эмес, элдин өзүнө өзү берген баасы, өзүн өзү сыйлаганы, беделин көтөргөнү.

*     *     *

Актёрдук өнөр – адам рухунун эң бир жаркын көрүнүштөрүнүн бири.

*     *     *

Карасанатай адам ар кандай жамандык үчүн да шылтоо табышы мүмкүн.

*     *     *

Адамдын ар кандай жагдайдагы алмашпас куралы – акыл-эси.

*     *     *

Жакшылык иш дүйнөнү кырсык балээден сактайт деген сөз бар.

*     *     *

Акыл-эс – биздин тирегибиз.

*     *     *

Эң зор капитал – бул элдин нравалык маданияты. Ал жокпу – демек, өскүлөң аң-сезимди да күтүп кереги жок.

*     *     *

Абийирдин таңсыктыгы барып турган амалдуу, коомго кас жорук-жосундарга алып келет.

*     *     *

Адамды тарбиялоо – даан жасар иш. Адегенде инсанды торолтуу зарыл!

*     *     *

Батышта барпаа болгон балакеттүү бардык көрүнүштөр биз үчүн эскертүү жана сабак болууга тийиш.

*     *     *

Өзүн инсан катары көрсөтүү көксөөсү – адам мүнөзүнүн маанилүү касиети.

*     *     *

Трагедия – чындыктын объективдүү категориясы, аны этибар албоо же тоготпой коюу жарабайт. Трагедия бул бакыт, аң-сезим, чыгармачылык сыяктуу эле адам менен түбөлүк бирге болучу нерсе.

*     *     *

Адамды рухий дүйнөдөн, кубануу же бирөөлөрдү кубантуу, бирөөлөр үчүн күйүү сезиминен ажыратуу – бул баарыдан коркунучтуу нерсе.

*     *     *

Изденүүлөр жекече жүрөт, бирок анын табылгалары жалпыга таандык.

*     *     *

Жазуучу – өз доорунун күзгүсү.

*     *     *

Көркөм чыгармачылыкта башкы нерсе – адам руханы, анын күчү жана касиети.

*     *     *

Сын – адабий процесстин ажырагыс бир бөлүгү, анын башка жанрдан эч кандай төмөнчүлүгү жок.

*     *     *

Сынчы жаңы нерседен дагы жаңы нерсени көрө алышы жана ага конкреттүү жардам этиши милдет.

*     *     *

Сынчыны талаа кыдырып, жерден баш көтөргөн ар бир өнүмгө суу бурган сугатчыга окшотсо болот. Бирөөнү эле көздөн жаздым калтырса, ал соолуп калышы ыктымал.

*     *     *

Замандаштар – бир мезгилде жашап турган адамдар гана эмес, ой жүгүртүүнүн жалпы белгилери боюнча айырмаланган бирдей ой-пикирдеги адамдар.

*     *     *

Адабияттын милдети – өзүңдүн негизги кызыкчылыгыңды көкүрөктө тутуп, бирок кеңири масштабдар менен ой жүгүртүү.

*     *     *

Эмгекчилдик – адам касиетиндеги эң негизги жана зарыл сапат. Адамдын ким экендигин анын эмгеги аркылуу билебиз.

*     *     *

Эгер адамзат тынчтыкта жашоону үйрөнбөсө, жер үстүнөн тукум курут болору бышык.

*     *     *

Фантастикалуулук – бул чындыкты жаңыча, күтүлбөгөндөй көз караш менен көрүүгө мүмкүндүк берүүчү турмуш метафорасы.

*     *     *

Адамды ишенимдүү жана терең чагылдыруу – бүткүл дүйнөнүн жазуучуларынын алдындагы милдет.

Топтогон: Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз