Жазуучулар жазуучулук жөнүндө

  • 06.12.2023
  • 4160

Михаил Генин: Көп жазган жазуучу болуп саналбайт, чыгармасы көп окулган жазуучу гана жазуучу.

Девид Лоуренс: Жазуучуга ишенбе, чыгармасына ишен.

Макс Фринг: Жазуу – бул өзүн-өзү окуу.

Антон Чехов: Жазуучу көп жазуусу керек, бирок шашпоосу кажет.

Акутагава Рюносоке: Жазуучулук менен жай жашоо бири-бири менен келишкис нерсе, ким тынч жашоого умтулса, ал жазуучу болбой эле койгону оң.

Шарль де Монтескье: Башында чыгарма жазуучуну атактуу кылат, андан соң жазуучу чыгармаларын даңкка бөлөйт.

Феодор Достоевский: Жазуучунун эң жакшы сапаты жана эң чоң жөндөмү – жазганын жаратпай салганды билүүсү.

Илья Ильф: Окурман жазуучуну билбесе – бул жазуучунун күнөөсү.

Элуард Олби: Жазуучулук – бул башкарылган шизофрения оорусу.

Генрих Гейне: Александр Дюма өткөндөн уурдап учурду байытат.

Жюль Ренар: Чыгармасын эч ким окубаган, бирок калемгер катары баарына таанылган жазуучу – чыныгы көрүнүктүү жазуучу.

Александр Пушкин: Сынчылар эргүү менен кубанууну аралаштыра беришет.

Александр Герцен: Биз, жазуучулар дарыгер эмеспиз, биз оорубуз.

Михаил Зощенко: Мен кедейлердин акылы да, акчасы жеткидей кылып кыска жазам.

Эмиль Кроткий: Сөзүнө ишендире албаган жазуучу – начар жазуучу.

Гюстав Флобер: Эмнени жазбоону билген жазуучунун кадыр-баркы түшпөйт.

Жорж Санд: Биздин романдарыбызга караганда жашообуз романдарга көбүрөк окшош.

Вольтер: Өз чыгармачылыгыңа канчалык нааразы болсоң, окурмандарың сага ошончо ыраазы болот.

Эллен Гилкирст: Жазуучу биринчиден жасай турган аракет – кирешенин чыгармачылыктан башка булагын издөөсү.

Эдна Милли: Өз китебиңди чыгаруу – көрөрмандардын алдына өз ыктыярың менен дамбалсыз чыгуу.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

ПИШИ. ПРО ПИСАТЕЛЕЙ САЙТЫ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз