Геосаясат: Орусиянын этноулуттук баскынчылыгы башталды

Улуу Британияда РФ жарандыгын алууну оңойлотуу боюнча Кремлдин демилгесин талдаган жана анын коңшу өлкөлөргө тийгизчү зыянын изилдеген макала жарыкка чыкты.

Коргонуу боюнча изилдөөлөрдүн Бириккен Королдук институту Н Мелвиндин «Russia’s Policy of Passport Proliferation» аттуу макаласын жарыялады. Анда Кремлдин РФ жарандыгын алуу тартибин оңойлотуусу жана анын коңшулаш өлкөлөргө тийгизчү кесепеттери талданган.

Чүлүктөп алчу жери:

  • “РФ жарандыгы жөнүндөгү “мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн “демографиялык” багыты бар экени айкын болуп турганы менен, Кремлдин мындагы чыныгы максатына өлкөнүн болочоктогу аймактык тышкы саясатын элдердин тилдик бирдейлигине шарт түзүү аркылуу жүргүзүү кирет жана бул аркылуу коңшу өлкөлөрдө жашаган орус улутун (б.а. орус тилдүүлөрдү) колдоо идеясын өзүнө камтыйт. Башкача айтканда, Путиндин сунушу (эки илтик жарандуулук жөнүндөгү) боюнча аталган мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр коңшулаш өлкөлөрдө жашап жаткан Орусия жарандарын коргоо максатын жана алардын суранычы же талабы менен бул аймактарда күч колдонууга укуктук негиз түзүүнү көздөйт. Мындан улам РФ жарандыгына “ээлик кылгысы” келгендердин саны Орусиядан тышкаркы өлкөлөрдө 5тен 10 миллионго чейин көтөрүлөт.
  • Өзгөртүлгөн бул мыйзамды ийне-жибине чейин талдап жана тактап чыкканда; Орусия коңшу өлкөлөрдүн ички иштерине өз кийлигишүүсүн же аскердик коркунуч келтирүүсүн юридикалык жактан актап жана бекемдеп жатканы байкалат. Мындай аракеттерге укуктук негиз алууга өз мыйзамдарын тууралагысы келгени айдан ачык көрүнөт. Негизинен бул максатка умтулуулар иш жүзүндө Крымды аннексиялоодон жана Донбасстагы согуштан башталган. Ушул аймактардагыдай эле РФ мурдагы советтик өлкөлөрдөгү диаспораларды “паспорттоштуруу” аркылуу жарандык факторду өзүнүн геосаясый максаты үчүн колдонгусу келет. Чын-чынында Орусиянын тышкы саясаттагы мындай иштери башка өңдөгү аракеттери менен биргеликте отуз жылга жакын убакыттан бери ар кандай ыргакта жүргүзүлүп келет. Бул саясат көбүнчө Молдовада, Абхазияда жана Түштүк Осетиянын Цхинвал аймагында, Украинада ийгиликтүү ишке ашырылууда, ошондой эле мурдагы Советтик өлкөлөрдүн айрым бир жерлеринен тутана калган куралдуу кагылыштардан байкалып жүрөт.   
  • 2004-жылы “мекендештер менен мамилени чыңдоо” деген шылтоону таянып, “орус дүйнөсүн” кеңейтүү максатында Кремль Украинаны бутага алды. Ушул эле тымызын жана ачык жүргүзүлгөн улутчул саясатынын арты менен РФ Крымды аннекциялады, жергиликтүү орус улутун көкүтүү жана өзүнүн түздөн-түз катышуусу менен Донбасста согуш отун тутантты. Мунун баары этникалык “дооматтарды” коюу шылтоосу менен башка өлкөнүн мамлекеттик бүтүндүгүнө аскердик кийлигишүү аркылуу ишке ашырылды. 2014-жылдан баштап “Жаңыроссия” деген терминди колдонуу менен Орусия жетекчилиги мурунку Орус империясынын аймагын (азыркы түштүк-чыгыш Украина, дегеле бүткүл СССР аймагы) калыбына келтирүү каалоосун билдирип, аны ишке ашыруу далалатын жасай баштады. Буга саясый-укуктук негиз берүү үчүн дале болсо эл аралык тилдик жана этникалык биримдик боюнча укуктарды колдонуу менен аракеттенди. “Жаңыроссия” долбоору азыр токтоп турганы менен РФ дале болсо этникалык, тилдик негиздерди колдонуу менен өзүнүн орусташтыруучу тышкы саясатын мурунку Советтик өлкөлөрдө тымызын түрдө ийгиликтүү жүргүзүүдө.
  • Түз айтканда 2014-жылдан тарта Орусиянын этноулуттук баскынчылыгы башталды. Буга РФ мыйзамына жаңы категориядагы орус тилдүү адамдарды, көбүнчө аннекцияланган Крымдын элин жарандыкка кабыл алуу жараянын тездеткен өзгөртүү киргизилиши түрткү берди. 2019-жылы Кремль бул саясатын улантуу менен Киевдин көзөмөлүнөн чыккан Донбасстын элине РФ жарандыгын тастыктаган паспортту оңой жол менен алуу мүмкүнчүлүгүн берди. Мындан 270 миң украиналык пайдаланды. Ал эми 2020-жылдагы өзгөртүүлөр мындай паспорттоштуруу иш-чарасынын “географиясын” алда канча кеңейтти жана мурда СССР карамагына кирген республикалардын жарандарына эки илтик жарандык алуу (буга мурда РФ мыйзамдары жол берчү эмес) мүмкүнчүлүгүн берди.
  • В.Путиндин демилгеси менен “Жарандык жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизилиши орус жетекчилигинин тымызын жүргүзүлгөн тышкы баскынчылык саясатынын дагы бир кадамы болуп калды. Мындан улам атуулдары эки илтик жарандыкка ээ болгон мурдагы Советтик республикалардын көз карандысыздыгына доо кетире турган трансулуттуулукка укуктук негиз жаралды. Кремлдин тышкы саясатынын стратегиясындагы биз көргөзгөн элемент РФ кызыкчылыктарын тышкы аймактарда бекемдөө жараянындагы негизги күч болуп саналат. Ал эми Кремлдин орто мөөнөттүү планына РФ коңшуларынын мамлекеттик чек араларынын юридикалык “салмагын” төмөндөтүү жана бул өлкөлөрдүн тагдырына Орусиянын күч колдонгон аскердик кийлигишүүсүнө мыйзамдык негиз түзүү кирет.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Булак: https://infonavigator.com.ua/novosti/obedinennyj-korolevskoj-institut-oboronnyh-issledovanij-opublikoval-issledovanie-iniciativy-kremlya-po-uproshheniju-polucheniya-grazhdanstva-rf-i-ee-posledstvij-dlya-sosednih-s-rossiej-gosudarstv/?fbclid=IwAR1iGDGtfEOD48TLyJFX_S_678qH1d2OHowBKWJC4qhiPrUdMnCY8EkzLb0

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз