О`Шакир: Даңкы чыккан «баатырлар» көп суужүрөк

  • 16.05.2020
  • 4332

*       *       *

Өлүк ал – кепиндин жок кереги.
Тирүү ал – кепин камдай берели.

Мансапты күсөп калган о кийин
манчыркап. Ошон үчүн – «оомийин»!

Дени сак. Дарты – мандат. Бечара...
Дары бер – даба болбойт эч ага.
2017-ж.

*       *       *

Барга көпкөн досту көрдүм дардаңбай
бак-бак сүйлөп мактанган.
А мен тапсам каткан нан
жибитип жеп күн кечирдим арданбай.

Жокко чөкпөс досту көрдүм токпейил,
муңбас, эрктүү, айбаттуу.
Аны көрүп кайраттуу –
мен эмнеге ««кеммин» дейин, «жок» дейин.
2019.

*       *       *

Бийик көрүп аскадай:
илим-билим кенчине
таянса да канчалар –
тарых жүзү маскадай.
2019-ж.

*       *       *

Мечитине чакырып,
ооздон түшпөс аты улук –
Кудай сага сыйынган
молдолор көп макулук.
2019-ж.

*       *       *

Канча акындын калпы кайнап артында –
даңазалап бул дүйнөгө сүйүүнү
жок нерсени бар нерседей калтырган.

Өз башынан өтпөгөндү санаттап
өткөн далай өрт жалындуу «акындар»,
жалган сапты бир-бирине кабаттап.

Жок нерселер жаратылып тарыхта
бул дүйнөдө жаангерлердин баяны
жалган туруп жашап калган жарыкта.

Даанышмандан бийик болуп аксымдар,
акыл эмес, күч башкарат дүйнөнү –
көөдөнү көр болгон үчүн таксырлар.

Эрдиктерин ээлеп алып башканын
даңкы чыккан «баатырлар» көп суужүрөк, –
тек, үн катпайт тарых дагын, таш дагын.
2009-ж.

Ышкыбоозго

Сөз тандаган – дүмөктүү ой айта алат.
Сабын уурдап башкалардын... а кийин
калган жаман өзүңдү да кайталап.
2016-ж.

*       *       *

Таңгалыштуу дүнүйөдө кымгуут бу:
жеңбесе да аң-сезими кулдукту –
адамзаттын кудурети жаратты,
Кудай-таала жаратпаган шумдукту.
2018-ж.

Бойлоп келе жатып суусун жылганын,
таш үстүндө отурдум да, жылбадым.
Оюн салып, мөңкүп аккан дарыя –
салды эске жаштыгымдын ыргагын.
2019-ж.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз