Ясунари Кавабата: Саратан менен чегиртке

  • 09.09.2020
  • 3335

АҢГЕМЕ

Мен университеттин кирпич дубалын бойлоп басып, андан соң мектептин короосуна баш бактым. Анын короосу актай сырдалган жыгач кашаа менен курчалган. Гүлдөп турган сакура дарагынын көлөкөсүндө күңүрт чөптөрдүн арасынан чырылдаган үндөр угулат. Мен басыгымды жайлатып, тыңшап калдым. Саратандын чырылдаган үнүн уккум келип, кашааны бойлой бастым да, анан оңго, кийин солго бурулдум. Кашаанын артында апельсин дарактары отургузулган үймөк топурак бар. Үймөктүн этегине жеткенде оозум ачылып, көздөрүм жайнай түштү: үймөктүн тик бурчтуу этегинде кызыл-тазыл кагаз чырактар жайылып жүрөт – кулак угуп, көз көрбөгөн айылдагы чыныгы майрам. Аларга жакындап калганымда, саратан кармап жүргөн чыт курсак балдарды көзүм чалды.

Кызыл, жашыл, сары, түркүн түстөгү чырактардын саны жыйырмага жакындайт. Бирөөнө беш түрдүү түстөгү кагаз чапталган. Экинчиси фабрикада жасалган кичинекей ачык-кызыл түстөгү кол чырак. Калгандары жөнөкөй, балдар өздөрү колго жасап алган чырактар. Эч кимге кереги жок бул үймөктө жыйырмага жакын чыт курсак топтоло калганына караганда, бул жерде бир керемет болуп жаткандай.  

Бул мындайча болгон да… Бир мадыра баш үймөк кумдун жанынан кечкисин өтүп баратып, ал жерден сайрап жаткан саратандардын үнүн угуп калат. Анан эртеси дүкөндөн ошолорду издемекке батарейкалуу кол чырак сатып алат. Эртеси ага дагы бир мадыра баш кошулат. Анын батарейкалуу кол чырак сатып алганга акчасы жок, картон кутучаны алат да, капталын кыркып, ал жерге жука түстүү кагаз чаптай салып, кутучанын түбүнө орнотулган кадимки шамды жакса, колго жасалган укмуштуудай кол чырак болуп калат. Кутучанын башына жип байлап, көтөрүп алат. 

Эми алардын саны бешөө болсо, кийин дагы экөө кошулуп – жетөө. Кийин кагаз бетине түстүү сүрөт тартышат. Биздин сүрөтчү мадыра баштардын фантазиясы андан ары өркүндөп, кутучанын капталын айлана, үч бурчтук, жалбыракча ал тургай өз ысымын  иероглиф түрүндө оюп тартып, терезечелерди түрдүү түстөгү кагаз менен чаптап, алар шамдын жарыгында түрдүү түстө жаркырап турат. Алардын кереметинде чек жок. Муну көрүп башка балдар да дүкөндөн алган батарейкалуу шам чырактарын ыргытып, ар кимиси өз чыгармачылыгы менен кагаз кутучадан кол чырак камдашат, чечектер. Кечээги жасаган кол чырактардан сонундары таркаганда, аларды ыргытып, кагаз кутуча таап, кисти, кайчы, бычак жана желимди ала чыгып, ар кимиси элде жок жаңы кол чырактарын камдашат. Бөтөнчө кол чырак! Эң кооз! Мына ушундай кол чырактар менен бул жубарымбектер кечинде чырылдап сайраган саратан менен кара чегирткеге ууга чыгышат…

Үйүлгөн кумдагы мадыра баштардын кечки эрмеги ушул, туугандар.

Мен алардын оюнуна көз салып, карап калдым. Кагаздан кол чырактарга эски китептерден сүрөттөр кыркылып чапталган. Андан шам жарыгында бир гана сүрөттөр эмес, балдардын өз ысымдары да жаркырайт. Исихико, Аяко, Томохиро, Кобаяси… Чынын айтыш керек, дүкөндөрдөн табылгыс өзгөчө сонун, колго жасалган, кагаз кол чырактар.

Кол чырактар картондон жасалып, оюлуп жасалган сүрөттөргө жука түстүү кагаздар чапталгандыктан жарык ошол оюлган сүрөттөрдөн түрдүү түстө жаркырап турат. Жыйырмага жакын түркүн түстүү жарык жерге тамып турду. Кээ бир балдар чөгөлөй олтуруп, бирге топтогон саратандардын чырылдап сайраган үндөрүнө кулак төшөп олтурушат.

- Мына саратан! Кимге керек? – балдардын бирөөсү кыйкырды.

Ал балдардан обочо жерде чөптөрдүн арасын карап жүргөн.

- Мага, мага! – деп кыйкырган балдар ага колун созо чуркап барышып, аны тегеректеп, жерди үңүлүп карап жатышты.

Бала буга көнгөн жок. Алардын сунулган колдорун чапкылап, саратан конуп турган жерди алардан корголоо менен алек. Оң колу менен кол чырагын бийик көтөрүп, аны укпай калып обочодо саратан издеп жүргөн калган балдарга карап дагы кыйкырды:

- Саратан, саратан! Кимге керек саратан?!

Саратандан жолу болбогон бир нече балдар чурулдап жетип келишти:

- Мага, мага!

- Жок, бербе ага! Келе бери мага!

- Жок!

- Мага берчи, сага эртең түстүү кагаз алып келип берем!

- Жок дейм!

Бала каадаланып, эч кимисин уккусу келбейт. Соодалашууга да көнө турган түрү жок.

- Мага бериңизчи, байке, - анын капталында турган кыз назик үнү менен жалооругандай сурады.

Баятан өзүнүн табышкерлигине керсейген бала бул ирет дароо жоошуп, кол чырагын сол колуна кармай салып, оң колу менен саратанды көрсөттү:

- Тигинде турат!

- Кармап бериңизчи!

- Азыр.

Бала жеңиштүү түрдө боюн түзөп, жумулган оң колун ага сунду. Кыз кол чырагын сол билегине иле салып, эки алаканын жайып, ага сунду. Бала колун акырын ачты. Кыз аны башбармагы жана сөөмөйү менен кармап:

- Аай-иий! Кайдагы саратан! Бул чыныгы, сулуу кара чегиртке да! – кыздын көздөрү жайнай түштү.

Тегеректеген балдар да аны коштоп, дуулдап кетишти:

- Кара чегиртке! Чыныгы кара чегирткенин дал өзү!

Кыз чыныгы кара чегиртке кармап берген баатырды эстүү көздөрү менен уяң тиктеп, белинен кичинекей, жука кагаз кутучаны алып чыгып, кара чегирткени салып алды.

- Ооба, бул чыныгы кара чегиртке болчу, - деди бала угулар-угулбас.

Анан кызыл жарык чачкан кол чырагынын жарыгын кыздын бетине туштады. Кыз болсо кара чегиртке салынган кутучаны алып чыгып, көзүнө тамган кызыл жарыкта кутучанын ичин кызыгып, ыракаттануу менен карай баштады. Бала ошондо гана кыздын жүзүнө үңүлүп калды. Маңдайында кызыл жарык нурунда, кыздын жылмайган, сулуу жүзү. Мен ошондо гана тиги мадыра баш баланын айлакерлигин түшүнүп, өзүмдүн апенди экендигиме ынандым. Баланын баятан бери жасаган аракетине башым жетпеди. Эми түшүнүктүү. Мен дагы бир нерсеге таң калдым. Мынаны караңыз эми! Бала да, кыз да, аларды тегеректеген балдар да бир нерсени аңдабай калышты. Кыздын көкүрөгүндө баланын колундагы чырактан түшкөн Фудзио деген жашыл түстөгү ысым жазылып турат. Кыз аппак көйнөкчөн болгондуктан, анын көкүрөгүндө бул ысым даана көрүндү. Ошол эле маалда кыздын билегине илинген кол чырактын кызыл жарыгы баланын көкүрөгүндө кыздын ысымы жарытып турду. Демек, кыздын аты Киёко. Көкүрөктөрүндө бири-биринин ысымдары бир саамга дейре жаркырап жазылып турганын экөө тең байкабады.

Ушул балдар кийин эрезеге жеткенде, Фудзио Киёкого чыныгы кара чегиртке кармап бергенин эстешсе керек. А бирок ошондо ысымдары бири-биринин көкүрөгүндө бир топко жаркырап жазылып турганын түшүндө да көрүшпөйт, аттиң! Мүмкүн кийин Киёко сени ыйлатып, сени чанып таштап, башкага кетет. Ылайым келечек жолуң байсалдуу болуп, жашоодо эч качан ыйлай көрбө, каралдым!

Сен кийин мындай кыл, балам: Казан-аяк кагышат болуп, таарыныша кеткенде, «Ме карма, саратан!» - деп кара чегиртке кармата сал. Анан Киёко: «Чындап элеби?» - деп кара чегирткени көргөндө, таарынычы жазылып, күлүп жиберет. Анан сен да күлүп жибер. Ошентип жарашып аласыңар. Кийинкиде кара чегиртке деп, саратанды кармата сал. Ал колун ачып көрөт да, буга ишенип алганына күлүп жиберет. Сен да күл. Дагы жарашып аласыңар.

Дагы бир нерсе Фудзио кубатым, өзүң эстүү жан көрүнөсүң, колдон келсе жалбырактарга чүмкөнүп, чегиртке-кыздардан оолак болгонуң деле бир чети туура. Сулуу чегиртке-кыздардын баары эле акылдуу болот деген жаңылыштык. Саратан-кызга туш болсоң, аны барктай билсең, чегиртке-кыздан өткөн сулуу да, сени кадырлай билген акылдуу да жанга айланат. Саратан-кыздар эстүү келишет. Ылайым бешенеңе сени сыйлай билген, акылдуу саратан-кызды туш кылсын. Сенин ысымың ак көйнөкчөн Киёконун көкүрөгүндө жапжарык жашыл нур менен бир саамга дейре жазылып турганын байкабай калганыңды мен эми чоң өкүнүч менен эстей жүрөм.

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

Автор тууралуу учкай кеп: Ясунари Кавабата (1899 – 1972) – жапон жазуучусу, искусство жана адабият боюнча француз орденинин офицери (1962-ж.), адабият боюнча Нобелдик сыйлыктын лауреаты (1968-ж.). Нобелдик сыйлык ыйгарылган биринчи жапон жазуучусу (Андан кийин жапон жазуучуларынан Нобелдик сыйлыкты 1994-жылы Кэндзабуро Оэ алган.).

Кавабатанын чыгармалары Жапониянын улуттук көркөм салтына терең ширелип, ошол эле учурда азыркы адабияттын эркин колдонулган ыкмаларында жазылган. Негизги эмгектерине «Миң канаттуу турна», «Ак карлуу өлкө», «Эски борбор», «Тоолордун ыйы» ж.б.у.с. романдары кирет. Чыгармалары көптөгөн тилдерге которулган.

1924-жылы Императордук Токио Университетинин филология факультетинен «англис тили» бөлүмүн бүтүргөн. Жазуучулуктан сырткары ар кайсы газеталарда кабарчы болуп иштеген. Өзүнүн айтуусу боюнча ата-энесинен эрте ажырап, жетимдиктин азаптуу жашоосу, экинчи Дүйнөлүк согуш жана согуштан кийин өлкөдөгү оор кырдаал  анын чыгармачылыгына күчтүү таасир эткен.

1972-жылы газга ууланып каза болгон. Бирок жакын туугандары анын ичинде жубайынын айтуусунда кокустуктан улам, ууланып каза болгон. Кээ бир аны жакындан билген санаалаштарынын айтуусу боюнча өзүн-өзү атайылап өлтүргөн. Алардын айтуусу боюнча буга жазуучунун өмүрүнүн соңку жылдарында жеке турмушунда кездешкен ар кандай жагымсыз окуялар себеп. Бир версия боюнча буга анын жакын досу, жазуучу Юкио Мисиманын трагедиялуу өлүмү себеп. Ал өлгөндөн кийин анын руху жазуучунун түшүнө тынбай кирип, аны өзүнө чакырып жаткандыгын жазуучу өзү көп жолу айтчу экен.

Бул боюнча жакын санаалаш адамдарынын ар кимисинин өз пикири болуп, бирок чыныгы себебин эч ким билбейт. Улуу жазуучунун өлүмүнүн анык себеби ошентип белгисиз бойдон калган.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз