Токтосун Самудинов: Жаман түш

НОВЕЛЛА

Бала болуп башына жүн чыкканы ал мындай түштү көрөлек болучу. Түштү кармап да, аны бирдемеге жоруп да көрбөгөн. Кээде бирөөлөр көргөн түшүн дегеле укмуштантып айтып, анан ар неме, бир немеге жоруп калганын укканда ичинен кыжырланып алчу. Эгер сөз көтөрөр тели теңтуштары ошентсе «жерден чыга калгансыбай нары барчы» деп кагажылап тим болчу. Түш көрбөгөн жан болбосун, түш да ойлогон ойдон улам кирерин, кээ бирөөлөр түстүү түш көрөрүн бир жерден окуганы бар. Өнөр кесипке үйүр, табиятында акын чалыш адамдардын түшүнө кээде жер бетин бербеген кызыл-тазыл гүлдүү майсаң, же батып бараткан күндүн кызгылтым нурларына толкун ойноткон көл бети кирерин окуп алып, өзүнчө компоюп койчу. Анткени ал өзүн натурасы поэтикалуу адамдардын катарына кошчу.

Бирок бул түш жаатынан мынчалык бүлүккө түшөм деп эч ойлобогон. Мына эми ал уркуйган тизесин кучактап, керебетинде шоңшоюп отурат. Өпкөсү көөп, жүрөгү көөдөнүндө эмес, сыртында согуп жаткансыйт. «Капырай, дүкүлдөп балдарды ойготуп жибереби» деп көкүрөгүнө жаздык басты. Ал алма-шөлмө суу. Колу тийгенде селт эте түшүп, анан көз жашынын акканын туя койду. Жүрөктө бир жер туз куйгандай ачышып, али басылбайт. «Түшүм эле болсо экен», - деп ойлоду ал. – «Түш түлкүнүн богу» дешет ко. Ылайым эле ошондой болсо экен. Байкуш апам, байкуш апам! Өлбөсөң апа, өлө көрбө, апа, ап-аа!».

Аяккы сөзү ичинде айтылдыбы же угуза айтылдыбы, өзү да сезбей, элтеңдей эки-жагын карап алды. Анан калса Айткулунун коңуругу бирде мууздап жаткандай корулдап, бирде муунтуп жаткандай кырылдап, ансыз деле коогалуу түштү ого бетер коркунучтуу кылып таштады.

Өсөр керебетин кыйч эттирбей акырын ордунан турду. Кепичти кийип тарпылдатып отурайынбы дегенсип, жыңайлак коомай басып, Айткулунун жанына барды. Кулагына эңкейе берип «Айтике, ай Айтике, оң жамбашыңа оодарылчы. Коңуругуң уктатпай жатат» - деп айтайын деди, бирок башка чапкандай кайра кайтты. Оюнда анын коңуругунан миң эсе кыйын нерсе турду: Энесинин өлүшү. Жалгыз энесинин өлүшү. Көңүлү катуу чөгө түштү. Жер астын-үстүн болгондой теңселе, керебетинин кырына аяр көчүк басты. Жаагын таянып, терезеден жымжырттык менен буурул караңгылыкка чөккөн көчөнү карап отурду. Эгер ушул тапта бирөө келип «эмне шылкыясың?» - деп койсо эле өкүрүп-өксүп жиберчүдөй.

… Көчө бая жаап өткөн жамгырдан ымык тартып, жол боюндагы дарактардын жалбырактары электр шамдарынын жарыгынан жылт-жулт этет. Тоо тараптан жел жүргөндөй болду. Жылтылдаган жалбырактар учуп кетчүдөй дирилдеп барып токтоп калды. Шамал түндүн ээси сыяктанып, өз коругун кыдырып, мүлкүн түгөлдөп жүргөндөй биринен-бирине өтүп отуруп, акыры ың-жыңсыз жоголду. Кайрадан жымжырттык өкүм сүрүп, айлананы кандайдыр бир маанайсыз ымырттык каптап турду.

Өсөр чыйрыкканын эми сезди. Полго шыпырылып түшкөн одеялынын учун көтөрүп жатып, мындан ары дың сууп, кышка кам уруларын ойлоду. Бирок, маалынан эрте карыган энесинин ушундай мезгилде, карачекей уулунун «тырмак алдысынан» да ооз тие албай, бир үйдө жалгыз жатып көз жумганы Өсөр үчүн жер көтөргүс кайгы эле.

Айткулунун коркураган коңуругу анын оюнун учугун дагы үздү. Өсөр ордунан учуп турду. Жаак тарамышы түйүлүп, кеберсиген эриндери кекээр кыймылдады: «Айбан десе!» Тарамыштуу арык колдору Айткулуну кокодон алып, өйдө тургузууга даяр эле. Бала болуп адамды мынчалык жек көрүп, ага мынчалык ызырынып көргөн эмес.

Айткулу дал маңдайында Өсөрдүн ач арбактай солдоюп, каарын ичине катып турганын сезген да жок. Оозун аңырайта ачып, кадимки алп уйкусунда. «Эр болсоң тийип көр» дегенсип буту-колу серейип, жайылган талпактай бейгам жатат. Анын мына ушундай кебетеси гана бөөдө чырдан куткарды.

Өсөр ызалуу бурулуп, терезеге жакын барды. Көчө мизилдеп, автобус менен адам агымын күтүп гана турат. Али эрте. Зарыга күткөндө таң да атпай калат. Таң куланөөк салса эле жөө болсо да автовокзалга, андан ары айылына, апасына жөнөмөк. Ушул тапта түбөлүк уйкуда созулуп жаткан апасынын кашына бармак. Өкүрүп, өксөп, айгай салып, колтуктан алгандарга ээ-жаа бербей жулкуна көшөгө ичиндеги апасын басып жыгылмак. Ботодой боздоп, өзү туулуп өскөн жапыс тамын үч көтөрмөк. Болгон бардык бугун, атасы согушта өлүп, ага көз жашы кыла албаганын да, туугандан жолу болбой көргөн ызасын да… Койчу, бардык-бардык ич күптүсүн дал ушундан чыгармак.

Өсөр оор улутунуп алып, жашка толгон көзүн колунун сырты менен сүрттү. Каңырыгы түтөп, ачуу-кермек бирдеме дал кекиртегине тыгылып калгандай болду. Өзүн күкүктүн баласындай жалгыз сезди. Келинчеги тургай, сүйлөшүп жүргөн кызы да жок экени ого бетер кабыргасын кайыштырды. Баарынан энесинин өгүнкү сөзү эсине түшүп, мына эми бүткөн боюн тер басып, жаналакетке салып, ысып чыкканын көр». Байкуш апам менин андан ажырап, ушундай күндө каларымды алдан туйган экен го. Болбосо эмне үчүн «каралдым, акыл-эстүү колукту камдай жүр. Сага арка-жөлөк ошо болот. Мен куруюн. Көнөк оорулуу жанга ишеним барбы?..» деп эки-үч курдай айткан. Көз жумарда адам кыйышпас адамына керээзин айтат дешчү эле. Керээзи ушу экен го. Мага акыркы айтаары ушу экен го…».

Жерге жарык кирип, алгачкы автобустар жүрө баштаганда Өсөр автовокзалда отурду. Таңдын атмагы ага азап болду. Акыры төтө көчөлөргө салып баса берген. Университеттин жатаканасынан бери бир топ алыс жер болсо да бул жерге кантип жеткенин өзү да билбей калды. Сокулукка автобус аздан соң жөнөмөк. Эң арткы отургучтардын бирине салмактуу отурду.

Өсөр автобустан жерге түшкөндө айылдашы Асанбек келинчеги менен аялдамада турган экен. Асанбек адатынча кызуу. Көзүн сүзүп далайга тиктеп туруп, Өсөрдүн сунган колун эриге алды. Анан колун коё бербей силкилдетип:

- Бу сен окуйм деп, чокуйм деп жүрүп…

Өсөрдүн жүрөгү оозуна тыгыла түштү. «Окуйм, чокуйм деп жүрүп оорукчан энеңди бакпай жутуп тындың дейт эми. Анын оозар, бетке чабар аксым экенин бүт айыл билет. Угузайын деп жатат. Кудай ай, анте көрбөсө экен…» - деп бушмайманданды. Мууну бошоп, жыгылып кеткени араң турат. Башын төмөн салып, жашылданган көзүн тигинден ала качты. Ал болчудай эмес.

- Сен, бала, мени мас деп турасыңбы? Же сөзүмдү уккуң келбей турабы? Угузам! Укпай коюуга акың жок!

Өсөр тигини жалооруй карады. Ою бүлүккө түшүп, «мына эми жалгыз апаңдын өлгөнүн да уккуң келбей турабы?» - дейт. Аялы болсо чыйпычыктап, ортого түшөйүн деди эле…

Асанбек аялын акырая карап алды да:

- Ой, бул кайниңдин кебетесин карачы. Окуйм, чокуйм, чилистен болом деп жүрүп ырбайып бүтүптүр. Бир ичеги болуп… Мына, мени айт! Чала сабат чабан болсом да калдайган казым, чарадай башым бар!..

Сөзүн өзү кубаттагансып, арс-арс күлдү. Өсөр жанагысынан эми эс ала түшүп, өзүнө да өөн учургандай жасалма жылмайды.

Асанбектин колунан араң бошонуп, айылдын сырткы жолуна салды. Кабарга бараткан адамга жолукпайын деген ойго түштү. Кабарчы тургай, айылдаш бирөө-жарымга бетме-бет келүүдөн коркту. «Асанбек апамдын  өлгөнүн айтайын деди эле аялы эстүүлүк кылып алаксытып жибергенин… Бараткан неме ансыз да угаар дегени го».

Өсөр айылдын сыртындагы таман жол менен жүрбөгөнүнө бир топ эле жыл  болгон. Мектепке келгенге жакынсынтып анда бул жол менен көп басар эле. Дал мына ушул жол менен оромпой тээп, жыңайлак чуркап жүргөн чагы, жүгөрү токоч кемирип, жарытылуу кийимге жетпей жүргөн чагы азыр чеңемсиз бактылуу сезилип кеткенин карасаң!

Өзгөчө, жаз күндөрүндө асман бир башка шаңкайып, ого бетер бийик көрүнүп, теребел нурга балкып, кеңирсип калат. Кар эрип, жер  тоборсуганда жол жээги апасынын эртели-кеч кармаган шырдагын эске салчу. Күн сайын жаңы түр кошуп, күн сайын көз кубантып, көркүнө чыгып…

Азыр күз. Анын үстүнө адам буту баспагандан кийин баягы таман жол ордуна куш конбос, алабата, төө куйрук өсүп, түнт тартып, калаган чийдей. Өсөр суу алдында сүзүп бараткансып эки колун созуп, өскүлөң куурайларды бетинен оолактата аралай жүрүп отурду. Башы бышып, чаңдак тарткан куурайлар бети-бешын ачуу чапкылайт. Демди аптыктырып, кермек даам көкүрөктү кырып өткөндөй болот. «Турмуштай кекчил нерсе жок экен го, - деп ойлоду Өсөр. – Ал акыры өчүн алып тынат тура. Кечээ эле бул жерден дүйнөкапар ойноп өтчү эмес белем. Кечээ эле апамдын мага айткан акыл-насаатын көп жактыра бербей, укчу эмес элем го. «Колдо бар алтындын баркы жок» деп бекер айтпатыр да. Көрсө, кетирген ар бир жаңылыштыгың байкоос жоголгон буюмундай ың-жыңсыз кетпей тура. Ал акыры, эртедир-кечтир жооп кайтарат турбайбы!»

Ал эми гана түнт токойдон чыккандай жеңил дем алды. Үстүн чала күбүнүп, арыктын боюндагы эски жолдун нугу менен ылдамдай басты. Куурайдын чаңы чекесинен чыпылдап чыккан терине көөлөнүп, колу менен сылап алганда темгил изин калтырды. Эки көзү айылдын аягындагы жапыс тамда. Анын оюндагыдай котологон эл жок. Жол башын элейс караган адам деле байкалбайт. Азга аярлай  басып, «уу-чуу чыгар бекен?» - деп да тыңшап көрдү. Эч нерсе угулбайт. Мына ушундай жымжырттык анын жүрөгүн ого бетер азоо тайдай туйлатты. Оюна нелер келбеди: «Менин кайсы күйөр тууганым бар эле? Чүкөдөй кемпирди ары-бери жерге жашыра салып, тарай беришкен го…» - деп кайышты, ичинен.

Үйүнө улам жакындаган сайын кадамы оор тартып, буттары эпсиз шилтенет. Эки жаагынан ылдый куюлган терин аарчууга  да алы келбеди. Короого киргенде үйүнүн каалгасы ачык турганын көрүп, көзүнө жаш толо түштү.

- Апа! – Үнү кандайдыр аянычтуу угулганына өзү да уялып кетти. Анан бирөө тургансып, артын кылчая бир карап алды.

- Өсөкө, сенсиңби? Эмне, айланайын. – Апасы үйдөн ыргып чыкты. – Жайчылыкпы? Кечээ эле кетип…

Өсөр эми кайраттана түштү. Апасына ийиле берип, ага адатынча моюнун тосту.

- Коркуп кеткенимчи? – деди апасы уулунун мойнунан колун бошотуп жатып. – Жүрөгүмдү бир болк эттердиң, чунак.

Эне уулун алдыга жиберип, үйгө кир дегендей ишарат кылды.

- Деги, жайчылыкпы? – Апасы босогодон аттабай жатып дагы сурады.

Өсөр бирдеме айтайын деди, бирок оозуна эчтеме кирбеди.

- Эмне, бирдемеңди унутуп коюпсуңбу?..

Өсөр эми оюна кылт эткен шылтоого сүйүнүп кетип, апасынын көздөрүн тике карады.

- Унутупмун, апа. Таптакыр унутупмун. Ыр жазган көк дептеримчи…

- Ошого ушунча жерден убараланып… Алка-шалка тердеп, ысыкта. Кебетеңди карачы, каралдым? – апасы уулун бөтөнчө бир мээрим, бөтөнчө бир ысык ыклас мене карап турду… Бул көз карашта жаз күнү кар тешип жайнап чыккан байчечекейдей кубаныч да, ала-чокул кар илебиндей муңаюу да бар эле.

Окшош материалдар

Комментарийлер (7)

  • - Кайыргул

    Шаар Шаар деп алкынып жургон жаштарга насаат эле болуптур. Авторго ыраазычылык билдирем

  • - yMJSQlpusWQNNmWY

    Would you like a receipt? <a href="https://www.zvejokpigiau.lt/norfloxacin-400mg-uses-3g48">norfloxacino interfere anticoncepcional</a> A spokesman for the governor's office told The Associated Press that work wasn't being steered to Faircloth. But at least some departments hired Faircloth's firm upon the recommendation of the Jindal administration.

  • -

    When look for to take a sport game and gain Now is the time to do it ... Newly minted players take discounts as well as others continuous special offers... Tested onlone-casino licensed casino instantpay; Https://instantpay-Casino.org,. What’s the reason properly this one place! Safe ,instant payments, not a few slot machines, not badwork of team, very big, win to gamers

  • -

    When suppose to begin a sport game and well the hour has struck to implement it all ! New gamers earn bonuses when others continuous discounts. Safe place instantpay slots (Instantpay-Casino.org). But why accurate this casino. Tested ,very fast payments, many opportunities game slots, unrealworking of team, very big, winnings for you

  • -

    When suppose to begin a sport game and well the hour has struck to implement it all ! New gamers earn bonuses when others continuous discounts. Safe place instantpay slots (Instantpay-Casino.org). But why accurate this casino. Tested ,very fast payments, many opportunities game slots, unrealworking of team, very big, winnings for you

  • -

    Пора бы начать играть жекпоты абсолютно современное известное всем шикардосное онлайн казино, казино slottica com. у нас здесь шикарные бонуски. игровой клуб слотика новый ссылка от основателей продуктов партнерки джимпартнерс, скрученный для того случая. шо б притягивать умнейших и не только лудожопчиков в онлайн клубе : казино клуб слотика.

  • -

    When plan to begin a game as well as gain the hour has struck to do this ! Newly minted members have bonuses as well as others multiple special offers. Win-win onlone-casino instant pay зеркало (instantpay-casino.org). Why on Earth accurate this online casino. Protected ,very fast money on wallet, a lot of options slots, fantasticorganisation of employees, very big, prizes for you

Комментарий калтырыңыз