О`Шакир: Кой терисин жамынган карышкырлар жөнүндө кыйытма

Илгери-илгери дейт буну. Өз алдынча эгемендүү мекен курабыз деген Теңир-Тоонун жан-жаныбарлары өздөрүнчө эркеч шайламай болушат. Ага дейре аюу жол башчы болуп келген экен. Бирок аюуга баш ийгиси келбеген теңиртоолук айбанаттар жер шарынын Батыш жаныбарларындай эркин жашоону каалашат да, кашка баш кочкорду эркеч кылып, ошону жол башчылыкка шайлашат.

Баса, анткен менен аюу деген аюу да. Алыскы Сибирде жашаса да, жер шарынын Азия бөлүгүнө көз артканын койбойт, жол башчылыгын көрсөткүсү келет.

Адегенде кашка баш кочкор билимдүү, адилеттүү көрүнөт. Бийликке жеткенден көп өтпөй анын короолошторунун арасынан кой терисин жамынган карышкырлар чыгат. А кийинчерек кашка баш кочкор өзү да кашабадай жырткычка айланат. Ал дагы теңир-тоолук айбанаттардын жем-чөбүн жеке басарлык кылып тартып алганга өтөт. Мындай адилетсиз эркечке нааразылык билдиргендер четинен жазасын алчу болот.

Кээси короодон чыккыс болуп да камалуу коркунучу эскертилет. Ошого карабай бир жаш теке чыгат. Чыкканда да жаштыгына карабай Теңир-Тоонун түштүк аймагында козу-улактар пахта терип, тамекинин жалбырагын терип-тепчигени адилетсиз экенине каршылык көрсөтүп, кашка баш кочкорго каршы мүйүзүн жаныйт. Ал түгөт аюуну да көзгө илбейт. Батыштын айбанаттарынын эркиндигин Теңир-Тоого жайылткысы келет.

Жаш теке бир күнү кой терисин жамынган карышкырлардын арасында күрөшкө аттанмай болуп, Жогорку Кеңеш деген бийик дөңсөөгө барууну эңсейт. Көрсө, ал бийик дөңсөөдө кой терисин жамынган карышкырлар үйүр-үйүрү менен топтолчу экен. Жаш теке күрөшкө чыгып, дал ошол бийик дөңсөөгө чыгууну эңсейт.

Бирок анүчүн шайлоо деген чоң кечмелик суудан өтүү кыйын болуптур. Ал чоң кечмеликтен далай-далай бакылдаган текелер да өтө албай калышчу дешет. Кашка баш кочкордон колдоо болмоюн шайлоо кечмелигинен баары эле өтө албаптыр. Суу болуп шөлбүрөп чыгышчу экен. Ал чоң кечмеликтен өтчү көпүрөөдөн кашка баш кочкор далай жан-жаныбарды тоголото сүзчү дешет.

Арийне, жаш теке Теңир-Тоонун жан-жаныбарларынын сүймөнчүгүнө тез эле айланат. Себеби ал башка айбанаттардын муң-зарын бийик дөңсөөгө чыгары менен чечүүгө белсенет, кашка баш кочкорго айбат көрсөткөн тентек чыгат. Ал жерден теңиртоолук жан-жаныбарлардын эркиндигин, укугун коргогон жаш теке жар кырында ойногон шок болуп чыгат. Өзүнөн сакалы узун карт текелерден да ийменбей, карсылдашып сүзүшөт. Бакылдаган текелердин көзүнө тез эле илинет. Ал тургай кашка баш кочкордун ордуна жол башчылык кылууну да көздөйт.

Ал эмес Сибир токоюнда жашаган аюуну тоотпойт. А аюу деген аюу да: таттыны көрсө тамшанып, этти көрсө даң салып, Азияга көз артканы көз арткан. Кашка баш кочкор да аюуга ыктаган эркечке айланып, өз короолошторунун гана кызыкчылыгын коргогон жол башчыга айланат. Акыры теңиртоолук айбанаттарга жек көрүнүп бүткөн кашка баш кочкор күрпөң аюуну көздөй качып кутулат.

Теңиртоолук жан-жаныбарлар кайра башка эркеч тандамай болуп, буканы жол башчы кылышат. Бука жол башчылыкка келери менен кашка баш кочкордон өткөн жырткыч болуп чыгат. Ал дагы айланасына кой терисин жамынган карышкырларды жыйат. Ал дагы аюуга кошомат кылганга өтөт.

Мындай адилетсиздикке чыдабаган теке бука менен карсылдашып сүзүшөт. Текеден кантип кутулаарын билбеген бука бир күнү каршылашын теңиртоолук айбанаттарга жек көрсөтүү үчүн, текени апийимге тойгузуп камап салуу амалын ойлойт. Бирок анысы ишке ашпайт. Теке менен буканын каршылашуусу мурдагыдан күчөп, акыры теке менен короолош жүргөндөр буканы да кашка баш кочкордун артынан кубалап тынышат. Анын ордуна суречки деген бийкечти убактылуу жол башчы кылышат. Суречки жер шарынын Батыш аймагындагы жан-жаныбарлардын эркиндигин Теңир-Тоого жайылтууга аракет кылат. Бирок анын мөөнөтү узакка созулбайт. Суречкиден соң Жылкы баласын жол башчылыкка шайлашат.

Арийне, жылкынын мүнөзү белгилүү го: анык сыраңдаган жаныбар го жылкы баласы! Ал жолбашчылыкка шайланары менен өз үйүрүнө тап койгон айгырга айланат ыргыштап. Кой терисин жамынган карышкырлар анын тегерегине да көз көрүнөө жыйылат. Бирок аларды көрмөксөндүккө салат. Анан калса анын да күрпөң аюуга кошомат кылганы күчөйт. Мындай адилетсиздикке чыдабаган теке аңги чалыш эркеч менен күнү куру эмес карсылдашып сүзүшөт. Ал эмес теңиртоолук жаныбарларга ыргыштаган аңгини жол башчылыктан кетирүү демилгесин жар салат. Себеби аңги-эркеч да аюунун айтканынан чыкпаган жол башчы экенин көрсөтөт.

Мына ошондо текенин айбатынан корккон аңги-эркеч, текени биротоло короодон чыкпай турган кылып каматып салат. Бирок бул окуя көпкө созулбайт. Себеби аңги-эркечтин жол башчылык мөөнөтү аяктап, ордуна кой оозунан чөп албаган белгисиз бир жаныбар жол башчылыкка шайланат. Анын тегерегинде да кой терисин жамынган карышкырлар арбын болгондуктан, Теңир-Тоо жаныбарларынын нааразылыгы тез эле күчөйт. Ал дагы күрөң аюунун айткан-дегенинен чыкпаган эркечке айланат.

Ал эми баягы теке кайрадан эркиндикке чыгат. Чыгары менен так өзүндөй тентек улактарды жана козуларды тегерегине жыйнап, жаңы дем, жаңы дем менен шайлоо деген кечмеликтен өтүүгө даярдык көрүп баштайт. Текеден биздин эмнебиз кем экен деген дагы бир жаагы чоң кашка баш кочкор чыгат. Чыгат да: ал дагы айланасына жаш улак, жаш козуларды жыйнап, бир бол, бир бол деген ураан астында: шайлоо кечмелигинен аман-соо өтүп келсек, кой терисин жамынган карышкырлардан Теңир-Тоонун арасын тазалайбыз деп турган кезең экен, бурадар!

Бул кыйытмабыздын соңун ошондо баяндап беребиз...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз