О`Шакир: Таажы тумоо

  • 04.04.2020
  • 5385

«Караңгы элдин молдосу капыр».
(Элдик экмет)

АҢГЕМЕ

Өлөсүң да өлөсүң, күйөсүң да күйөсүң... Кимге болмок эле, биздин элге. Ата-бабасы акылдуу элдер анык биздин калкка окшош болот окшобойбу. Түркөй, караңгы... чын тийбес чычалак. Күйгөнүңдөн; караңгы калк экенибизди айтсаң – чычалайт. Тилдейт. Каргап-шилейт. Улуу элдин урпагыбыз деп чамынат.

Анан ошол улуу элдин урпагынан чыккан элдин жосунун карап отурсаң, жакаңды уучтайсың: эс пештебейт экен, сабырын салбайт экен сыноого. Дүрбөлөң түшүп жатып калды. Мындайда дүйнө эли илимден айла болобу дейт экен. Окумуштуулардын оозун карайт экен, эмне айтат деп. А биздикилер молдонун оозун карап отуруп берди. Өлөсүң да өлөсүң, күйөсүң да күйөсүң. Молдокелердин дөдөмөлүнө ишенип түлөө өткөрүштү, курман чалышты... Эскиче!!! Апааттан эски – те караңгы доордун ырым-жырымы сактап калчудай...

Коронавирус деген балээ дүйнөгө дүрбөлөң түшүргөн кезде дөөдүрөгөн молдолорго кудай берип салды. Бирөөсү чыкты аңкоо элди жоошуткан:

– Короновирус бизге келбейт, – деди кебелбей. – Келсе ушул турган Кытайдан бизге келмек. Кырылып калмакпыз, – деди купшуңдап. – Бизде дават кылгандардын шыпаасы болгон үчүн келбейт, – деди какшанып.

Йе, даватчылыкты элге пропагандалоонун укмуш жолун тапкан экенсиң деп койдум мунусуна. Капсалаң каптап келатканда ушуну айтабы соо киши...

Акылы чолок чала молдонун бул ишараты караламан калкка – Алланын күчүн карагыла, коронавирусун капырларга каптатты дегенди туюнтту. Те жер түбүндөгү Батыштын элин кырып атат, капырларды кырып атат дегендей кыбасы канып турду, това. «Түфү» деп түңүлдүм, түгөткүргө... Адамзат башына келген апаатта ушинтип да табалайбы?!

«Коңшуңдун үйү өрттөнсө, сеникине да жетет» – дебеди акылы да, билими. Бирак билармандай бакылдаган. Билермансынган чала молдонун оозун тыйып коёр бийлик да жок экен мындайда.

Молдокелерибиз жалпы адамзатка аманчылыкты ыраа көрбөйбү дедим ошондо бир жакамды уучтап. Жер Эненин коюну ислам дининен бөлөктөргө буюрбашы керек деген кеппи? Молдокенин не деген пейили бу? Беш маал намаз окуган, элге диний баян жайылткан кишинин айта турган кебиби ушу? Ислам философиясына сыябы бу кеп?! Молдо эмес, шайтандын оозунан чыкчу кеппи ушу? Ислам ибадатын өзүмчүлдүккө үйрөткөнү кандай бу молдокенин? Башка диндеги адам баласына Алладан ырайым болбошу керекпи? Бу жагы кандай болуп калды...

Анысы ал дейли, кийинки жоругун айталы. Сауд Арабияда кичи ажыдан кайткандардын кээси таажы тумоосун жуктуруп алгандагы кабар желдей тарады элге. Баягы «Короновирус бизге келбейт» деген молдокебиздин Алласын оозунан түшүрчүдөй кеп болду мындай суук кабар. Алласын оозунан учурганы ушул: колуңарды спирт менен мынаминтип чайкасаңар оору жукпайт деген онлайн-видеосун жайылты кайбарың. Спиртке өзү жууду колун. Момун мусулмандарга баарын кылдырат да, молдокең. Бирак ушул спирттик кошулмасы бар суюктукту капырлар чыгарган деп айтпады. Күлөсүң да, күйөсүң. Өлөсүң да...

Баарынан да Меккеге каттоо мүшкүлүн жеңилдеткен кимдер? Аны оозанбайт селдечендериң. Илгери ыйык Меккеге эшек минип барчу экен, төө минип барчу экен куурап. Унаалык таппаганы жөө-жалаң каттачу дешет. А азырчы. Азыркы таксырлар самолёт менен гана каттайт ко. А самолётту ойлоп тапкан да капырлар экени мээлерине келбейт. Самолётко билет алган уучундагы доллары менен евросу капырлардын колунан жасалса да, анын убайымын мусулман баласы да, бузулган баласы да көрүп атыры.

Өз баянын интернет аркылуу момун мусулмандарга жайылтып онлайн-баян окуган молдокең ошол эле видеону чыгарар техниканы, интернетти капырлар ойлоп тапканын оозангысы жок. Капырлардын онлайн-видеосу аркылуу элге жылдызы жанганын моюндабайт молдокелериң. Бирак качан болсо момун мусулмандардын акыл аңына капырларды жаман көрсөтүүдөн жаагы талыбайт ко, чиркин. Дүйнөнү куруткан капырлар экенин какшайт да, какшайт. А капырларга канчалык күнүбүз түшүп калганын калыстык үчүн да айткысы жок эй.

Бир айтабызбы, миң айтабызбы, канча жаман көрбөйлү; адамзаадага капырлар ойлоп чыгарбаган эмне калды? Күнүмдүк тирлигибизде колдонгон буюм-тайымыбыздын канчасы капырлардын колунан чыкканын кантип танабыз...

Анысы ал болду. Анысы оозун жыйганча дагы бир артист чалыш молдоке чыкты, элди жоошутмакка:

– Алланын аскери, – атады анысы коронавирусту.

«Молдону шайтан коркутса – шариятта жок эрежени таап чыгат» болуп, коронавирус коркунучу айтпаганды айттырды ага даа. Сөөмөйү сөрөңдөп, мечитте сукбат курду узак. Куранга шылтаган тарыйкасы тайкы дөдөмөлдөрүн айтты. Алла жараткан вирус экенин айтты. Көрсө, Алланын «лабораториясы» бар турбайбы деп ойлоп калды мага окшогон кулпенделер. Алланын кылар иши ушубу деген ой кетет экен адам аткырга...

Алла-тааланын аскери деген коронавирусуң мусулман элдерине тийбейт деп жоошутмак болду эле, айтып оозун жыйганча Сауд Арабияда кичи ажылыкка баргандардан аты жаман ооруга чалдыккандар бар экени желдей тараганда, анысы ыйлап ийди Алласына жалбарып. Шаштысын алды анын даа.

Таажы тумоосу адам баласынын эч бирин тандабай тургандыгын, аёосуз кыргын саларын артист-молдо бир түн жаздыкка башын коюп уктап тургандын эртеси эле түшүнгөн шекилдүү... Кудайдын үйү деген мечиттеги жума намазга өзүнөн башка момун мусулман басып барбаганына үшү кайтканда; жалбарып жиберди жаратканга. Болгон кудурети – коронавирусту каргап-шилемиш болду...

Агер Алланын өзүнө жеткире турган шаты курулуп калса, Алланын алдына бармак окшойт буларың; капырларды кыргыла, биз эле калалы деп...

Үрөй үркүткөн таажы тумоосу дүйнөлүк падышага айланып чыга келди анан эле. Таажы вирусу падышанын да, кембагалдын да, мусулман, христиан, католик болсун, кимдин болбосун башын жутар апаат экени – адамзаадаңдын кудуретин заматта сынады ушинетип. А молдокелериң жели чыккан шардай быш деп отуруп берди.

«Караңгы элдин молдосу капыр» деген чын турбайбы деп калдым анан...

Бүгүнчө аңгеме кебим ушул. А сен не кылабыз дейсиң, аама. Не демек элем. Өлгөнүбүз өлөбүз, калганыбыз калабыз. Өлгөндөн калганыбыз Жер-Эненин жер бити болуп ичип-жеп, чычып жүрө беребиз – караңгы молдолордун оозун карап...

Апрель, 2020.

Комментарий калтырыңыз