Дилазык: Лао Цзыдан он санат

  • 05.01.2023
  • 4806

1. Миң милге саякат бир кадамдан башталат.

2. Колуңдагы нерсеге ыраазы бол, болгон нерсеге сүйүн.

3. Ой жүгүртүүңдү көзөмөлдө; алар сөзгө айланат.

Абайлап сүйлө; ал аракетти жаратат.

Аракеттериңди теске сал; ал адатка айланат.

Адаттарыңды көзөмөлдө; ал жүрүм-турумуңду аныктайт .

Жүрүм-турумуңа көз сал; ал сенин тагдырыңа таасир берет.

4. Кыйын нерсени жеңүү жеңил нерселерди жеңүүдөн, улуу иштер майда нерседен башталат, анткени дүйнөдөгү кыйын иштер жеңил нерселерден, улуу иштер майда нерселерден куралат.

5. Сырты жумшак, ичи катуу болгуча, сырты катуу, ичи жумшак болгон жакшы.

6. Улам дагы, дагы... деген акылга, бүткүл аалам баш ийет.

7. Адамды жаман экен деп жерибе. Ага жакшы сөзүңдү айтып көңүлүн көтөр, жакшы иштериң менен үлгү бол, анын жараларын ак көңүлдүүлүгүң менен дарыла. Аны кубалаба, анын жаман жактарын жойгонго колдоо көрсөт.

8. Бирөөлөрдүн терең сүйүүсү сага дем болот, сенин башкаларга болгон терең сүйүүң сага эрдик жататат.

9. Суу – бул эң жумшак зат, бирок тоону тешип, ташты агызат. Бул кыйынчылыктарды жеңүүдө жумшактык принцибинин күчүн ачык көргөзүп турат.

10. Башкаларды билүү – бул акылмандыкка жетишүү, өзүңдү билүү – бул жан-дүйнөңдүн агарышы.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз