«Макоолоштуруу өз чегине жеткенде…»

Игорь Бродский: Алгач мен муну жарыялабайын дегем. Бирок жарыялоо керек, сыягы. Мындагы ар бир сөздү колдоймун деп айта албаймын, айрым жагдайлар менен кай бирөөлөрдүн аты-жөнүн алып салып, анча-мынчасын кошуп да коймокмун. Кантсе да, жазылгандын бардыгы жалпы-жонунан – кашкайган ачуу чындык!

Игорь Гарин – жазуучу, физика-математика илимдеринин доктору:

Текши макоолоштуруу жараяны коомдун тереңине батып кеткенде, өлкөнү куткарууга кудурети жеткен сынчыл көз караштагы бир ууч киши да калбайт.

Мындан жарым кылым мурда, орус мамлекетинин тарыхын изилдеп баштаган кезимде эле, менде өзүнөн-өзү бир суроо пайда болгон: эмне себептен мындай кен байлыктарга жык толгон, аймагы учу-кыйырына көз жеткис өлкөдө эли дайыма күндөн күнгө жакырданып, тозоктун күнүн көргөн? Түрдүү-түмөн себептерин иликтеп туруп, мен ушундай бир жыйынтыкка келдим: Орусия өз тарыхында тынымсыз мындай артта калышынын себептеринин арасында – анын калкынын көптөгөн муундар бою табиятка каршы келген жана узак мөөнөттүү тескери «асыл тукум» тандалышы менен генофондунун кыйрашы.

Эгерде табияттагы кадимки эле тандалуу ыкмасы алга жылуу жана өнүгүүгө, жашоого эң эле ылайыкташкан жандуулардын келип чыгышына өбөлгө түзсө, - адам баласынын терс, жагымсыз гана коомдоруна мүнөздүү болгон «тескери асыл тукум алуу» ошол коомдорду бара-бара артка чегинтип, аларды биротоло кыйроого алып барат. Мындай көрүнүш, ошол сыяктуу коомдордо мамлекеттеги жогорку кызматтарды эң татыктуу жана акылдуу инсандар эмес, эң эле татыксыз жана жөндөмсүз, адеп-ахлаксыз жана бетпак кишилер ээлеп алгандыгына байланыштуу болот.

Тарыхтан белгилүү болгондой, көптөгөн мамлекеттер менен байыркы элдердин жок болуп кетишинин себеби – бийликке жогоруда айтылган «тескери асыл тукум алуу» ыкмасында адам аттуулар жыйналып алынгандыктан, өз доорунун көйгөй-түйшүктөрүнүн алдын алып, аларга туура жооп бере албагандыгында. Ал эми андай «тескери асыл тукумдаштыруунун» бирден-бир «принциптери» - бийлик тарабынан мыкты жана эң татыктуу инсандарды куугунтукка алып, көзүн тазалоо болгон. Бир мисал келтирейин. Кай жерде аракеттенсе да, инквизиторлор эң жакшы жана эркин инсандарды жок кылып жүргөн. Себеби инквизициянын кадимки эле табияты – ал көпчүлүктөн башкача ой жүгүрткөндөргө каршы күрөшүү иш-аракетине багытталгандыгында: диний анткорлор күнөөлүү болгондуктан эмес, өз мээсин колдонуп, өз акыл-эсинин негизинде ой жүгүртүүгө жөндөмдүү болгондуктан жок кылынууга тийиш эле.

Дал ошол «тескери асыл тукумдаштыруунун» адаттары боюнча орусиялык мансап ээлери, жогорку чиновниктер, прокурорлор, судьялар, бүтүндөй советтик номенклатура, депутаттык корпус, диний баштыктар, ак сөөк төбөлдөр, мээси жок идеологдор, Кремлдин кол баласы болгон саткын радио жана теле-алдамчылар тандалып, бийлик муктаждыктары үчүн колдонулган.

Ошол эле учурда акмактарды асырап багуу жараяны да ордунда турган жок. Атактуу жазуучулар, ага-ини Стругацкийлер ушуга байланыштуу мындай деп жазган эле: «Акмакты бапестеп, камкордукка бөлөп багат, акмакты жер семирткич колдонуп өстүрөт, анан бул жараяндын аягы деги эле көрүнбөйт... Акмак деген кадимки эле көрүнүш болуп калды, ал түгүл бир аздан соң ал идеалдын как өзүнө айланат да, философия илимдеринин докторлору аны тегеректеп алып, даңазалай бирге бийлешет. Ал эми гезиттер алардын тегерегинде азыр эле чөгөлөп бийлеп жатпайбы! Ай, сен кандай гана даңазалуу акмагыбызсың! Кандай гана кайраттуу, москоол, дени соо акмагыбызсың! Турмушка көз карашың кандай гана шайыр-шаттуу, акмагым, кроссворддорду да кандай гана эпчил чечүүгө жөндөмдүүсүң! Сен тек гана кабатырланба, акмагым, баары жакшы, ал турсун эң мыкты, илим да сага кызмат кылат, акмагым, көңүлүң ток, шайыр болушу үчүн адабият да сага кызмат кылууда, эч нерсеге башың катырба... Ал эми таасири зыян келтирген ар кандай бейбаштар менен шектүү көз караштагылардын, акмагым, биз биргелешип таш-талканын чыгарабыз (сени менен биргелешип бул кантип эле колубуздан келбесин?!)».

Большевиктер падышачыл Орусиянын динчилдерин жок кылгандан кийин жаңы динчил төбөлдөр мамкоопсуздуктун жеткен өзүмчүл келесоолорунан дээрлик эч кандай айырмаланбай калып, алардын катарына СМЕРШ («Смерть шпионам» уюмунун кыскартма аталышы) кызматкерлери жана сталиндик «заградотрядчылары» тартылган эле. Мына ушунун  өзү, бул жалган дүйнөдө туруп эле, акциз салыгын төлөбөстөн ичимдик жана тамеки сатып байыган, чиркөөгө сүткөрлор менен ижарачыларды алып келген, эң башкысы – бийликтеги бандиттерге жан-дили менен кызмат кылган Бүткүл Орусиянын патриархы Кирилл Гундяевдин ким экендигин мыкты мүнөздөйт.

Ал эми патриархтын «Өз кошунаңдын карызын кечип жиберүү туура эмес» дегени – бул деги эле акылга сыйбай турган тири укмуш! Ал киши үчүн Ыйса пайгамбардын «Сизге карыз болгондор менен сизди капа кылгандарды жети жолу эмес, жети жерден жетимиш ирет кечиргиле» деп айтканы деги эле жок турбайбы! «Асыл тукумдаштыруунун» тескери «принциби» болбогондо, мындай шүмшүктөр Орус православие чиркөөсүнүн жетекчилигине келе албайт эле.

Ал эми саткын журналисттер жөнүндө кеп кылсак, көрсө, көптөгөн азыркы Интернет-троллдорду мурдагы КГБ алдындагы «адабий институт» сымал атайын окуу жайы даярдап жүргөн турбайбы. Бул тууралуу мага күйөөсү ошондой «форма кийбеген журналист» болгон бир аспирант келин айтып берди. А «башкача ой жүгүрткөн» инсандарды мындай тандалгандардын катарына жакын жолотчу да эмес. Мына дал ошондуктан буюртма жолу менен өлтүрүлгөн орусиялык журналисттердин саны 1991-жылдан тартып 320га жетсе, алардан 205 киши бийликте Путин тургандан бери жок кылынган.

Орусияда табиятка каршы келген « тескери асыл тукум» жолу менен тандалышы бир эле учурда төмөндө көрсөтүлгөн көптөгөн багыттарда жана генофонд деңгээлинде жүргүзүлгөн:

- «революция» деп аталып калган Октябрь төңкөрүшүнөн кийин интеллигенциянын (Лениндин айтымында, ал «улуттук бок» имиш) куугунтукка алынышы;

- Сталин тарабынан эмгекчил дыйкандардын, интеллигенция калдыктарынын жана армия жетекчилигинин кырып салынышы;

- мамлекеттик терроризм, же мамлекеттин жазалоочу органдары тарабынан өз алдынча ой жүгүртүүгө жөндөмдүү болгондордун баарынын жок кылынышы;

- «совоктор» деп атыгып калган, жеткен ыпылас бузукуларды, ар-намысы жок маңсапкорлорду бириктирген советтик номенклатуранын түзүлүшү;

- өлкөдөн сыртка карай массалык жана тынымсыз түрдө «акыл-эстин качышы»;

- коомду (Михаил Булгаковдун сатиралык чыгармасынын «каарманы» болгон) Шариковдорго жык толтурууну көздөгөн путиндик социалдык тандоо.

Табиятка карама-каршы келген мындай тандоонун, тагыраак айтканда, кийинчерээк «номенклатура» аталып калган жаңы тапты түзүүнүн керектигин негиздеген башкы теоретик – Ленин өзү болгон. Адегенде ал «агенттердин аскердик уюмун» түптөөнү талап кылып, андан соң революциянын гвардиясы жана «лениндик типтеги» уюм болгон «ички» жана «тышкы» партияны түзүүнү негиздеген да, эң аягында аларды «жогорку деңгээлде» камсыздоону буюрган.

СССРде табиятка карама-каршы келген ошондой коомдук терс тандоонун башкы куралы катары, коммунисттик партиянын «күжүрмөн түзүмү», башкача айтканда, чекисттердин аңдыма органы болуп калган. Чекисттердин, аларга көмөктөшкөн тыңчылар менен чагымчылардын катарына өлкөнүн бир кыйла бөлүгү кирген эле. Жазуучу Сергей Довлатов бул жөнүндө: «Биз жолдош Сталинди тынымсыз жемелей беребиз, албетте, мунун жүйөсү бар. Ошентсе да, мен “Деги ошол төрт миллион чагым каттарды ким жазды экен?!” деп сурагым келет», - деп жазганы бар. Мисалы, мен өмүр бою иштеп келген тартиби катаал жабык институтта жамааттын дээрлик бир чейреги тыңчылык кылып жүргөн.

Узак мөөнөт бою ишке ашырылып келген табигый эмес тандоонун натыйжасында «совоктордун» советтик номенклатурасы жатып ичерлердин табы гана болбостон, куугунчу тапка, кыйраткыч тапка, каңкор баш кесер тапка, кылмышкер тапка айланып калган. Ошондой «чала адамдар» табына тарыхта орун издеген Милован Жилас, андан кийин Михаил Восленский, амалдагы социализм – бул чынында феодалдык «социализм», жана да «совоктордун» социализми – капитализм доорунан кийин эмес, андан мурда болуп өтөт деген жыйынтыкка келишкен.

Советтик номенклатуранын табият-тартибин жакшы билген КПСС Саясий бюросунун мүчөсү Александр Яковлев түшүндүргөндөй, бул чөйрөдө мансап тепкичтерин басып өөдө жылуу – чөбөгө-кебээрге толуп, катмарлашып кеткен бөтөлкө мойнунан өткөндөй эле иш, амалда ал жакка эч ким кире албайт. Анткени чечимдер кабыл алынуучу ошол «бөтөлкө мойнун» көзөмөлдөп турган кишилер, ошол жерге «жат», «чоочун» кимдир-бирөөлөр кирип кетпес үчүн колунан келген бүт иш-аракетти жасайт.

Фашизм сыяктуу эле, амалдагы, реалдуу социализм – бул бандократия, мамлекеттик түзүлүштүн таптакыр жаңы түрү. Мындайда бийликке фанатиктер менен каңкорлордун өтө жандуу жана керт башынын кызыкчылыгын гана көздөгөн каракчы тобу келет да, өлкөнү жапайы адамдарга мүнөздүү болгон уруу-уруучулук жана кылмышкер корбашылардын «үрп-адаттары» боюнча башкарып калат. Белгилүү бир мезгил өтүп, жогорудагы бандократия ылдыйдагы каракчы топтор менен биригип алып, абактагы жазылбаган «мыйзамдар» боюнча куралган желмогуз мамлекетти түзөт.

Советтер Союзунда ЧК-НКВД-КГБ органдарынын баш кесерлери, өлкөнүн мыкты инсандарын жок кылууну индустриялык негизге койгон болчу: каңкорлор интеллигенциянын каймагын кырып салып, эмгекчи калк арасынан өз акыл-эси, ар-намысы жана абийири менен өзгөчөлөнүп суурулуп чыккан адамдарды өтө кылдат аңдып жана жок кылып, советтик башкаруу аппараттын өзүн да жетекчисиз калтырган. Өлкөнү өлүктөргө толтурган, өздөрүнүн кара санатай кылмыштары үчүн алар сыйлыктар менен маңсап чендерин гана алып турган...

Номенклатура менен күч түзүмдөргө «ашмачы катын» балдарынын бийлик тарабынан дайындалып, киргизилишинин натыйжасы айдан ачык: статистика тастыктап келгендей, СССРдин бүтүндөй калкы америкалык кедейлерден да жакыр жашаган. Германия Федеративдик Республикасында жумушсуздарга берилүүчү жөлөк каражат советтик жумушчунун орточо айлык акысынан 60% көбүрөк болгон, ал эми Советтер Союзунун жарандары даарат кагазды Москвада гана сатып алууга аргасыз эле.

Эми болсо өлкөнүн өз жарандарын Мекенинен сыртка кууп чыгарышы жана ошол эле багытта «акыл-эстин, илим-билимдин качып жөнөшү» жөнүндө. Дүйнө жүзүн көп кыдырып жүрүп, мен Парижге жанаша жайгашкан Сен-Женевьев-де-Буа көрүстөнүндө гана эмес, ар кайсы континенттердеги көптөгөн орустардын мүрзөлөрүндө болгом. Анан аялым экөөбүз, орустун залкар перзенттери болгон улуу окумуштуулар, инженерлер, жазуучулар, сүрөтчүлөр, артисттер жаткан ошол эсепсиз мүрзөлөрдү бойлоп жүргөнүбүздө, жүрөгүбүз сыздаганын айтпа! Мына бүгүн белгилүү болуп жаткандай, орус тилдүү 60 миллион мекендештерибиз бүткүл дүйнө жүзүнө тарап кетип, азыркы учурда АКШдагы Кремний өрөөнүнөн тартып экономикалык жактан эң өнүккөн өлкөлөрдүн технополистерине чейин аракеттенүүдө жана алдыңкы державалардын байлыгын арттырууда.

В.А.Стеклов атындагы Математика институтунун директору, академик Людвиг Фаддеев «В мире науки» («Илим дүйнөсүндө») журналынын бир санында (2014, № 2) минтип жазган: «Биздин институтта мурда 110 кызматкер болсо, алардын ичинен 70и илим докторлору эле, 40 киши өлкөдөн сыртка кетип калган». Ошентип, бул эң жогорку деңгээлдеги окумуштуулардын теңинен көбү кетип калды дегендикке жатпайбы... Алар тек гана чет мамлекеттерге кетип калбастан, ал жакта илимдин илими болгон математиканы түп-тамырынан өзгөртүп коюшту… МГУ ректору Виктор Садовничий жакында билдиргендей, соңку он жыл аралыгында Орусиядан АКШга 16 миң илим докторлору кетип калган!

Өлкөдөн сырткары «акыл-эстин, илим-билимдин качып чыгышы» жана ошол эле тарапка ноу-хау технологияларынын багыт алышы эчак эле триллиондогон каржы каражаттагы чыгашадан ашып өткөн.

Орусиялык экономист Леонид Григорьев: «Соңку он жылда Орусиядан эки миллион демократ көчүп кетти», - деп билдирген. Ал эми Александр Щетинин акыл-эстүүлөрдүн, илим-билимдүүлөрдүн өлкөдөн сыртка багыт алганын «Бул зомби-телекутуча империясынан качып кутулуу» деп мүнөздөгөн. «Орусиялыктардын өз өлкөсүнөн жапырт качышы» аттуу макаланын автору: «Инфратүзүм жана коопсуздук өнүттөрүнөн алып караганда, биз “үчүңчү дүйнөнүн” өлкөсүнө айланып калдык. Бизде атына заты келишкен мектептер, ооруканалар жана университеттер жок. Кайсы гана бир себептен улам мамлекет менен байланышууга аргасыз болсоң, мунун натыйжасында акчаңды, чыдамыңды коротуп, эсепсиз кагаз жыйнайсың, - болгондо да, ушунун баары улам көбүрөк талап кылынат.

Жабык бөлмөдө таза абаны сүрүп чыгарып, ичине көмүртек газы толуп алгандай эле, эркин жашоо мейкиндигинин кенедей бир бөлүгүн да быкшыган бюрократиянын көрсөтмө-нускамалары жык толтурууда. Мына дал ушундай жагдайда, Орусияны туңгуюк абалга такап койгон кишилердин өзү, бизге бул көйгөй-түйшүктү түшүндүрүп жаткандай түр көрсөтүп: “Мунун баары бизди душмандар курчап алгандыктан болуп жатпайбы!” – деп айтышууда», - деп жазат макаланын автору.

Кыскартмасы «ЖЖ» («Живой журнал» - «Жандуу журнал») деп аталган коомдук тармакта ал турсун «Сыртка жөнө!» («Пора валить!») деген бирикме пайда болгон. Анда болочок эмигранттарга пайдалуу кеңештер берилет, ал эми «жөнөп кетчүлөр» деп аталып калгандардын өздөрү, эмне себептен ушул «Кар жааган Нигерия» мамлекетинен кетип калууну көздөп жаткандыгын түшүндүрүп, калган калк да неге жапырт көчүп кетүүгө камынышы керектигин негиздеп жазууда. Ал түгүл бул тармакта Скандинавиядагы шарты ыңгайлуу абактар тууралуу баяндалат.

Перельман, Абрикосов, Сонин, Дзялошинский, Каганов, Линде, Муханов, Мильнер, Варшавский, Гельман, Чичваркин, Гейм, Новосёлов, Илларионов, Зимин, Дубов, Левчин, Кум, Невзлин, Гуриев, Каспаров, Кох, Кашин, Алексашенко, Дуров, Бершидский, Кацнельсон, Серебряков, Манский, Шереметьев, Носырев, Ашурков, Акунин, Мальгин, Носик, Троицкий, Пономарев, Муждабаев, Дзядко, Мария Гайдар, Ольга Куриленко, Екатерина Журавская, Галина Тимченко, Светлана Мартынчик сыяктуу атактуу инсандардын чет өлкөлөргө жапырт жана биротоло көчүп кетиши — бүтүндөй бир коомдун артка чегинишинин айкын көрсөткүчү: кыйроо канчалык орчундуу сезилсе, аларды куугунтукка алган, ортого от салган жана бүлүндүргөндөр менен бирге жашоону каалабагандардын агымы өз Мекененинен сыртка карай улам күчөп кете берет.

Алар, бүгүн Орусияда жашоо ыңгайсыз, ал эми эртең деги эле коркунучтуу болуп каларын түшүнүп жаткандыктан эмиграцияга жөнөп кетишүүдө. Тагыраак айтканда, бул көрүнүштү эмиграция эмес, эвакуация же ал турсун чукул кырдаалда качып кетүү десе туура болот. Мындагы эң маанилүү бир жагдай: таланттуу адамдар канчалык көп санда, барып турган акмактардын кодулоосу менен кысымынан качып, сыртка карай жөнөп кете берсе, өлкөнүн калыбына келүү мүмкүнчүлүгү улам азаят да, өлкө туңгуюкка катуурак такала берет.

Михаил Булгаковдун «Иттин жүрөгү» аттуу чыгармасындагы Шариков сымалдар биротоло үстөмдүк кылып кетиши үчүн, коомдун караңгылыгын күчөткөн санда жок кишилердин жөндөмсүз бийлиги эле жетиштүү.

Мындай шартта, аларда калкты зомбиге айландырып, маңкуртташтыруудан жана коркутуп-үркүтүүдөн башка аргасы барбы? Дал ошондуктан кадимки өлкө ордуна дордойгон, Евразия көлөмүндөгү бүтүндөй бир «Уралвагонзавод» пайда болуп жатпайбы... Ушундан улам, чынында эле «Жарандары, билинбей сыртка жылт коюп качып кетүүнү гана көздөп турган өлкө бактысыз» экен.

Коомдо табиятка карама-каршы келген тескери, терс тандоо өтө узак мөөнөт бою жүргүзүлсө, анын эң төмөн катмарлары да, төбөлдөрү да жапырт макоолонуп кетет: бийликтеги жаңы гитлерлер менен сталиндерди 90% калктын колдогону да, думалар менен радалардын кемчонтой демилгелерин «уралап!» кабыл алганы да, деги эле малга айланып калгандардын «чыныгы салтанаты» да мына так ушунда.

Кандай гана коом болбосун, ал өзүнүн ойчул жана чыгармачыл азчылыгынын иш-аракети менен алга жылат.  Бирок коомдо макоолошуу, аны макоолоштуруу көрүнүшү өтө тереңине батканда, өлкөнү куткарып калууга жөндөмдүү болгон ошондой сынчыл азчылык жоголуп кетет. Мына так ушунда өлкө сенектикке белчесинен батып, тарыхый жарга кулап түшөт.

Которгон Толкунбек ТУРДУБАЕВ

Булагы: «Когда процесс дебилизации заходит слишком далеко…»

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз