О`Шакир: Өлкөбүз – эгемен, мамлекетибиз – көзкаранды

  • 04.03.2024
  • 5197

Бизде чоң чаташуу бар: өлкө жана мамлекет түшүнүгүн синоним катары колдонгон. Болгондо да коомдун эң алдыңкы катмары делген илимий жана чыгармачыл интеллигенция чөйрөсүндө деле, журналисттер, саясатчылар чөйрөсүндө деле өлкө жана мамлекет түшүнүгүн айырмалабайбыз!

Азырынча бул тууралуу түшүнүктү чачыратып чечмелеп бергенге не окумуштуулар ооз ачпады, не философ, жазуучу, тарыхчыларыбыз үн катпады эле. Саналуу күндөр мурда демократия баалуулуктарын дамамат жайылтып келген белгилүү ишкер Эмил Үмөталиевдин “Азаттыкка” курган маегинен улам: бул эки башка түшүнүккө кунт коюу өтө чоң мааниге ээ экенин мен да баса белгилегим бар.

Бизге бул эки түшүнүктү айырмалоо эмне үчүн маанилүү? Агер демократия түркүгүн бекем курар багытты көздөсөк, демек, өлкө – жогорку тепкич, а мамлекет – төмөнкү тепкич деген түшүнүктү калыптандыруу келечек муундун эмес, бүгүнкү биздин милдет! Учурда эгемен Кыргызстандын оош-кыйыш мезгилиндеги саясый-тарыхый окуяларга күйүп-бышып күбө болгон, аралашкан СИЗДИН, МЕНИН, АНЫН, БААРЫБЫЗДЫН моюндагы бул ыйык милдет – Өлкө жана Мамлекет деген гана түшүнүктү айырмалоо. Бул түшүнүктү калыптандырууну эмнеге келечек муунга калтыруубуз керек?

Эмесе бул экөөнү тил учунан чаташтырбай атоо үчүн Өлкөнү жогорку тепкич, Мамлекетти төмөнкү тепкич деп түшүндүргөнүмдүн себебин жөнөкөй чечмелөөгө аракет кылайын. Адатта, дээрлик көпчүлүгүбүз Өлкө жана Мамлекет түшүнүгүн синонимдештирип көнүп алганбыз. А мындай көндүм адат – авторитардык башкаруу багытын көздөгөн гана сырткы жана ички саясый күчтөргө ыңгайлуу. Түпкүлүгүндө: Мамлекет бул – бийлик түзүмдөрүнүн жалпы саясый курамы. А Өлкө – ата-бабалардын кан-жаны, көз жашы менен бизге жеткен ыйык мурас. «Бетеге кетип – бел калган, бектер кетип – эл калган» накылы ушул эмеспи-ов! Демек, бектер – мамлекет, эл – өлкө деп түшүнүңүз!

Кандай болгон күндө да мамлекет – өлкөдөн, элден, жарандардан, салык төлөөчүлөрдөн көзкаранды. Андыктан мамлекеттик түзүм элдин, жарандардын бакубаттыгына кызмат кылар орган. Мамлекеттин орду ошон үчүн экинчи тепкичте турарын унутпашыбыз керек!  

Канчалаган хандар, бектер өз зулумдугу менен бийлик кумарына эсирип жашап өтө берсе да, урпактарга жерибиз, кен байлыктарыбыз, журтубуз калып келе берген. Тилекке каршы, биздин ата-бабалардан бейиштей жаратылыш, жер-суу, тоо-таштарыбыз калыптыр, бирок дөөлөттүү мамлекеттик түзүм кура албай келишиптир. Тагдырдын буйругу менен биз бүгүн өз эгемендигине ээ болгон өлкөдө жашаганыбыз менен, бирок мамлекетибиз алдуу-күчтүү мамлекеттердин алдында көзкаранды бойдон калууда!

Мунун себеби эле бабаларыбыз айтып келгендей «Бийиӊ кылаӊ болсо, элиӊ ылаӊ болор» демекчи, мамлекет башчыларыбыздын кылаң саясаты менен өлкөбүздүн сырткы карызынын жалпы көлөмү 4 миллиард долларды чапчып, элибиз ылаң болуп отурбуз. Мына, биз эмне үчүн Өлкө жана Мамлекет түшүнүгүн ажырата билүүбүз керек? Түйүндүү маселе ушул жерде жатат! Аныгында, мамлекет түзүмүн башкарып келгендер өлкөбүздү карызга батырды да, качкандары качып кетти, бири болсо абакта отурат бүгүн. А карыз Өлкөбүздүн мойнунда калды! Чаласы калгансып бүгүнкүлөрү да карызга батырууда!

Демек, мамлекетти башкаргандар өлкө карызын улам өстүрүп, кызматтарынан кете беришине жол бербешибиз үчүн – Өлкө жогорку тепкич, Мамлекет төмөнкү тепкич деген түшүнүктөрдү калыптандыруу баарыбызга маанилүү. Мамлекет башына келгендер ошондо гана өлкөгө кызмат кылуу милдетин аңдайт. Болбосо, мамлекеттик чиновниктер өлкө баалуулуктарын каалагандай калчап, көрүнөөсүн көрүнөө, көмүскөсүн көмүскө сата берүүнү жең ичинен уланта берерин аңдоого тийишпиз.

Саясатчылардын кылаңдуу кылыктары акыры элди ылаңдуу кыларын ата-бабаларыбыз эбак эле айтып кеткени ушул! Агер биз «Бетеге кетип – бел калган, бектер кетип – эл калган»; «Бийиӊ кылаӊ болсо, элиӊ ылаӊ болор» деген улуттук философиябыздын маани-маңызын түшүнсөк, өлкөбүз – эгемен, мамлекетибиз – көзкаранды бойдон калуусуна жол бербей турган жогорудагы эки түшүнүктү чаташтырбоого тийишпиз.

Жогоруда мындай көндүм адат – авторитардык башкаруу багытын көздөгөн сырткы жана ички саясый күчтөргө ыңгайлуу деген себебим: СССРдин кылаң саясаты Кыргызстанды ылаңдуу абалга кептеп кеткен жокпу?! Эс пештеп көрөлүчү: өлкө чегарасын каалагандай бөлүп-жарган Россия ата-бабаларыбыздан калган жерлердин картасын чийүүдө, канчалаган жер-сууларыбыз коңшу өлкөлөргө өтүп кеткен жок?

Мына биз бүгүн Тажикстан, Өзбекстан менен болгон чегара аймактарындагы талашка кабылып отурганыбыздын түбү да дал ошол Өлкө жана Мамлекет түшүнүгүн калыптандыра албай келгенибиздин кесепетинен болуп отурат. Казакстан менен чектешкен Сары-Өзөн-Чүйдүн канчалаган кең аянттары коңшулардын энчисине өтүп кеткени да дал ошол «Бийиӊ кылаӊ болсо, элиӊ ылаӊ болор» накылын аңдабай келген эл башыларыбыздын билимсиз, мурдунан алысты көрбөй келгенинен улам – биз бүгүн коңшулаш мамлекеттер менен чегара талашына чекит коё албай келебиз! Тарыхтан сабак албай келгенибиз ушул!

Андыктан Эмил Үмөталиевдин коңгуроо какканынын чоң себептери бар. Ошондуктан бул теманын тегерегинде тарыхчылар, окумуштуулар, саясатчылар, философтор арасында “РухЭш” сайты мындан ары “Уйкудагы улут” аталышындагы атайы талкууларды уюштурмакчы... О.э. бул макаланын соңундагы “Комментарий калтырыңыз” деген жерге өз пикириңиздер менен кенен бөлүшсөңүздөр да болот...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз