Эдгар Аллан По: Кызыл жаян жан алгычтын беткабы

  • 02.09.2020
  • 11887

АҢГЕМЕ

«Кызыл жаян» өлүм өлкөнү бүт кырып, түгөтө турган болду. Атам замандан бери мынчалык коркунучтуу, мынчалык калабалуу жугуштуу оору болуп көргөн эмес. Жүрөк үшүн алган кандын кыпкызыл түсү менен коркунучу – атың өчкүр бул жугуштуу оорунун канга чыланган туусу жана канга басылган мөөрү болду. Оору жугар замат, дене-бойду сыздата оорутуп, баш тегеренип, андан соң теридеги майда тешикчелерден кан сызыла чыгып, денени балжырата эритип жиберет. Денеге, өзгөчө бетке кызарган тактар пайда болор замат, иштин бүткөнү ошол, жабыркаган адам жарым саатка жетпей турган жеринен тынчыйт.

Бирок ханзаада Просперонун эр жүрөктүүлүгү жана көрөгөчтүгү аны бул апааттан сактап, анын бактылуу жашоосу дагы да уланып кетмей болду. Ага караштуу аймактагы элдин жарымы кырылып, ал хансарайдагы өзүнө караштуу миңдеген оору жугузбаган, дени-карды соо, жугуштуу оору тууралуу али кабары жок бейгам, бактылуу  рыцарларды жана сулуу селкилерди алып, адам буту баспаган алыс жайдагы сепилине көчүп кетти. Жугуштуу оору пандемиясы биротоло басылганга чейин бейкапар ушул жайда күн кечирүүнү ылайык көрдү. Бул кең жана көз жоосун алган кооз сепил дал ушул ханзааданын өзүнө жага тургандай салынган. Айланасы кытай сепилиндей бийик, бекем дубал менен курчалып, кире бериш эшиктери оор темирден жасалган. Сарай кызматкерлери темир устанын мештерин алып келип, аны жага салышып, оор барскан менен эриген темирди кире бериш эшиктерди ачылгыс кылып каңдап салышты. Кирген-чыккан эшиктерди чычкан кире алгыс жаап, сепилде күн кечирер бактысы тоодой адамдардын сыртта болуп жаткан апааттан кымындай да санаасы болбошун ырасташты. Сепилде төгүл-чачыл кенен жашоо, бул жерде эми сыртта калың журтту каптап келаткан жугуштуу оору тууралуу ойлонуп, кыжаалат болуштун кереги жок. Алар эмне болсо, ошол болсун. Жугуштуу оорудан өлүп-тирилип жатышабы, ким эмне болсо ошол, кыскасы. Сөздүн ток этер жери ушул.

Каргашалуу күндөр да артта калды. Ханзаада сепилге жыргал жашоого, бейкапар өмүр сүрүүгө бардык шартты түзүп коюптур. Көңүлдү көтөрүп, адамга маанай тартуулаган маскарапоздор, төкмө акындар, ырчы-чоорчу, бийчилер, анан да жомоктогу перидей сулуулар менен винонун бардык түрү. Сепил ичинде коопсуз, бейпил жашоо башталды. Баягы калайык-калкты четинен кырып келаткан атың өчкүр жугуштуу оору, «Кызыл жаян Жан алгыч» мурдун тыккан күндө да, бул жакка эми сойлоп киралбайт. 

Сепилдеги жыргалга чыланып, бакытка бөлөнгөн шаттуу жашоонун бешинчи айы аяктап, алтынчы айы баш бакты. Сыртта жугуштуу оору, карапайым, чор таман элди дале болсо чымындай кырып келатат. Ошол күндөрдүн биринде ханзаада Просперо кеченин көркүн ого бетер ачыш үчүн коноктордун баарын ар кандай кооз беткап тагынып келүүсүн буйруду.

Күркүрөп-дүркүрөгөн той мына ошондо башталды. Бирок алгач той өтүп жаткан жайдагы бөлмөлөр туурасында айта кетейин. Заңгыраган жети бөлмө – көз кумарын кандырган кооздолуп-шөкөттөлгөн жай. Кадимки ордолордо мындай бөлмөлөр узунунан, тик бурчтуу салынып, эшиктери эки тарапты карай ачылып, кирген адамга бөлмө ичи алаканга салгандай көрүнөт. Бирок бул жерде иш таптакыр башкача; ханзаада Просперонун сепили башкалардан айырмаланып (ханзаада элден өзгөчө болууну сүйгөн жан болгондуктан), башкача планда салынган. Заңгыраган бөлмөлөр укмуштуудай жайгашып, бир караган адамга бир гана бөлмөнүн ичи көзгө тартылат. Ар бир жыйырма же отуз ярд[1] аралыкта кийинки бөлмөнүн кире бериши көзгө урунуп, адамга бир дүйнөдөн экинчи дүйнөгө өткөндөй сезим тартуулайт. Дубалдын эки тарабында ар бир дубалдын ортосунда коридордун ичин караган бийик жана кууш готикалык терезелер бар. Ар бир бөлмөдөн чыгып турган терезелерге бөлмөнүн түсүнө карап казыл-тазыл ар кандай өңдөгү түстүү айнектер кадалган. Чыгыш тарабындагы кире бериш чоң бөлмө көк түстө кооздолуп, ошого анын терезеси көгүш асман түсүндөй айнектен жасалган. Экинчи чоң бөлмө түн сыяктуу кара-кочкул түстө кооздолуп, терезеси да күңүрт кара айнектен турат. Үчүнчү чоң бөлмө жаз сыяктуу жашыл түстө, терезисинин айнеги да жашыл. Төртүнчү чоң бөлмө күз сыңары кызгылт сары түстө болуп, кызгылт сары жарыкка чүмкөнүп, бешинчиси – аппак кардай ак түстө, алтынчысы – кызгылт көк сыя түстө. Жетинчи чоң бөлмөдөгү дубалдарга капкара туш кийиздер тартылып, алардын этеги ошондой эле капкара килемдерге жетип турат. Болгону ушул бөлмөдөгү терезе айнектеринин түсү бөлмөнүн кооздолгон түсү менен коошпойт. Бул жерде айнектер кочкул кызыл кан түсүндөй. Өзүңөр көргөндөй эшик-төрү, баш-аягы чылкый алтын менен шөкөттөлгөн жети чоң бөлмөнүн биринде да шам чырактар коюлган эмес. Бөлмөлөрдүн узун катарынан караганда эч бир бөлмөнүн терезесинен жарык сыртка чыгып турганын байкоого болбойт. Бирок бөлмөлөрдөн чыккан ар бир коридорго оозу күңүрт айнек менен тосулган үч буттуу меш коюлуп, меште бөлмөнү жаркырата нурдантып, алоолонгон от күйөт. Бул жайга кирген адамдын таң калуудан оозу ачылып, фантастикалык образдарга кирип кетиши турган нерсе. Батыш тарабындагы эң төркү капкара бөлмөдө кочкул-кызыл кан түсүндөгү терезеден кызарган жарык капкара туш кийиздерге, килемдерге тамып, бул жайга кирген адамдын үрөйүн учуруп, учуктатып жибереби деп ойлойсуң.

Андан сырткары хан сарайдын тээ төрүндө сырты капкара жыгачтан жасалган заңкайган саат турат. Анын маятниги ары-бери термелип, сааттын минуталык жебеси сандарды жээктеп айланып, жатканда сааттан күңгүрөнүп, оор шакылдаган аваз созулуп тургандыктан толук бир саат өтүп, саат жебеси сан тушуна жылган кезде андан чыккан тунук, бийик, терең үндөн улам хан сарайдын ичи тунжурай түшөт. Бул убакта оркестрде ойногон музыканттар бир саамга тынып, зал толо бийлеп жаткандардын бийи да тып басылат, хан сарай ичин саат жаңырыгы гана бийлейт. Бул жаңырык ушунчалык сырдуу чыгып, айрымдары өңү кубара түшсө, айрымдарын жакасын кармата коёт. Жан адамдын баарын ойго салып, сүкүт тарткан жымжырттык өкүм сүрөт. Бир аздан соң жаңырык тып басылып, топ арасынан шаңкылдаган үндөр чыгып, музыканттар бири-бирине күлө карап, оркестр адаттагыдай шаңдуу ойноп, сарай ичи шаңга кайра бөлөнөт. Качан дагы алтымыш мүнөт (тагыраагы зымырык куштай сызган Убакыттан дагы үч миң алты жүз секунд) өткөндө хансарайды сааттан чыгып жаткан сырдуу жаңырык астында, ордо адамдары ойго батып, сүкүт чалып жатышкандай жымжырттык кайтадан бийлейт.

Бирок буга карабастан бул жердеги көңүл ачуулардын кереметине чек жок. Ханзаада ар нерсени ийне-жибине чейин талдап, кечедеги табити бөтөнчө жан. Коноктор ханзааданы жылуу каалоо-тилектери менен алкап, жанындагы эң ишенимдүү жан-жөкөрлөрү эртеден кечке ханзаадага кантип жагынуунун жолдорун издеп убара. Мындан улам анын дымагы кайраттана толуп ташып, жырткычтай каалоосу өзөгүндө уламдан-улам өрт алып, күчөп жатты. Кээ бирине ал бийликтин, атак-даңктын, мансаптын, ага жасалган кошоматтын күчүнөн акылынан азып, кутуруп баштаганбы деген ой келди. Бирок аны көлөкөдөй коштогон жан-жөкөрлөрү буга көрүп-билип турса да эч ишенгиси келбей, башкаларды көрүп-билбеген соң оозуңарды жаап олтурганыңар оң деп, мунун баарын четке кагышты.

Жети бөлмө жык толгон адамдын көз жоосун алган жасалгаларды ханзаада жалгыз колго алган, кечени көркүнө чыгаруу үчүн беткаптарды тандоодо өзүнүн бардык чеберчилигин көрсөткөн. Кеченин катышуучулары тир укмуш беткаптарды тагынышып, бул жерде адам өзүн башка дүйнөгө түшүп калгандай сезери айныксыз. Бул жердеги адамдын фантазиясынан жаралып, караган адамды өзүнө арбап турган күңүрт, жарык ар кандай сөлөкөттөрдү “Эрнаниден[2]” гана кездештирүүгө болот. Адам эсин эки кылар таң калаарлык жасалгаланган караандардын кээси күлкү келтирсе, кээси тескерисинче, үрөйүн учурчудай түрү бар. Адамдын түшүнө кирчүдөй укмуштуу, кыймылдуу сөлөкөттөр бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө баш бакканда алардын түсү да бөлмөнүн өңүнө кубулуп, оркестрден чыккан үн алардын баскан үнүнө шайкеш жалгашат. Адаттагыдай эле кара жыгачтан жасалган сааттан сепил ичин жарып жиберчүдөй бийик, сырдуу үн чыгып баштаганда, бул сөлөкөттөр бир азга селейип катып калышат да, бир аздан соң үн тып басылып, туш-туштан шыңгыр күлкүлөр чыгат, сепил ичинде жүрүп жаткан шаңдуу жашоо дагы бир саатка өз нугунда өтүп баштайт. Ар бир жаңы сааттын башталышы менен мурункудан шаңдуу жашоо башталат десек жарашат, мешке жарып турган терезеден жаш баладай шайыр сөлөкөттөрдүн карааны көрүнө калат. Болгону сепилдин батыш тарабындагы жетинчи төркү бөлмөгө гана баш баккан бир жан жок. Түн жарымда бул жайда кочкул-кызыл терезеден кирген жарык андан бетер кочкул тартып, туштай кара килемдерге, туш кийиздерге тамып, бөлмө ичи коркунучтарга толуп, килейген кара жыгач сааттан келген бийик үн бөлмө ичин андан бетер коркунучтуу, сырдуу кылып жиберет.

Калган жайларга адам деген жык толуп, быкпырдай кайнап, жашоо ыргагы жүрүп жатты. Дүңгүрөгөн оюн-зоок саат түнкү он экини көрсөткөнгө чейин созулду. Анан баятан айтып өткөндөй, музыка тып басылып, бийлеп жаткан калың элдин аягы тыйылып, дагы адаттагыдай сырдуу жымжырттык. Бул сапар чоң саат коңгуроосу он эки жолу кагылууга тийиш, мындан улам бул жымжырттык узакка созулгандай, азыр эле жүздөрүнө кубаныч уялаган адамдарды чочулоодон алдастатып салгандай болду. Ошондон улам го, коңгуроонун акыркы кагылган үнү эми басаңдап баратканда, көпчүлүк адамдардын назарына мурда эч ким капарына албаган беткапчан сөлөкөт урунду. Бул сөлөкөт тууралуу күбүр-шыбыр кептер топтошкон элдин бул башынан тиги башына желдей тарап, көпчүлүк дуу түштү; жоктон пайда боло калгандай бул сөлөкөткө кээси тыржыйа карса, кээси таң калуу менен селейе тиктеп, бара-бара бул сөлөкөттөн баарында коркунуч жаралды.  

Бул көрдөн чыга калган арбактай сөлөкөт фантазияга жык бул жыйындын катышуучуларын анчалык деле апкаарытып жибермек эмес. Негизи түнкү оюн-зоок кечесинде кимдин кандайча кийинип келишине чек деле коюлбаган; бирок бул сөлөкөт караган адамга бир калааты көрүнүп, сырткы кебетеси ашкере чектен ашып кеткендей. Так жүрөк тушуна чачбак тагылып, караган адамдын жүрөгү зырп деп кетери талашсыз. Өлүм да бир тең, өмүр да бир тең сыяктанып, бул жалган менен акыреттин ортосун бир кадам элестеткен пендени да апкаарытып салчу нерселер болот. Бул кудум эле үңкүрдөн чыга калган ажынадай болгон келгин сөрөй оюн-зоок катышуучуларына жылмаюу тартуулабастан, тескерисинче итиркейин келтирип жиберди. Кудум көрдөн тирилип чыга калгансып, башынан аягына чейин кепиндей чүпүрөктү оронуп алган. Ач арбактай тарбайып, узун бойлуу, бетиндеги беткабы так эле өлүктүн бетин сыйрып, жүзүнө чаптап алгандай. Ошондой күндө да көңүлдөрү али куунак оюн-зоок адамдары муну бир оюна келгенин кылган, кеңкелес бар акылында ушундай кийинип алган экен деп ойлошмок. Бирок бул өзгөчө жасалгалуу бейтааныш келгин карапайым элди алиге чейин чымындай кырган “Кызыл жаян Кыргын” сымал үтүрөйүп, тээ ыраактан көрүндү. Кийген кийими кызыл жаян канга чыланып, жүзүнө кочкул-кызыл кан жаба чачылган.

Ханзаада Просперонун назары бул желмогуздай болгон сөлөкөткө түшкөндө (бул учурда сөлөкөт өлөр эчки койчунун таягына сөйкөнөт болуп, бийлеп жаткан топту аралап, жайбаракат, сенделип басып келаткан), бир алдын итиркейи келе апкаарый түшүп, бирок заматта заары бетине чыкты.

– Ким бул, эргул? – кыжына сурады жанындагы жан-жөкөрлөрдөн, - Ким бул, мени менен ойногон? Тиги өлүктүн бетиндей беткабын сыйрып алгыла да, алып келгиле, чөгөлөсүн алдымда! Эрте менен сепилдин бийик жерине кимди астырып салат экенмин, жүзүн бир көрөлү! Тамашалаша турган адамды тапкан экен, эргул!

Муну ханзаада Просперо кире бериш көк түстүү бөлмөдөн айтты. Ханзааданын кайратын, көк жалдай айбатын мына ушундан билиңиз, ал кыйкырганда үнү бүткүл бөлмөлөргө угулуп, ал колун бир силккенде залдагы музыка кан буугандай тып басыла түштү.

Көк асмандай бөлмөдө ханзаада жана тиги түрү сууктан өңдөрү кубара түшкөн жакын жан-жөкөрлөрү турган. Ханзаада сүйлөп жатканда, жанындагы жан-жөкөрлөрү тим эле азыр жетип барып, тигинин беткабын сыйрып, ханзааданын алдына чөгөлөтмөк болушканда, тиги үтүрөйгөн сөлөкөт кабагын чукчуйтуп, түптүз ханзааданы көздөй өзү жылып жөнөдү. Бирөөсү кимсиң деп сурап койсо, Кудай өзү жалгасын, тескерисинче, ал жылып баратканда, калың топ ага жол бошотуп, эки жакка жарыла берди. Ханзааданын так мандайына келгенде, ханзааданы курчаган эң жакын, эң ишенимдүү, жакын жан-жөкөрлөр дубалга жабышышты. Чакырылбаган конок ханзааданын жанынан саламга келбей, эчтеке болбогондой, жай-баракат басып, ханзаада турган көк асман түстүү бөлмөдөн кызыл түстүүгө, андан жашыл бөлмөгө, андан ары кызгылт сары бөлмөдөн аппак кардай бөлмөгө өтүп, эң акырында капкара бөлмөгө бет алды. Ал басып баратканда алдындагы калың топ үрөйлөрү учуп жол бошото, эки жакка ачыла берди. Дал ушул маалда ханзаада Просперо коркоктук кылганына намыстанды белем, тиштерин кычырата жаалданып, тигинин сазайын өзү бермекке кабагын карыш түйүп, түз анын артынан жөнөгөндө, жан-жөкөрлөрдүн жүрөктөрү оозуна эчак кептелип, кадимкиде ханзааданы көлөкөдөй жандап жүргөн, ханзаадага өтө күйүмдүү жан-жөкөрлөрдүн бири да ага кайрат берип, аны ээрчип кошо жөнөгөнгө даай алышпады. Ачуулуу арстантай жаалданган ханзаада Просперо белинен жалаңдатып канжарын суурду да, тиги өз ажалын өзү издеп келген эргулдун башын жетер замат кыя чапчудай түр менен ага түптүз жөнөдү. Чакырылбаган конок капкара бөлмөнүн босогосун эми аттаарда, ханзаада ага артынан жетип барды. Тиги ошол замат артына шарт бурулуп, ханзааданын жүзүнө тике карады. Азыр эле кайраты ашып-ташыган ханзаада менен чакырылбаган коноктун көздөрү арбаша түшкөндө, ханзаада заматта бир байкушка айланып, анан ачуу кыйкырып жиберип, колундагы канжары ыргып барып, капкара кийиздин үстүнө түштү. Андан соң капкара кийизге ханзаада бети менен кулап, жаткан жеринде жан таслим болду. Калың топ дуу дей түшүп, чакырылбаган конокту көздөй атырылды. Эң кызыгы, алар жакын келгенде баятан калың топтун жүрөк үшүн алып, учуктатып жиберген, бетине кудум өлүктүн бетин сыйрып тагынып алгандай беткапчан, канга чыланган кездеме ичинде эчтеке жок болуп чыкты.

Ал көрсө “Кызыл жаян Жан алгычтын” дал өзү экен. Кайран Жан алгыч бул жайга убакты-саатын мерчемдеп, түнкү каракчыдай бастырып кирген тура. Адамдардын жүзүндөгү майда кан тамырларга кочкул кызыл кан тээп, ар бири турган жеринде селейип өлүп жатышты. Баары кырылды. Андан соң тирүүлүктү даңазалаган сааттын да жүрүшү токтоп, жашоого кубат берип тургандай алоолоп жанган мештердин оту өчүп, бул жайды Караңгылык, Өлүм жана “Кызыл жаян Жан алгыч” гана байырлап кала берди.

СОҢУ

1842-жыл.

Англис тилинен которгон Кубантай Эрназаров

[1] Ярд [1] – Британияда жана АКШда колдонулган узундук бирдиги; 1 ярд дээрлик 91 см.

[2] Эрнани [2] – жазуучу Виктор Гюгонун 1829-жылы жазган романтикалык драмасынын негизинде коюлган пьеса.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз