О`Шакир: Арыбаган Акбоз ат

(Чыгарманы куйма кулак Кубан Тойчубаевге арнайм)

АҢГЕМЕ

О бу качанкы акбоз ат, качанкы... Аны канча чоңдор минбеди. Кошоматчы Жапалак бул Акбозун канчаларга гана мингизбеди. Арыбай, азбай келаткан Акбозун миңгизбеген аткаминер калды дейсиңби.

Жогору жактан жаңы аким дайындалганын укса эле бүттү, уйку жок анда. Таң атпай райакимчиликтин алдында Жапалак турганын көрөсүң. Облус губернаторлугуна жаңы жетекчи дайындалганын укса да Жапалак таң атпай облустук администрация алдында турганы турган. Какайып күтөт анан чоңдорду.

Бир убакта эле жетекчиликтин кабылдамасында отурган болот. Баягысын баштайт:

– Башыңызга оомат буюрсун, түш көрдүм жакшы. Сизге ошону эле айтканы келдим... Башка сөзүм жок, – деп баштайт бейтааныш губернатор же акимдин кабылдамасынан тура калып.

Босогону жаңы аттаган аткаминерлер адегенде Жапалакты бүшүркөй карайт. Кабылдамасында биринчи жолу көрүшкөн бейтааныш кишинин жапалактап турганы эле чоңдорду кантип бүшүркөтпөсүн.

И баса, ушул жерден окурманга алдын ала эскертип коёр маалымат: чоңдордун кабылдамасында отургандардын кимиси болбосун аны жакшы тааныйт. Алар да аткаминерлердин алдында Жапалактын чимириктей айланганына ниеттери түз майда кызматтагылар. Алар да кабак-кашына кар жаап отурган чоңдордун көңүлүн кантип жибитүүнүн аргасын таппай кыйпычыктап отурган учурларда Жапалактын келип калышын кудайдан тиленишет.

Албетте, губернаторлор менен акимдер кызматка жаңыдан орношкон кезде кабактары жаркылдап ачык дечи. Тек кийин гана кабактарына кар жаап, сиркеси суу көтөрбөй титиреңдеп, текебер мүнөз күтө баштайт бизде. А силер жактын чоңдору кандай – билбейм. Ал эми биз жактагы чоңдордун көңүлүн жибитер Жапалактай кишилер чанда бир чыгат. Кеменгер адамдар кылымда бир туулуп калганындай эле, Жапалактай арыбаган Акбоз аттуу жуукур мүнөздөрдү деле кудай-таала чанда-чанда жаратат турбайбы.

– Йе, – дейт анан Жапалактын оозун тиктеген жаңы губернатор менменсип. – Эмне болгон түш экен?.. Кулак сизде...

– Түшүмдө алкынган Акбоз ат минип, сүрмөтоп жарышта сиздин аргымак алдыга озуп чыгыптыр! – көчүгүн копшоп-копшоп алат да, кебин улайт жуукур: – Бул сиздин башыңызга келген чоң оомат эмей эмине...

– О-ой, айтканыңыз келсин, аксакал! – мансапкор да ордунан ойдолоктоп, тиги жуукурга берер белегин таппай кайпалактап, шашкалактап баштайт анан. – Түшүңүз жакшы экен. Эми жакшы түштүн ырымына мынабуну сизге... – дечү мансапкор да Жапалакты куру кол кетирбейт. – Куттуу жерден куру чыкканыңыз болбойт, – деп марттыгын көрсөтөт айда-а...

Те сөз башында анын Акбоз аргымагын минбеген аткаминер калган жок дегеним ошол. Анын арыбаган аргымагын далай губернаторлор, далай акимдер минди. Ал тургай айыл өкмөттөрүнүн канчасы минген жок. Бирок Жапалактын Акбоз аргымагы эч бир жооруган жок, туягынан да эч аксабады. Аргымак дегениң аргымак турбайбы. Арыбайт экен. Азбайт экен. Аса байланып азынабаса да, Жапалактын аргымагын бир кездеги коммунисттик аткаминерлерден бери канчасы минбеди дейсиң.

Губернатордун орду алмашканга чейин акимдер келип-кетет, айыл өкмөттөр алмашат. Ошол алмашкан аткаминердин баарысына Жапалак өз аргымагын мингизип жүрүп өтүп кетти опаасыз бу дүйнөдөн.

Бирок өзү өлсө да, сөзү өлбөптүр. Сөзү элге тарап, эл арасынан чыккан башка аксакалдар өздөштүрдү анын кебин. Алар да аткаминерлердин көңүлүн жибите турган Акбоз аргымак жөнүндө түш көрчү болуптур жапырт.

Айылдын чычым балдары жөн коёбу анан чалдарды. Андай аксакалдарга ат коюп алышыптыр «дүжүр» деген. Себеби, бир кезде боз эшек минип жүргөн чалдардан бата сураган айыл өкмөттөргө; бир кезде Жапалактын көзүн көрүп калган чалдар да баягы Акбоз атты мингизгендин кыныгын алышыптыр. Шайлоо маалында да партия лидерлерине оомат келерин айтып, түш жоруп барышат экен аксакалдар. Бата беришет экен: «Түшүмдө алкынган акбоз ат минип, сүрмөтоп жарышта сиздин аргымак алдыга озуп чыгыптыр!»

Кубанат экен муну уккан мансапкорлор. Кубанганынан боз эшек минип жүргөн «дүжүр» чалдардын алдына өздөрү Акбоз аргымак тартчу болуптур. Түшү дал келип калган «дүжүр» чалдардын кээсине жол тандабас авто-унаа тарткандар да бар дейт ал эмес.  

Арыбаган Акбоз ат ошентип Ала-Тоо аймагынын ар бир айылына тарап кеткен үчүн – айылдын чычым балдары аксакалдарга «дүжүр» чал деген ат коюп алышыптыр, атаңдын оозуна чычайындар десе...
Көрсө, бул өнөкөт элге коронавирустан мурда эле жайылып кетиптир!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз