Леонардо да Винчи: Санат сөздөр, акылман ойлор

  • 28.08.2020
  • 3814

Кеңешти өзүн жеңе билген адамдан ал.

*     *     *

Жаңылыштыгыңды ачыкка чыгарган душман, аны жашырган досуңдан пайдалуу.

*     *     *

Чындыгында эле акыл-эс менен далилдей албаган жерде кыйкырык-чуу пайда болот.

*     *     *

Адамдардын үч түрү бар: бирөө көрөт, экинчиси көргөзсө көрөт, үчүнчүсү көзгө чукусаң да көрбөйт.

*     *     *

Чындык – убакыттын жапжалгыз кызы.

*     *     *

Ар кандай тоскоолдукту тырышчаактык менен жеңесиң.

*     *     *

Сынасаң айткан кишини сынабай, анын оюн сына.

*     *     *

Үмүт өлгөн жерде боштук калат.

*     *     *

Жылдыздарга умтулган адам, артына кылчактабайт.

*     *     *

Жылуу кийим сууктан сактаган сыяктуу, сабырдуулук таарыныч, ызадан сактайт. Сабырдуу болсоң, ыза канчалык ачуу болсо да, ал сени жандап өтөт.

*     *     *

Жашоону баалай албаган, ага татыктуу эмес.

*     *     *

Мактай берип зыян гана кыласың, андан да чоң зыянды өзүң түшүнбөгөн нерсени жамандаган кезде жасайсың.

*     *     *

Эркин учкандын даамын татсаң, жерде жүрсөң да көзүң ар дайым асманда.

*     *     *

Жакшы жашап өткөзгөн күндөн кийин жакшы түш көргөн сыяктуу, жакшы жашап өткөн жашооң бактылуу өлүм тартуулайт.

*     *     *

Пайдаланбай жаткан темирди дат басат, турган суу да сасып кетет, пайдаланбаган адамдын акылы да акырындап жок болот.

*     *     *

Устатынан өтө албаган шакирт аянычтуу.

*     *     *

Акылмандык – бул тажырыйбанын кызы.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз